ЖӨНӨКӨЙ КӨНҮГҮҮЛӨР МЕНЕН ОСТЕОХОНДРОЗДОН АРЫЛЫҢЫЗ

Азыр эки кишинин бири эле остеохондроз менен жабыркайт. Бул оору артынан көп ооруну ээрчитип келерин унутпаңыз. Кыймылдын аздыгы, моюн омурткаларда туздун уюп калышы, туура эмес жатуу, отуруу остеохондрозду пайда кылат. Натыйжада кан тамырлар, нервдер кысылып баш ооруйт, көрүү, ойлонуу жана эске тутуу начарлайт. Дарыгерге чуркап барып бир барак дарынын тизмесин жаздырып ичерден мурун ар кандай көнүгүүлөрдү жасоону сунуштайбыз. Моюн, көкүрөк, бел-чычаң остеохондрозунан жабыркагандарга чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери Медер Бишкек бир нече көнүгүү үйрөтөт.

  • Күнүнө эртең менен жана кечинде жасалууга тийиш.
  • Жаш-кары дебей баарына сунушталат.
  • Ар бир көнүгүүнү 5 жолудан жасоо жетиштүү.

Эшек оонаш
1. Чалкадан жатып, бүгүлгөн бутту кол менен кучактап, оңго, солго оодарылыш керек.
2. Оңго оодарылганда баш сол тарапты карайт.
3. Солго оодарылганда баш оң тарапты карап, кулак жерге тийүү кажет.
Бул моюн остеохондрозуна өтө натыйжалуу. Моюн омурткалары канчалык ийилчээк болсо, омурткадан чыккан нерв талчалары байланышкан мээге, көзгө, кулакка кан жакшы жүрөт да, органдар өз кызматтарын жакшы аткарып калышат.


Матсиендрасана
(омуртканы толгоо)
1. Эки буттун бири бүгүлүп жерде болот.
2. Экинчи бут бүгүлгөн буттун үстүнөн өтүп жерге коюлат.
3. Бир кол жердеги буттун тизесине коюлса, экинчи кол артка ташталат.
Бул көнүгүү менен бел омурткалар түздөлөт, жылышып кеткен жамбаш сөөктөр калыбына келет.


Сарвангасана
(кайың позасы)
1. Чалкасынан жатып, эки бут бүгүлөт.
2. Анан эки бутту түз өйдө көтөрүп, кол менен белди кармоо керек.
3. Тизени чекеге тийгизет.
4. Бутту баштан ашырып барып, жерге түз коюу зарыл.
Мындай көнүгүү омуртка аралык дисктин калыбына келишине эң чоң өбөлгө болот. Натыйжада эс тутум, көрүү, угуу жакшырат. Стресске бат кабылгандар сабырдуу болуп калышат.


Кобра
(жылан позасы)
1. Көмкөрөсүнөн жатып, эки колду ийин алдына, чекени жерге коюу керек.
2. Акырындан башты көтөрүп, артка чалкалатуу зарыл.
3. Башты оңго буруп, сол буттун учун карап, кийинкисинде башты солго буруу менен оң буттун учун кароо кажет.
Моюн омурткалар артка ийилгенде уюп калган жердеги жансыз клеткалар жаңырып, кандын жүрүшү жакшырат.


Салабхасана
(чегиртке позасы)
Көмкөрөсүнөн жатып, эки кол жоон сандын алдына коюлат. Баш, көкүрөк ошол эле учурда эки бут да өйдө көтөрүлөт.
Бул көнүгүү бел омурткаларды бекемдеп, омурткалардын кыйшайып кетишинен сактайт.


Ардха салабхасана
(жарым чегиртке позасы)
Көмкөрөсүнөн жатып, эки колду жоон сандын алдына коюп, улам бир бутту көтөрүү керек.
Бул көнүгүү бел-чычаң омурткаларга жакшы. Бел-чычаңдан чыккан нервдер буттарды иштетип, жыныстык органдардын, табарсыктын кан айлануусун көзөмөлдөйт.


Дханурасана
(жаа позасы)
Көмкөрөсүнөн жатып, эки кол менен эки бутту кармаганда булчуңдар чоюлуп, омуртка тутумундагы дисктер активдүү иштеп, кандын жүрүшү абдан жакшырат. Эртеден кечке отуруп иштегендерде көкүрөк ичке кирип, жүрөк кысылып, бүкүрлүк пайда болот. Бул көнүгүүнү жасоодо көкүрөк клеткасы ачылып, жүрөк, өпкө толук кандуу иштей баштайт.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Остеохондроздун дарысы - кыймыл
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
aiba_00
2016-05-23 09:45:50
Бул Медер деген баякы Итибаев Алтынбектин байкеси беле.
+3
Syiyy28
2016-05-24 02:01:35
aiba_00, Ошону да тааный койдунбу ээ кыйын экенсин
0
temirov76
2016-05-23 10:14:09
Жакшы ото жакшы,фотосун жуктоп алып жасасанар остеохондрозго сонун болот,мен мындан бир аз башкачараактарын кунуго 15минута жасап журом,болбосо леченияга бара берип тажаган болчумун,анан турникти да унутбагыла.
+1
biyigimsin
2016-05-23 10:17:12
грыжага да конугуулорду чыгарыныздарчы, супер инфо?!
0
admin_superstan
2016-05-23 10:39:40
biyigimsin, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
kundduz
2016-05-28 08:48:57
admin_superstan,жаш бобоктор кобу башында давленя мн торолуп жатат менин кызым да башында давленясы бар ошол жонундо маалымат барбы болсо кайсы шилтеме аркылуу кирсе болот
0
Asyl19.09.90
2016-05-23 11:17:11
Жакшы кенеш екен менда жасабасамбы
0
mirlan15
2016-05-23 11:21:45
Асельдин фигурасы жагат !
+2
isa-80-80
2016-05-23 17:15:36
Жакшы кенеш экен. Дисбактериоз оорусу тууралу жазгылачы.
0
isa-80-80
2016-05-23 17:27:37
Жалпы эле ичеги, жоон ичегидеги суук тийуу, дарылоо жолдору боюнча, рахмат
0
happymother
2016-05-23 18:00:40
Чоон рахмат супер инфо мага дал ушу кенештер керек болуп жаткан
0
Ailinnilia
2016-05-23 23:51:40
Админ,саламатсызбы? Видеону көчүрүп алууга ыңгайлуу кылып коё аласыздарбы?! Чоң рахмат!
0
ailin.akarsu92
2016-05-24 03:00:19
Же видеосун жиберип койунузчу сураныч
0
Asyl.jazi
2016-05-24 06:36:48
Кош бойлуулар дагы жасаса зыяны тийбейби балага, айтып коюңуздарчы.
0
Zarger59
2016-05-24 07:37:47
Аябай жакшы пайдалуу экен ракмат кенешинерге.
0
Shahrizaada
2016-05-24 12:50:22
видео көрүп жүргөн интернеттен эле жазып издеңер чыгат. Же Россиядагылар үчүн Живи.тв деген канал бар, ошонун интернеттеги дарегине кирсеңер дал ушундай көнүгүүлөрдү табасыңар.
Кош бойлуулар үчүн атайын көнүгүүлөрда бар.
0
Siuz
2016-05-28 12:55:28
Саламатсыздарбы!Видеону кантип көчүрүп алууга болот?Рахмат!
0
AZIK01
2016-05-29 22:28:41
Жасаш керек, бирок, жалкоолор көп. Же убактысы тар биздегилердин.
0
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан