«Апам мени ишенчээк кылып тарбиялаганына ичим ачышат. Бир аз куу кылып чоңойтсо болмок экен деп калам. Азыр ошондойлордун заманы. Бирөөгө алданып калгандан көрө алдаган артыгыраак экенин түшүндүм. Боорукер, чындык, адилеттүүлүк азыркы заманда жок»,- деген Асема бирде ыйлап, бирде жылмайып апасы тууралуу айтып берди.
«АПАМ ҮБӨЛҮК МЕНЕН САБАЧУ»
– Апам Жумагүл 67 жашта. Таластын кызы, Чүйдүн келини болот. «Акыл», «Бийиктик» басмаканаларында редактор болуп иштеп жүрүп пенсияга чыкты. Үйдө 2 агам, анан мен жалгыз кызмын. Бирок мени апам эркелетпей катуу кармады. Атам да, апам да эртеден кечке жумушта болгондуктан, кичинемде мени Таласка таежемдикине 2 айга алып барып салышчу. Ал жакта апамды сагынып, жытын эңсеп куса болгонум бүгүнкүдөй эсимде. Айрыкча эч кимдикине окшошпогон жыты мен үчүн дары эле. Ошентип жүрсөм бир күнү жездем Бишкекке жөнөп калды. «Сиз менен Бишкекке барып, апамды бир эле жолу көрүп, кайра келем» деп сөз берип ээрчип келгем. Келип апамды кучактап алып ушундай бир бактылуу болгон элем. Жездем «жүрү эми кеттик» десе, мен «апамдын жанынан эч жакка чыкпайм» дептирмин. Ошондой кылыктарымды эстеп, «кичинекей кезиңде эле актриса болчусуң» деп күлүп калышат.
Азыр ойлосом, апам убактысын да, акчасын да, ден соолугун да аябаган экен. Бала бакчага мени таза, тыкан кийгизип жетелеп барса баары суктана карашчу. Ошондуктан көз тийип, сук тийип көп оорудум. Мен оорусам апам күйпөлөктөп чарк айланып калар эле. Баарына жетишчү экен, эртең менен мени мектепке жеткирет, сабак бүткөндө алып, англис тили курсуна алып барат. Ал жактан чыккандан кийин бийге, сүрөт ийримине, айтор, жумушуна да, бизге да убакыт тапчу. Кыз бала деп мени катуу кармачу, бир жолу англис тилинен «2» алып калдым. Аны апама билдирбеш үчүн лезвиенин учу менен өчүрүп койдум. Күндөлүгүмдү көрүп калып, үбөлүк менен сабаган болчу. Ошондон кийин жаман баа албай калгам. Мектептен канчада келип, каякка барам, үй жумуштары, баары убактысы менен болчу. Кичине эле кечиксем уруш укчумун. Апам мени жоокердей тарбиялаган.
«АПАМДЫН БИР ООЗ СӨЗҮ МАГА МЫЙЗАМ»
– Кудайга шүгүр, бардар үй-бүлөдө эч нерседен кем болбой чоңойдум. Апамдын ушунчалык пейили кең эле, үйдөн конок үзүлчү эмес. Кабагым-кашым дебей канча киши келсе да жакшы тосуп алчу. Анан да тамакты берекелүү кылып казан толтуруп жасайт эле. Апамдын жасаган боорсогундай боорсокту эч жерден жей элекмин. Жолдошум Акжол да айта берет «апамдын боорсогу менен шорпо ичкен «кайф» деп. Ал эми күлчөтай менен беш бармагына сөз жок.
Мени кыз бала, үй оокатына тың болсун деп кандай жумуш жасабасын жанына алып алчу. Камыр жайганды, төшөк көктөгөндү да кичинекей кезимден эле үйрөткөн. Эркелетпей, өтө тың кылып салган экен, турмушка чыккандан кийин эч кыйналбай жашоомду алып кеттим. Эмнегедир атам такыр урушкан жок, а апамдан коркуп, айбыгып турчумун. Мени көзү менен эле тарбиялачу, көз карашынан эмне жагып же жакпай жатканын баамдап, ошого жараша мамиле кылам. Тапшырма берсе, анан жасайынчы деген жок болчу, бир сөзү мен үчүн мыйзам эле.
«КАШЫМДЫ ТЕРИП УРУШ УККАМ»
– 9-классты бүтүп Казакстандагы Сүрөт академиясына тапшырайын десем апам болбой койду. «Чыгармачылыкты унут, олуттуу кесип тандайсың» деп. Бийлеп, сүрөт тартып, ошол кезде эле эргүү келип жүргөн кезим окшойт. Анын үстүнө өткөөл куракка келип калган болчумун, үйдөгүлөргө таарынып, түшүнбөстүктөр болгон. Анан узун чачымды кыпкыска кылып кесип салып жаңы жашоо баштайын деген элем. Кийин 1-курска тапшырганда студент болдум деп кыздарга кошулуп кашымды терип салып апамдан катуу уруш уктум. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде «Боз салкын» киносун тартабыз деп чыгармачылык топ бир эмес, эки жолу суранып келсе да апам көнбөй койду. «Кааласаңыз кызыңыздын жанында жүрүңүз» деп жатып араң көндүрүштү. Анан кино бүткөндөн кийин бет ачар аземине баратканда «кызым, ушул акыркы киноң болсун» дешкен. Тасманы көргөндөн кийин экөө тең таң калып, «чын эле сен ойнодуңбу?» дегенсип мени карап унчукпай келе беришти. Кийин үйдө бир топ талкуу болуп, «кызым, чыгармачылык сеники экен» дешти. Бирок азыркыга чейин көзөмөлдөп турушат.
«АПАМ КОМАГА ТҮШҮП КАЛЫПТЫР...»
– 2014-жылы «Көк жал» тасмасын тартканы Түркияга кеткенбиз. Ал жакта киного тартуучу жерлерди карап, актёрлор менен сүйлөшүп, баарын дайындадык. Анан съёмка башталат деген күнү апама чалсам албайт. Атам болсо сүйлөй албай ыйлап жиберди. Оюм дароо жамандыкка кетип, Бишкекке учуп келдим. Келсем апам инсультка кабылып, комага түшүп калыптыр. Мага дүйнө аңтарылып кеткендей эле болду. Баарын таштадым, чыгармачылык токтоду, апам менен гана убара болуп калдым. Кудай жалгап азыр жакшы болуп, басып калды. Эне деген ушундай теңдеши жок жан экен. Мындайды эч кимге каалабайм, эч кимдин энеси оорубасын.
Мен турмушка чыкканда биринчи жолу атамдын көз жашын көргөн элем. Ошондо «кызым, сен эркек болуп калсаң жакшы болмок» деп калды. Кызын алыска узатып жатканына ичи ачышып жатканын кийин билип жатпаймынбы. Ошондон кийин ойлоп калдым, ата-эненин баркын айрыкча эркек бала билиши керек деп. Кыздар күйүмдүү болобуз, бирок колубуздан эч нерсе келбейт экен. Чыккан кыз чийден сырткары болуп, төркүнүңдүн маселесине кийлигише албай калат турбайбызбы.
Апам азыр деле ооруп жатканына карабай балдарымды карап, ийримдерине жетелеп жөнөйт. Апам менен атама «эмне кыласыңар бизди ойлоп, ар бир адамдын турмушу бешенесине жазылган. Бизди ойлобой, өзүңөрдү карагыла» дей берип чарчадым.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg