Элибиз билимдүү жаштардан уучу куру эмес. "Кыргызстанга уникалдуу көпүрө куруп, Бишкек-Ош жолун кыскартса болот",- дейт жаш архитектор Алтынбек Бузурманов. Анын айтымында, эгерде мамлекет бул долбоорду ишке ашыра алса, бул көпүрө өлкөдөгү эң көрүнүктүү архитектуралык курулуш катары бааланышы мүмкүн.
– Салам, Алтынбек! Аталган долбоор тууралуу кененирээк айтып берсең...
– Салам. Бул долбоорду КМКТАУну бүтүрүп жатканда дипломдук иш катары жасап чыккам. Студент кезимде президенттик стипендия алып жатканда Кыргызстанга кереги тийген архитектуралык курулуш иштеп чыгам деген максат койгон элем. Аны 3 жылдан кийин ишке ашырдым. Бул Бишкек-Ош жолундагы Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент-Үч-Терек айылдарын кошуучу ванттык конструкциядагы көпүрө. Жалпы узундугу 3 чакырым, туурасы 28 метр, башкача айтканда, 4 тилкелүү жолду түзөт. Анын жарымы эстакадалык болсо, жарымы суудан өтөт. Анда унаалар өтүүчү, адамдар үчүн өзүнчө тротуар жана малдарга да атайын жол бар. Муну менен катар эле бул көпүрөдөн газ жана электр трубаларын да алып өтсө болот. Көпүрө мекендештерибизге ыңгайлуу шарт түзүп, жолго кетчү 1,5 саатты үнөмдөйт. Ошондой эле мындай көпүрө Борбор Азияда али курулган эмес, андыктан архитектуралык символ катары кошумча туристтерди кызыктырат. 2015-жылдын октябрь айынан баштап ушул жылдын март айына чейин толугу менен иштелип чыкты.
– Мындай ири конструкциялуу көпүрөнү куруу реалдуубу?
– Ванттык конструкциядагы көпүрө дегенибиз бул көпүрөнү эки пилон кармап турат. Ал пилондордун бийиктиги 204 метрди түзөт. Мындай бийиктиктеги курулушту куруу үчүн Европадан атайын крандарды алып келүүгө туура келет. Пилондогу эң бекем тростор көпүрөнүн негизги бөлүктөрүнүн бири, ал тростун бирөөсү 4-5 унааны көтөрүп коюучу бекемдикке ээ. Пилондор суунун астына жер астынын 70 метр тереңдикте орнотулат. Муну куруу иштерин октябрь айында баштаса ылайыктуу болот, анткени суу сактагычта суу азайып, пилондор орнотулуучу жер суусуз калат. Бетонду ошол жерге жакын жайгашкан Камбар-Ата заводунан алса болот. Бул долбоорду куруу реалдуу эле, канча жумушчу иштейт жана башка бардык жагдайлар үтүр-чекитине чейин иштелип чыккан. Бардыгы курулуш иштерине кетчү каражатына такалат.
– Сенин эсептөөңдө канча каражат кетиши мүмкүн?
– Менин эсептөөм боюнча жалпы 3 миллиард доллар кетет экен. Куруу иштерине 14 ай керектелет. Бирок геологиялык изилдөө, куруу иштерине даярдык көрүү үчүн да убакыт сарпталат. Жалпы 3 жыл ичинде толук куруп бүтсө болот. Эгерде бул көпүрөнү куруп калсак, ал өзүн 10-15 жылдан кийин актай алат. Эсептеп көрсөк, учурда күнүнө Бишкек-Ош жолунан орточо алганда 1500 унаа бир тарапка, 1500 унаа экинчи тарапка өтөт. Дүйнө жүзүндө мындай көпүрөдөн өтүү үчүн акы алынат. Баасын бир унаадан 70 сом деп койсок, күнүнө 200 миң сомдон ашык киреше түшөт. Ал көпүрөнүн оңдоп-түзөө иштеринен тышкары таза кирешесине да жетет. Суу сактагычты айланып өтүү үчүн унаалар бензинге 250-300 сом коротот, андан көрө көпүрөдөн өтүү ыңгайлуу болот да. Мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн саясий эрк керек деп ойлойм. Аны ишке ашырабы, ашырбайбы мамлекет өзү чечет.
– Бул долбооруңду "чоңдор" көрүштүбү? Келечекте дагы кандай долбоорлордун үстүнөн иштейин деген ойлоруң бар?
– Алгач бул долбоор 1-апрелде "Bishkekbuild" курулуш көргөзмөсүнө коюлду. Кызыгуулар акырындан жаралып жатат. Жакында эле университетке Германиядан келишкен делегация буга таң калып кетти. Алар муну жалгыз бир адам жасашы мүмкүн эмес деп айтып жатышты. Көрсө, 10-15 студенттерден түзүлгөн топ жасаган экен деп ойлошуптур. Келечекте Төө-Ашуу аркылуу Сосновка менен Суусамырды байланыштыруучу унаалар менен бирге поезд да өтүүчү ири тоннелдин макетин иштеп чыгуу ойлорум бар.
– Маегиңе рахмат! Тилектериң орундалсын!
-Макеттин көрүнүшү айтылуу Сан-Францискодогу көпүрөнү эске салат.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg