Чын эле, ким сексуалдуу, арыктарбы же plus size өлчөмүндөгүлөрбү? Ооба, бул боюнча көп эле талашып-тартышып келебиз. Бирок бул суроонун жообун адистер эбак эле изилдеп чыгышкан. Көрсө, ар бирибиздин келбетибиздин өзүнчө артыкчылыктары бар экен.
ЖАМБАШЫ ЧОҢДОР
Оксфорддун иликтөөчүлөрү «айымдардын жамбашы канчалык чоң болсо, ден соолукка ошончолук пайдасы бар» дешет. Чоң жамбаш организмдеги холестериндин көбөйүп кетишин жөнгө салып, диабет оорусунун алдын алып турат. Бели ичке, жамбашы чоң айымдарды «келбети алмуруттай» деп коюшат. Мындай келбет организмдеги гормондордун, дененин тең салмактыгын жана тамакка болгон табитти жөнгө салып турат. Демек, булар тамакты коркпой эле көптөн жей берсе болот.
Төшөк жаатына келсек, жамбаштуу айымдар үчүн төшөк ырахаты биринчи орунда эмес. Алар карьерасын жогору коюп, жашоонун башка ырахатына көп көңүл бурушпайт. Бирок ыңгайлуу жайда, романтикалык маанайда төшөк кумарына батуудан баш тартпайт. Мындай айымдар түгөйүнө өтө туруктуу келишет экен.
БУТУ УЗУН АЙЫМДАР
Адатта эркектерге буту узун кыздар көбүрөөк жагат деп ойлойбуз. Польшадагы Вроцлав университетинин адистери бул жаатта изилдөөлөрдү жүргүзүп, «кыздардын узун буту – жакшы ден соолуктун кабарчысы. Мындай кыздар бала кезинде жакшы тамактанып, бою менен кошо буту да өсүп отурган (же узун болуу генинде бар). Ден соолугу чың айымдардан саламаттыгы жакшы балдар туулат» деген жыйынтыкка келишкен.
Ал эми узун буттуу кыздарды жакшы көргөн эркектерден себебин сурашканда алардын көпчүлүгү «төшөктө моюнга асып алууга жакшы», «узун буттуулардан бою узун балдар төрөлөт», «катар басканда эл аялыңа суктана карашат» дегендей жоопторду беришкен.
Менин бутум кыска деп капа болуп калдыңызбы? Капа болбоңуз. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, кыска буттуулардын сөөгү катуу болот. Демек, бул сөөктүн жарака кетүүсүнө жана сынып калуусуна көп жол бербейт. Андан сырткары буттун остеопороз оорусу менен да аз оорушат.
САНЫ ЖООНДОР
Эркектердин көпчүлүгү «жоон сандуулар сексуалдуу көрүнөт» деп суктанып карашат. Алардын бул оюн Улуу Британиядагы Лидса университетинин адистери да колдошуп, өз изилдөөлөрүндө «саны жоон айымдар эркекти төшөккө бат тартат жана өзгөчө фантазияга ээ» деп аныкташкан. Ал эми ичке сандуу аялдардан оорукчан балдар төрөлөрүн Саутхэмптон университетинин иликтөөчүлөрү далилдешкен. Ичке сандуу айымдар сүт безиндеги рак оорусу менен 3 эсе көп оорушат. Буга организмдеги эстроген гормону түздөн-түз таасирин тийгизет. Белгилүү болгондой, организмде мындай гормондордун көп өлчөмдө болушу айымдардын келбетин көркүнө чыгарганы менен, ушундай ооруга алып келет дешет.
АШЫКЧА САЛМАК
Толук адамдар менен төшөк ырахатына батуу да бир канча маселелердин келип чыгышын шарттайт. Эркек өтө толук болсо, көпкө «иштей» албай энтигип калат. Ал эми аялдар толук денесинен уялып жатып, ырахат алалбай калышат деп ойлойбуз. Көрсө, толук адамдар сексуалдуу болушат экен. Муну «Нобель» сыйлыгынын лауреаты, америкалык генетик Жеймс Уотсон өз изилдөөсүнүн негизинде «толук аялдар арыктарга караганда төшөктө жакшы кумарга батышат. Кандагы эндорфин (бакыт гормону) кишинин салмагына жараша болот» деп ишенимдүү айткан.
САЛМАКТЫН АЗДЫГЫ
Эгер организмиң «бакыт гормонун» аз бөлүп чыгарса, анда сен үчүн башка жагымдуу жаңылык бар. Батыш Шотландия университетинин илимпоздору эркектер арык айымдарга көбүрөөк ырахат тартуулашат дешет.
Астра Айдарова
erotika@super.kg