ЫСЫК САЛАТ ТҮРЛӨРҮ

Үйгө кокустан конок келип калса же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири капыстан жолго чыгып кала турган болсо, ойго албетте, алгач бат жасалчу салат түшөт. Эгер ал эт менен жасала турган болсо, анда даамдуу жана тоюмдуу болот.

ТООК ЭТИ МЕНЕН ЖАСАЛГАН "ТАЙ" САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:

  • Тооктун этин майда туурайбыз (сөөгүн алып салабыз).
  • Жашылчалардын баарын жууп-тазалап, болгар калемпирин, бадыраңды майда төрт чарчы (кубик), пекин капустасын чоңураак төрт чарчы, пиязды узун жоонураак, петрушканы майда кылып туурайбыз.
  • Ысып турган көмөч казанга майды куюп, этти күчтүү отко кууруп алабыз. Эт кызарганда тууралган жашылчаларды, петрушка, туз, кара мурч, калемпирди салып, бир сыйра кууруп алабыз. Анан оттон чыгарып, үстүнө соя соусун куюп, даамы аралашсын үчүн 4-5 мүнөткө оозун жаап коё турабыз. Анан тарелкаларга салып, дасторконго узата берсеңиз болот.

УЙ ЭТИ МЕНЕН АЧУУ КОРЕЙ САЛАТЫ




Керектелүүчү азыктар:

Даярдоо ыкмасы:

  • Пиязды, чили калемпирин узунунан туурап, өз-өзүнчө идишке салабыз.
  • Этти кесек туурап, үстүнө туз, калемпир, мурч, кургатылган имбирь жана майда тууралган сарымсакты сээп, 2 аш кашык май куюп аралаштырып, 15 мүнөттөй тыныктырабыз. Эгер имбирдин даамын жактырбасаңыз, кошпой койсоңуз деле болот.
  • Жуулган бадыраңды узунунан 6 бөлүккө бөлүп туурайбыз. Үстүнө туздан себелеп коёбуз. Сарымсакты майда туурайбыз.
  • Ысып турган көмөч казанга майды куюп, этти кызартып кууруп алабыз.
  • Башка көмөч казанга майды куюп, кызыган соң пиязды салып бир аз кууруп, үстүнө ачуу калемпирди, майдаланган сарымсакты салып, 10-15 секунд дегенде эле чыгарып алыңыз.
  • Бадыраңды кол менен сыгып, ашыкча ширесинен арылтып, чуңкур табакка салып, куурулгандын баарын кошобуз. Анан үстүнө соя соусун, уксусту кошуп аралаштырып, 4-5 мүнөт тыныктырып, тарелкаларга салабыз.

БООР ЖАНА КОЗУ КАРЫН МЕНЕН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:

Даярдоо ыкмасы:

  • Жуулган боорду чоң-чоң кылып туурайбыз.
  • Шампиньондорду таза жууп, тигинен 2ге бөлөбүз.
  • Көмөч казанда ысып турган майга боорду салып, 5-7 мүнөт кууруйбуз. Үстүнө туз салганды унутпаңыз.
  • Башка көмөч казанга май куюп, шампиньонду салып, үстүнө туз себелеп, бышканча кууруйбуз.
  • Бир идишке уксус менен райканды салып аралаштыруу кажет.
  • Идиштин бетине салат жалбырагын төшөп, үстүнө боор, козу карынды салып, райкан чыланган уксусту кошуп аралаштырсаңыз, салат даяр.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
belka
2016-05-23 16:18:14
Рахмат чоон,ачуу салаттын рецептин аябай жакты
0
Fatima2016
2016-05-23 17:04:45
жакшы билип алдык
0
owtu
2016-05-23 19:18:15
Жакшы даамдар экен, бир гана жасап коруш калды!
0
zhalyn13
2016-05-25 03:33:39
Жакшыы,,,
0
Janka24
2016-05-28 12:17:48
Райхандын орусчасын айтып коесуңарбы сураныч.
0
moskoy
2016-05-28 18:57:17
Райхандын орусчасы базилик
+1
dina-85
2016-05-29 01:55:37
Салаттарды жактырам
0
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан