«ПЛОМБАСЫ ЖОК ДЕП ИШТЕБЕГЕН ҮЙ ЖЫЛЫТКЫЧ ҮЧҮН АЙЫП ПУЛ САЛЫП КЕТИШТИ»

Күнүмдүк тиричиликке байланышкан же болбосо чечүү кыйынга турган үй-бүлө маселелери адамды туӊгуюкка такап, чайналган учурлар болот. Көбүнчөсү мыйзам чегиндеги чечимди талап кылгандыктан, окурмандардын суроолоруна Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.

– Үйүмдө колго жасалган үй жылытуучу батарея бар. Электриктер келип, «пломбасы жок экен» деп 5500 сом айып пул салып кетишти. Айып пулду төлөдүм, бирок пломба басып беришкен да жок. Ал батарея иштебей эле турат. Анын үстүнө ал үйдүн мурунку ээсиники болчу. Электриктер дагы келип пломбасы жок экен деп айып пул салышпайбы ? Андай нерселерге пломбаны ким жана эмненин негизинде басып бериши керек?

Нуржан, Сокулук району

– Сиз «Түндүк электр» ААКсына тез арада пломба бас­тыруу үчүн арыз менен кайрылышыӊыз керек. Себеби сиздин үй жылытуучу ба­тареяӊыз иштебесе жана оӊ­доого жатпаса да тек­ше­рүү­чү кайрадан келип айып пул салууга укуктуу жана милдеттүү.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан