ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ОШТУК ЭЛДИЯР, КАЙДАСЫҢ?»
– Мындан 7 жыл мурун Бишкек шаарындагы Юридикалык академияда чогуу окуган Элдияр аттуу жигитти издейм. Ал 1987-жылы Ош облусунда туулган. Акыркы жолу 2 жыл мурун Бишкектен жолугуп калдык. Андан кийин байланыша албай калдым. Элдияр, окуп калсаң байланышып койчу.

Ала-Букалык Гүлүмай. Т.: 0772 40 74 15

«БАЗАРБЕКТИ ТУУГАНДАРЫ ИЗДЕЙТ»
– Мен, Исмаил Шайбеков, жергиликтүү кеңештин депутаты болом. Биздин айылдын дайынсыз бир тургунун сиздер аркылуу издөөнү туура көрдүм. Бир тууган агасынын айтымында, Нуралиев Базарбек Долоевич Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Салам-Алик айылында 1966-жылы 15-декабрда туулган. 2004-жылы 10-февралда Орусиянын Челябинск шаарына иштеп келем деп кеткен. Үч жыл туугандары менен кабарлашып турган. Кийин ал документтерин жоготуп жибергенин туугандары угушуптур. Ошол боюнча дайынсыз болууда. Эгер Базарбекти көрүп-билгендер болсо сөзсүз кабарлап коюуңуздарды өтүнөм. Туугандары күтүп жатышат.

Т.: 0772 86 30 86, 0556 86 48 86

 

«ЖЕҢЕМ АТЫРКҮЛДҮ ИЗДЕЙМ»
– Агам Сайпидин Калчаевдин үй-бүлөсүн издеп жатам. Агам өзү каза болуп калган. Ал эми жеңемдин аты Атыркүл, кыздары Анара, Динара Калчаевалар жана уулунун аты Болот Калчаев. Болот Бишкекте иштейт деп уккам. Билгендер болсо же өзүңөр окуп калсаңар байланышкыла. Эжеңер Калчаева Зуура Шамшиевна, Ош облусу, Өзгөн району, Жыл-Алды айылы.

Т.: 0778 34 51 86, 0778 58 89 43

 

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aisuluu160790
2016-04-30 13:35:52
Умут шооласы очпосун достор.
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан