ИНДИРА ЖОЛДУБАЕВА ОТСТАВКАГА КЕТЕБИ?

Баш прокурор Индира Жолдубаева отставкага кетерин 28-январда «24.kg» маалымат агенттиги жазып чыкты.
Керек болсо Индира айым бир ай мурун жумуштан кетүү боюнча арыз жазганы айтылууда. Бирок Башкы прокуратура толугу менен бул сөздөрдү четке какты. «Башкы прокурордун кызматтан кетүү боюнча планы бүгүн да, бир ай мурун да болгон эмес. «Индира Жолдубаеванын өзүнөн маалымат алуу мүмкүн эмес болууда» деген маалымат да ойдон чыгарылган»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бул кызматка Индира Жолдубаева 2015-жылдын январь айында, мурунку баш прокурор Аида Салянованын чуулгандуу отставкасынан кийин келген.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
advokat.nur
2016-02-01 10:27:20
Депутаттарыбыздын иштери билинип калатта кетпесе.
+2
edu.kg.
2016-02-01 10:34:51
Бизде кубур шыбырдын баары чын болуп чыкчу эле... Негизи эч кандай жарытаарлык иштей албады окшойт. Жогорку жактын айтканынан чыгалбады...
+3
tabyshmak
2016-02-01 11:25:04
Кыззык эле аа тообо!.. Ишти баштабай туруп отставкаге кетээри. Макул, кетсе кетсин. Эл каршы деле болбойт. Болгону чондор гана ары-бери болушпаса. Баса бир жылдык отчетун бере алат бекен?
0
niet
2016-02-01 12:04:51
ой бул кетпейт азыр жон эле ушак болсо керек,Саяновачалык иштеген деле жок го Атамбаев турганда кайда кетет
+2
asad345
2016-02-01 14:13:48
Турмушка чыкса жакшы болмок , накта аялдык бакытты тапмак, суйкумдуу жузун интернеттен коруп скутанып гана отура берем
+3
strangergirl
2016-02-01 14:22:18
кетсе кете берсин, чынында Саляновадай иштеген жок, кайра депутаттардын айыбын чукуп алардын кадырын тушурбош керек дегенде оозум ачылган, бул айымдын ою боюнча карапайым эл тоок учун да, 50 сом учун да килтейген жаза алыш керек, ал эми чондор соройун миллиондоп жесе да кадыры тушпош керек, мен отставкасын эки кол, эки бутум мн колдойм....
+17
jama9210
2016-02-01 14:33:05
Кетсе кетсин. Аида Салянова кайра келсе соонун болмок))
+4
Pantherka
2016-02-01 15:01:41
Жондоп деле иштеген жок,келип эле Салянованын кишисин кармады болду заказ бергендей.
+2
kama_future_millioner
2016-02-01 18:16:38
Бир себеби бардырдаа эмесе жылуу жумшак жерден ким эле кеткис келсин))))
0
Abdyrashit.Satylganov
2016-02-02 10:06:38
Мен оюумча туура кылат. Кичине кыргызчаны тагыраак сүйлөгөн адамды койгулачы.Кайсыл жерге бара кош тил деп орусча жыйнтык ж.б. Кыргыз тилдин тагдырын киригиздер талкалап жатат.
+3
boss1991
2016-02-02 10:35:50
биззде прокуратураны жоюш керек, антпесе текшеруунун, коркутуунун куралына аландыбугунку кундо
-2
zara-919
2016-02-02 11:44:14
муну да жон иштетпей атса керек да жогору жактагылар.. бирок баш прокурорго татыксыз болчу. кыргыз тилди уйронуп бышып калганда келсин кайра ..
-2
AZIK01
2016-02-02 20:45:41
ХХХ жакшы болмок.
0
admin_superstan
2016-02-03 10:37:52
AZIK01,
Азырынча оозеки эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
mergen4i
2016-02-06 02:25:36
Буюрса Кыргызстан оңолот,мага ишенип койгула алтындарым))))))))))))))))
+1
dani2014
2016-02-06 11:32:30
Сулуу экен
0
№ 691, 29-январь-4-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан