ПРЕЗИДЕНТ, ПРЕМЬЕР... ЭМИ СПИКЕР ДА БИР ПАРТИЯНЫН ӨКҮЛҮ БОЛОБУ?

Өткөн аптада өкмөт башчылыкка Ош облусунун мурдагы губернатору Сооронбай Жээнбеков келген. Мындан улам анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Бул аптада спикерлик орун үчүн күрөш жүрүп, көрсөтүлгөн эки талапкер тең жарыштан чыгарылды.

ТӨРӨБАЕВ VS ИСАЕВ
Өкмөт башына өзгөчө пландары, амбициясы же ушул күнгө чейин жасаган көрүнүктүү иши менен айырмаланбаган, бийлик башындагылардын айтканы менен боло турган ийкемдүү адамдын келиши коомчулукта «спикерликке да бийликчил партиянын өкүлү келет» деген божомолдорду жараткан. Спикерликке талапкер катары Чыныбай Турсунбековдун ысымы көп айтыла баштаган. Бирок спикерликке мурунку «Республикадан» партия жаратууну өздөштүрүп, 6-чакырылышка өздөрүнчө чыгып, парламентке келишкен «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев ат салышты. Бул эки азаматтын дымагы жөнөкөй депутаттыктан жогору экендиги айдан ачык болчу. 13-апрель күнү КСДП фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков: «Төрөбаев менен Исаев бир пикирге келе албай жатышат»,- деди. Ошентип эки талапкер тең палатанын добуш берүүсүнө чыкты.

КҮТҮҮСҮЗ ЖЫЙЫНТЫК: 51-51
20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына бир пикирге келип, бири-бирине жол бошото албаган соң Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев аттанды. Эки талапкер өздөрүнүн программалары менен тааныштырышып, «президенттик жарышка түшпөйм» деп экөө тең убада да берип жиберишти. Жаш депутат Жанар Акаев: «Кайсы арына спикерлер ондогон жан сакчылар менен жүрүшөт? Кичине элге жакын болсоңор»,- деп кеңеш берип, өзүнүн фракциялашы, экс-төрага Асылбек Жээнбековдун короосуна таш ыргытып өттү.
Добуш берүүгө 119 эл өкүлү катышып, 14 депутат баарына каршы добуш берсе, 3 бюллетень жараксыз болуп, добуштар 51-51 болуп тептең бөлүнүп калды. Төрөбаев да Исаев да зарыл болгон 61ден ашык добушту ала алышпады. Атүгүл шайлоонун экинчи туруна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн да куру калышты. Регламентке ылайык, экөөнүн ичинен кимиси көп добуш алса, ал экинчи турга чыкмак. 51-51 добуш эсебинде тең чыгып, экөө тең спикерлик жарыштан четтеп калышты.

СПИКЕРЛИККЕ ЭМИ КИМ КЕЛЕТ?
Эми апта аягында өтүүчү фракциялык жыйындарда жаңы талапкер каралат. Кыргызстанда акыркы жылдардагы окуялар көрсөткөндөй, спикерликте да, өкмөт башында да өз алдынча иш жүргүзө алган, амбициясы жогору адам көпкө турбайт. Мисалы, өкмөт башчылык кызматтан Өмүрбек Бабанов да, Темир Сариев да бир жылдын тегерегинде кетишти. Бул экөөнөн айырмаланып, Жантөрө Сатыбалдиев премьерлик креслодо көбүрөөк кармалды. Ушундай эле мисалды спикерликтен да көрүүгө болот. Жогорку Кеңештин төрагалыгына абдан ылайык келе турган Өмүрбек Текебаевди 5-чакырылыштын депутаттары 3 добуш жеткирбей өткөрбөй коюшкан. Амбициясы күчтүү Ахматбек Келдибеков деле бул орунда бир жыл кармала албады. Ага салыштырмалуу Асылбек Жээнбеков депутаттык корпусту 2011-жылдан бери жетектеп келди. Демек, спикерликке талапкер лидерлердин арасынан эмес, бийлик башындагыларга маселе жаратпай ийге келип, ишенимдүү жоокер болуп бере тургандардын арасынан чыгат. "Спикерликке Чыныбай Турсунбеков келип, фракция жетекчисинин ордуна Асылбек Жээнбеков барышы мүмкүн" деген версия дале күчүндө. Депутаттык корпусту Иса Өмүркулов жетектеп калышы мүмкүн деген да жоромол бар.
Бирок президент да, премьер-министр, спикер да бир партиянын өкүлү болушу бийликтин бир чылбырга топтолуусуна алып келет. Апрель революциясында жүздөгөн адамдардын каны аралаш бийликке келген топ мындайга жол бербеши керек. «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова да спикерлик кызматты алып кете алышмак. Бирок депутаттык корпусту башкарууга бул эки адамды жолотушары күмөн. Андыктан эмки спикерди кайра эле «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынан издеген туура.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан