Кенже Дүйшеева: «ҮЙ-БҮЛӨМ ТУУРАЛУУ АЙТКАНДАН ЧОЧУЛАП КАЛДЫМ»

Кыргыз шоу-бизнесинде тарсылдаган, анча-мынча эркектен кем калышпай иштеп, чечим чыгарган мырза мүнөз Кенже Дүйшеева деген ырчы бар. Анын сахнада жүргөнүнө быйыл 20 жыл болот экен. «20 жылда кандай гана чыгармачылыктын оор түйшүгүнө чыдабадым, мына ошол жоопкерчилик, айрым бут тосуулар мени чыйралтты, күчтүү кылды»,- дейт ырчы.

– Кенже эже, саламатсызбы? Жаз ортолоп, жайдын жыты келе баштады, жаздын мелүүн абасы маанайыңызга таасирин тийгизип жатабы?
– Кандайсыңар, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы окурмандарды келе жаткан жана өтүп кеткен жаз айындагы майрамдары менен куттуктайм. Өзүм боюнча айтсам, жыл мезгили чыгармачыл адамдарга өтө чоң таасирин тийгизет. Мисалы, мага күз мезгили картайгандын белгиси болсо, кышында баары чээнде жаткандай сезиле берет. Чыгармачылык эргүүнү жаз менен жайдан алам. Азыр да ошол эргүүнүн арты менен иштейм, ырдайм, клип тартам, концерт коём деп чыйралып турган убагым. Май айынан тартып түштүк жергесинде «Жебе» тобу менен концертимди берем. Буюрса, кыздардан түзүлгөн топ ачсамбы деп турам. Жакында эле өзүмдүн чыгармачылык кеңсемдин ачылышын кылдык, буюрса, ушул экөөбүз отурган кеңседен кыргыз элине кызмат кылган көптөгөн таланттар чыгат деп тилек кылып жатам.

– Бизге мындан бир жыл мурун маек берген элеңиз, андан бери жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
– Жакшылык менен жамандык эриш-аркак жүрөт деген чын окшойт. Былтыр күзүндө кайненем кайтыш болуп, биздин үй-бүлө чоң азаны башынан өткөргөн. Кайненем ыраматылык гүлгө аябай жакын жан эле, Алматыдагы үйүбүздө гүлдөрүн укмуш карачу. Бишкекте бир жумадай жүргөндө эле «ий, байкуш кайненемдин гүлдөрү соолуп калбады бекен» деп кабатыр боло берем. Кайненем каза болгондон кийин өзүнүн жакшы көргөн гүлү бар эле, ошол соолуп калды, ошондо «мен гүлдөрдү кайненемдей карай албай койдум окшойт» деп өзүмдү аябай күнөөлүү сездим. Ал эми жакшылыктардан «Жебе» тобундагы Самат үйлөнүп, келиндүү болуп колум узарып калды. Жакшы турбайбы, концерт, тойлор болгондо аларды тургуза албай эле кыйналчу элем, азыр келиниме чалып койсом болду, тургузуп, кийинтип, баарын даярдап коёт. Анан да жакында берчү концертимде кызым Томирис экөөбүз дуэт даярдап жатабыз, бул дагы мен үчүн маанилүү окуя. Кызым өзү ырдайм деп умтулуп жатат, бала да, каалоосун аткарып коёюнчу деп каршы болгон жокмун.

– Жолдошуңуз казак улутундагы мырза, Алматыда үйүңүздөр да бар экен, келечекте биротоло Казакстанда жашап калышыңыз мүмкүнбү?
– Мени кетире албай жүргөндөр эрте сүйүнбөй турсун. Турмушка чыгып үйдө отуруп калганда кайната, кайненем «Кенже, ырдай албай калгыча ырда, чыгармачылыгыңды улант» деп «добро» беришкен. Бирок кызымды атасы Казакстанда окутам деген ойлору бар. Акыры барар жерибиз ошол өлкө да, албетте, кийинчерээк мен ырчылыкты таштаганда биротоло Казакстанга кетебиз. Учурда аптанын башында Алматыда болсок, жуманын аягында Кыргызстандабыз.

– Интернетте Айжамал Кабылованын ажырашуусуна сизди күнөөлүү деп эсептегендер чыгып жатат. Буга жообуңуз кандай?
– Бул окуя мага да оор тийди.Анткени Азаматты да, Айжамалды да жакшы билем. Айжамалдын ажырашканын гезиттен окуп билдим. Мындан бир жыл мурун «АГК» тобу менен гастролдоп концерт уюштуруп жүргөм. Бирибиздин балабыз ооруйт, экинчибиз өзүбүз ооруп калабыз, үчүнчүсү жумуштары менен бошобой, аймактардагы концертке толук курам менен бара албай үзгүлтүккө учурап калган күндөр болду. Мага деле элден нааразычылык уга берген аброй алып келбейт да. Ошол эле айылга мен «Жебе» тобу менен барам, анан алардын бетин кантип карайм? Анан «кой, кыздар, ар кимибиз өз алдыбызча иштейли» деп сунуш киргизип, жалгыздан иштөөнү туура көргөм. Ал эми Айжамал менен Азамат экөө тең кызуу кандуулук, жаштык кылып жатышат. 1-2 жылдан кийин экөө табышып калышса, сөз кылып жаткандардын сөзү асманга желдей учуп жок болот.

– Экөөнү жараштырганга аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бирөөнүн үй-бүлөсү бирөөгө караңгы токой, ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн саясаты бар. Азаматты иним, Айжамалды сиңдим катары жакшы көрөм. Экөөнө тең тартпайм. Азыр мен да бул окуяга байланыштуу өзүмө келе албай отурам. Ушундай учурда акыл үйрөткөндөр көп болот. Колдон келсе мындай окуяны коомчулукка жарыялабай эле коюшса болмок. Жараштыра турган адам коомчулукка жарыялабай эле жараштырып коёт. Бул жерде өз кызыкчылыктар көбүрөөк роль ойноп жатат.

– Чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кете албай үй-бүлөсү ураган мисалдар көп, ушундай окуялардан кийин өзүңүз үчүн кооптонбой элесизби?
– Мен гезит беттерине үй-бүлө, эки адамдын ортосундагы мамиле тууралуу көп айта бербеш керек экен деген тыянакка келдим. Көз тиет деген бар. «Бакыт тынчтыкты сүйөт» деп коюшат эмеспи, тынч эле өзүң үчүн бактылуу болсоң жетиштүү экен. Кудайга шүгүр, жолдошум чыгармачылыктагы мага шык берген, колдоо көрсөткөн башкы адамым. Ал мени түшүнүп, таянычым болуп жүргөндүктөн мен Кенже болуп турам.

– Мүнөзүңүз мырзалардыкындай, мындан улам айрымдарда «үй-бүлөсүн деле Кенже башкарат» деген ойлор жаралат болуш керек?
– Жумушта мен тарсылдаган, талапты катуу койгон адаммын. Бирок үйдүн босогосун аттаганда ал эркекке окшогон Кенжени сыртка таштап келем. Мага үй кызматчы жалдап, аны эки жакка жумшай берген жакпайт. Керек болсо өзүм эле кир жууп, камыр жууруп, тамактын түрүн жасап коём. Жетишпей баратканда эле сиңдилерим жардамга келет. Жолдошум сиңдилерим жасаган тамак менен мен жасаган тамакты кадимкидей айырмалап «баары бир Кенженин тамагына жетпептир» деп аларды чычалата берет. Чынында, канча тамак жасабайын даамынан эле меники экенин билет.


"Томиристин демөөрчүсү – атасы, кызымдын ырдайм дегенин атасы да колдоп жатат".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кенже Дүйшеева: "Жолдошумдун бир сөзү менен арыктадым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (61)
fanatka19
2016-04-26 16:07:46
Кенже эже ийгиликтер болсун.Айжамал м.н эмнеге байланышпай калгансыз деп суроо берилбей калыптыр да.)
+1
admin_superstan
2016-04-26 17:02:27
bellacvetochek, далилсиз бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат. Эскертүү!
+1
admin_superstan
2016-04-26 17:03:07
bellacvetochek, темадан сырт билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
+1
feruza86
2016-04-26 18:04:07
мактанбайм деп атып эле мактанып салыптырго
+2
feruza86
2016-04-26 18:09:11
Кечиримдуу адам болсон Гулшайыр эжеден кечирим сурасан болмок ото эле озунду умный корсотупсун.
0
Amanbaeva_Gulnar
2016-04-26 20:04:54
Коп созун Гулшайыр эжеге багыттаптыр, эмки санда Гулшайыр эже комментарий берсе керек
+1
basyz-kaman
2016-04-26 20:13:52
Кенже Дуйшеевага уй-булоолук бакыт каалайм! Кенже Дуйшееваны мактагандарга жакпадыны жамандагандарга жактыны баскан адам мага дагы басып кой жакпадыны))
0
nagima.555
2016-04-27 00:07:50
Адам баласы ушул да Гулшайыр эже болбосо ХХХ ХХХ, апасындай аялга эрегишкени эн туура эмес ,ал деле суйлосо оюнан чыгарбаган чыгаар болгонун айтса керек.
+3
admin_superstan
2016-04-27 11:12:29
nagima.555, akuna.matata, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
+1
vangolu
2016-04-27 04:38:29
ушул аял деги эле жакпайт
+6
zarifa_love
2016-04-27 08:27:14
эн сонун маек
-3
aziza
2016-04-27 17:33:17
Кенже эже бактылуу болунуз ар дайым!
-1
akaichik
2016-04-28 11:30:35
Концерт койдук, концерт койом деп эле жатат. Каяка концерт койуп жатканы белгисиз. Нарын тарапка деле келбейби королу концертин.
+5
Surena
2016-04-28 13:46:07
Соз байлыгы кенен мен ойлонгуча Кенже эже суйлоп бутот болуш керек
-4
Alina72
2016-04-28 23:11:55
Менимче Кенже ушул кадыр баркын озунун мандай тери м-н тапты.Кыйынды кыйын эле деш керек.
0
bellacvetochek
2016-06-13 01:52:08
Айжамалдын ажырашуусуна ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-06-13 09:12:15
bellacvetochek,негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан