Каныкей 2009-жылдары кыргыз шоу-бизнесине келип, жаңы образ менен жаңылык жаратып көп ийгиликтерди багындырган. Алдыга койгон максаттарына жеткен соң турмуш куруп, азыр наристесин тарбиялап үйүндө. Жакында эле ырчы айымдын интернет баракчасына «кызыктын баары алдыда» деп илинген жаңы образдагы сүрөтү күйөрмандарынын бүйүрүн кызытууда. Чын эле Каныкей чыгармачылыкка кайттыбы же дагы башка жаңылыгы барбы деп кайрылдык.
Ал: «Үйдө бала менен отургандыктан ыңгайы келгенде чакырган жерлерге барып коюп жатам. Жакында гана ата мекендик бут кийим чыгарган фирманын жүзү болдум. Бул мен үчүн чоң сыймык. Анан да алдыда чыгармачылык жаатта жакшы иштер бар»,- деп жагымдуу кабары менен бөлүштү. Тыныгууда жүргөн Каныкейдин минтип эл көзүнө чыга баштаганы күйөрмандарын кубандырбай койбойт.