ЭРКЕКТЕРДИН ЭСИН КЕТИРЧҮ КЫЗ КЫЛЫКТАРЫ

Айымдар аял катары өзүнө жаккан эркектин алдында сексуалдуу, сулуу көрүнүүгө аракет кылат. Жасанып-түзөнүп эркектин көңүлүн алда кайда учургусу келет. Мына ушундай жол менен кыздар өздөрүн сулуу, тыкан алып жүрөбүз деп ойлошот. Бирок эркектин көзү менен карап көргөндөчү... Көрсө, мырзалардын көзү менен кыпкызыл ооз боёгуч, ачык-чачык ич кийим, моймолжуган көз караш сексуалдуу эмес экен. Эркектердин эсин кетирген жагдайлар такыр башка нерселер...

КЕРИЛҮҮ
Мисалы, эртеден кечке компьютердин алдында отурасыз. Бир калыпта манжаларыңыздын учу менен клавиатура баскылап отура бергенде, төшөктөн жаңы турганда сөз жок дене талыкшып уюп калат. Анан эмне кыласыз? Албетте, колдоруңузду, денеңизди ары-бери чоюп керилесиз. Үйдө болсоңуз мышыкчасынан жата калып да керилмексиз. Бул учурда жаныңыздагы эркек сөзсүз башкача көз кырын салат.



ПОЗАНЫ ӨЗГӨРТҮҮ
Отурган жерден позаны өзгөртүү. Мисалы, кыздардын жөн гана эки бутун жерге бирдей коюп отуруп, анан кайчылаштырып алганы да жигиттерди денесине кумурска жыбырап кеткендей абалга алып келет. Андыктан кыздардын кулагына күмүш сырга, керектүү учурда мурунку позаны андан да сексуалдууга алмаштырсаңыз, ыргыта албай жүргөн чылбырды дал дарегине жеткирдим дей бериңиз.


БЕЙСБОЛКА
Эгер сиз спорт сүйүүчүсү, кайсы бир команданын күйөрманы болсоңуз, сизде сөзсүз бейсболка бар. Анткени күйөрман катары өзүңүзгө жаккан команданы сүрөгөнү спорт майданына барып жүрөсүз. Спорттук кийимди көпчүлүк кыздар кийишет. Бирок бейсболка кийген кыздар эркектерди жок дегенде бир жолу кылчайтып кароого аргасыз кылышат.


МУЗЫКАЛЫК АСПАП
Бул өтө кызык. Аспаптын кайсы түрү экени мааниге ээ эмес, кыскасы, кандай болбосун колуна музыкалык аспап кармаган кыз эркекти өзүнө тартат. Көзүнө ал кыз жагымдуу, сулуу көрүнөт.

ТАРАЛБАЙ САКСАЙГАН ЧАЧ
Ооба, ооба, сиз туура эле окудуңуз, таралбай саксайган чачыңыз сексуалдуу көрүнөт. Чачыңыздын ар бир талына убакыт коротуп эң кооз чач жасалгалуу болуп жолугушууга чыксаңыз, кээде ал эмгегиңиз эсепке алынбай калышы мүмкүн. Таралбай саксайган чач дагы эркектердин делебесин козгой алат.


ЖУКА КЕЗДЕМЕДЕН ТИГИЛГЕН РУБАШКА
Жука кездемеден тигилген узун рубашкаларды жылаңач денеге кийүү да ар бир эркектин шаштысын кетирет. Мындай учурда кыз туура эмес кылык-жоруктарды жасап жиберүүдөн абайлашы керек. Болбосо жука рубашка сексуалдык магиясын жоготот.

ТЕР
Машыгуучу залга барып жүргөн эркектер бул жагдайды жон териси менен сезе алышат. Алар мындай учурга көп кабылышат, балким, “тер айымдардын сексуалдуулугун арттырат турбайбы” деп ойлонуша элек. Бирок айымдардын терден улам сууланып, жылтырап чыккан денеси, чекесинен чыпылдап аккан тери эркектердин эсин эки кылат.

Астра Айдарова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (102)
gamster
2016-04-01 04:53:30
Ээ адамдар. Кобу муну туура эмес тушунуп алган го сыягы. Мындай болушу мумкун. чындыгы бар. Эркек катары айтып жатам. Коп эжелерибиз буга ишенишбептир. Коментарийлердин кобун эле жаш бала жазгандайго. Тушунугу жетпегендер кирип жазбай эле койсонор болбойбу. Бул жерде ошондой болуп кочодо жур деп жазылбаган. Бир эле адамдын алдында мындай кылыктарды жасасанар болот. Даже мындан да коп ойго келбеген нерселерди. Аа. Бир да эркекке жагынууга аракет кылбайм деген туура эмес.
+4
owtu
2016-04-01 16:37:08
nege menin dobuw beruugo ukugum jok
+1
elmurat.kg
2016-04-02 14:31:07
каяка ооп баратабыз капырлардын жолун жолдоп бизди мындайда ким мусулман дейт..
-3
elmurat.kg
2016-04-02 14:32:04
же капыр эмеспиз же мусулман эмеспиз...
-1
elmurat.kg
2016-04-02 14:33:47
эркектердин оюн бурганы санын корунуп турса ошо жаман эритет эркекти
-2
aijan
2016-04-02 15:51:41
Ашкере жасалмаланбай, озуно жарашкандай жасоо керек го, бул жерде жазылганы болобу, башкасы болобу. Бирок минтип корунгондун козунчо эле кылыктанбаса керек кыздар. Жакын адамы, жолдошунун козунчо гана ушинтпесе, кыргыз келиндеринин жука кийинип алып жамбашын тысырайтып кайын ата- эненин бешенесинде жумуш жасаганын айтпасак деле уят го)))
0
KursKG
2016-04-03 04:15:42
Эми эркектин абалына карайт, эгерде эркек чанкап турган абалда болгон болсо любой аял эритет,сандары корунуп турса ох,ох,ох.
0
umka87
2016-04-04 00:29:20
элестетсенер-чачы саксайып бейсболкачан,жука койнок кийип,колуна кыяк кармап,сасып тердеп тепчип кериле чыга калсан эле жолдошунун точно эсин эки кыласын да
0
muni5
2016-04-06 16:42:13
Мындай нерселердин уй булоонун сакталып калышы учун бир аз болсо да салымы бар деп ойлойм. Эркектер аялында жок болсо башкадан издей башташат турбайбы
0
Paiaz
2016-04-23 08:42:49
Кыз бала тыкан таза болсо ошондо жакшы болот нике менен болгон аялын баарынан сулуу болот
0
sumaya16
2016-04-25 17:08:47
Ошондой да болмок беле мен кошулбайм мисалы
0
samira8589
2016-05-13 10:55:09
Бул маалыматтар интернеттен алынган,андыктан биздин эркектердин мүнөзүнө туура келбеши мүмкүн,батыштын эркектеринин көз карашынан алынган да
0
aibiyke.bolotbekova
2016-06-07 00:24:14
kandai tuwunugu joktor tooba ech kim kochodo je uido degen jokgo kuioosunun aldynda (uktoochu bolmodo)
0
Chooopa91
2017-05-05 17:30:42
Абдан кызыктуу экен)
0
kyrgyz_jigitsh
2017-05-08 08:18:25
Bul keneshter kuioogo tiygen kyzdarga gana
0
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан