«Миң кыял FM» радиосунда жаңы долбоор старт алды. «Дебют» деген аталыштагы жаңы программа сахнага чыгып жаткан жаш ырчылардын элге таанылуусуна жардам берет. «Ырлары радиолордон жаңырганы менен, эл арасына ысымдары кеңири тааныла элек ырчылар көп. Жумасына 1 жолу берилчү аталган программада каарман менен кеңири маек куруп, ырларын жаңыртып, чыгармачылыгынын өсүп кетүүсүнө көмөк көрсөтөбүз»,- дейт долбоордун автору жана алып баруучусу Улан Улукболсун.