– Менин кышкы каникулум эӊ сонун өттү! 7-классымда география сабагына болгон кызыгуум Океания архипелагдарына (Сингапур, Малайзия, Индонезия жана башка өлкөлөргө) баруу кыялымды жараткан. Мына ошентип Сингапурдун аэропортунда аз убакыт болуп, Малайзияда 7 күн жүрүп кыялым орундалды.
Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурдун кооздугу, жашылдыгы, тазалыгы жана заманбап стилдеги курулуштары, өзгөчө мечити эсимде калды. Көчөлөрүндө бир да таштанды жок. Себеби аларга ушинтип башынан тарбия беришет жана мыйзамды өз кызыкчылыктарынан биринчи койгонго көндүрөт экен. Ичим ачышканы – бизге деле үйрөтүшөт, бирок эмнеге шаарларыбыз таза эмес? Аэропорттон келе жатып ар бир метр сайын бак-дарактарды, гүлдөрдү жана пальма плантацияларын көрдүм. Жадакалса аэропорттун ичинде да кичи токой өстүрүлгөн. Пальма майын көп өндүргөндүктөн плантацияларды кемирүүчүлөрдөн сактоо жолун жакшы ойлоп табышыптыр. Токойдон үкүлөрдү алып келип, плантацияларга уя салып беришет. Ушундай табигый жол менен үкүлөр кемирүүчүлөрдү жок кылышат экен.
Лангкави аралынан асма аркан жолу аркылуу бийик тоого чыктык. Тоонун башынан арал толук көрүндү, атүгүл Таиланддын аралдарын да көрө алдык. Тоолордо жана ачык деӊизде саякаттап бир башкача сезимге туш болдум! Ал аралдагы үӊкүргө кирдик, ичинде көптөгөн жарганаттар жана сталактиттер бар экен. Мага жаӊылык болгону, жарганаттар ал жерде аарылардын ролун ойношот. Алар бак-дарактардагы мөмө-жемиштерди чаӊдаштырышат экен. Өмүрүмдө биринчи жолу маймылдарды көрдүм. Биз аларга тамашалап кыйкырып жаттык, алар болсо бизге жооп кайтарып кыйкырышты, керек болсо агрессиясын да көрсөтүштү. Балдар болуп деӊизге түшүп аябай жыргадык.
Кийинки күнү Малайзиянын атактуу мектебине бардык. Бизди президенттердей салтанаттуу, музыкалык хор менен тосуп алышты. Жаш болсок да чоӊ жоопкерчилик жүктөлгөн балдар экенибизди сезип кубандык. Мектептин билим берүү тармагы биздикинен айырмаланып, жакшы жана орто окугандарды өзүнчө класстарга бөлүп окутуп, жакшы окугандарга кошумча сабактарды жана көбүрөөк тапшырмаларды берип, алардын потенциалын өстүрүшөт экен. Балким, бул дагы алар үчүн кандайдыр бир өнүгүүнүн жолудур.
Жети күндүн ичинде сейил бактарга, ачык деӊизге, океанариумга, концертке бардык, дүкөндөрүнөн шоппинг кылып, акча жоготконго да үлгүрдүм. Бирок малай элинин маданияттуулугунан, тартиптүүлүгүнөн акчам кайра табылды. Дүкөнчү артымдан келип унутуп калган баштыгымды, капчыгымды кайтарып берди. Мен рахмат айттым. Эртеси ошол дүкөнгө кайра барып, үйдөгүлөргө, туугандарыма, мугалимдериме сувенирлерди сатып алдым.
Малайзияда өткөргөн жети күн менин жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү. Англис тилине маани бербей жүрдүм эле, эми болгон кызыгуум менен окуй баштадым. Келечекте Малайзияга барып жогорку билим алууну максат кылдым. Канчалык кичи пейил, сылык сүйлөп жана ачык маанайда болсом, мага да айлана-чөйрө ачык жана жакшы маанайда жооп берерин түшүндүм. Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султановго, мени татыктуу деп тандап алган «Супер-Инфо» гезитинин жамаатына, Шайиста эжеге дагы бир жолу тереӊ ыраазычылык билдирем жана Кылычбек байкенин үмүтүн актоого колумдан келишинче аракет кылам.