«СОТ АКЧАБЫЗДЫ ӨНДҮРҮП БЕРЕ АЛАБЫ?»

Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.

– 5 жыл мурун жер алуу максатында жолдошумдун досунун атасына 3500 доллар тил кат жаздырбай эле берген элек. Эптеп чогулткан акчабыз болчу, ала албай кыйналып жатабыз. Булар үй-бүлөсү менен алдамчы экен, «акчаны же жерди бериңиз» десек ар кайсы шылтоону айтып жатат. Тил кат жок болгону менен, күйөөмдүн акча берип жатканын көргөн бир күбө бар. Сотко кайрылсак акчабызды өндүрүп бере алабы?

Жанна, Бишкек шаары

– Тил кат жок сотко кайрыла албайсыз, күбө дагы жардам бере албайт. Кыргыз Республикасынын 166-беренесине таянып орган кызматкерлерине кайрылууга болот. «Алдоо жолу менен бирөөнүн мүлкүнө ээ болуу» деген берене менен жоопко тартылат.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан