ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Өзүм жалгыз калдым. Мурун келгенде эч байкалбаган экен, адамдары көзүмө коркунучтуу көрүнүп, өзүмдү чытырман токойдо жалгыз калгандай сездим. Кайра кетким келди, бирок 20 миң долларды эстегенде бул ишти аткарам дедим. Мынча акчага эмне сатып аларымды пландап койгон элем, дагы кичине жетпей да калган.
Базарын кыдырып жөнөдүм, мага эч ким деле көңүл бурган жок. Өзүм эле бир нерсе кылып билдирип койбосом, эч ким шек албай тургандай.
Элинде байлары деле көп экен, бирок көпчүлүгү жакырчылыкта жашаары байкалат, маданиятсыз, сабатсыз.
Кыргызстанда туулуп калганыма Кудайга миң мертебе шүгүр дедим. Бизде тынч, элибиз маданияттуу, кенен, эч нерседен коркпой жашашат. Бишкекте эртең менен жумушка барайын деп чыгарда бекинип алып эки жакты көпкө чейин караганымды элестеттим. Эч ким жокпу деп колумда автомат же тапанча турса... Мындай жашоону элестеткиң да келбейт, качан кимиси келип атып кетет деп коркуп жашасаң. Күлүп-жайнап жүргөн адамды көрбөйсүң, баары бири-бирине ишенбегенсип, коркконсуп карашат. Бир да кыз менен жигиттин ээрчишип балмуздак жеп, ээн-эркин каткырып жүргөнүн көрбөдүм. Антип жүрүш булардын оюна да келбейт, бул жерде антип жүрүштү элестете да албайсың, бүт эле паранжы жамынган аялдар.
Өзүмчө ойлоп койдум, биз аялдарыбызды минтип паранжы кийгизип өмүрүн өткөзбөйбүз эч качан деп. Жашоосу ушунчалык суз, адам бир жашагандан кийин ушинтип эле жашап өтүп кетеби бул жашоодон деп ойлойсуң. Кыргыздар оогандарга салыштырмалуу тимеле бир башкача бактылуу экенин ушуларды көрүп сездим.
Ооган элинин жаш балдары эле күлүп-жайнап жүрүшпөсө, улууларынын көзүндө чарчагандык, жашоого нааразылык бар. Тагдырга баш ийип, эптеп күн өткөзүш эле болуп калганы байкалат.
Бир сааттан кийин Пули-Хумриге автобус жөнөмөк. Ага чейин жергиликтүү элге көнө беришим керек эле, базарын кыдырып жүрдүм. Ар дайым ысык шамал уруп турат, жердеги акыр-чикир аралаш чаңды бети-башыңа каптап коёт. Каерин караба таштандыга толгон, кээ бир жерлеринде ушунчалык сасык жыт келет, чыдай албайсың. Ошондой жерде этти кичине кол арабага коюп алып сатышат. Үстүн жаап да алышпайт, анысын таштанды аралаш чаң басып калат. Бир жеринде тирүү тоокторду торго камап келип сатып жатышыптыр. Көрүп көңүлүң айныйт, кардар келип тоок же короз тандайт экен, сатуучу ошол жерден эле балта менен тооктун башын чаап салып жанындагы кичине балага берет экен. Ал баланын жанында бир челеги болот экен, ошого эле тооктун жүнүн жулуп тазалап берет, сууга жуубай эле кир сүлгү менен аарчып коёт, болду.
Биздин Кыргызстаныбыз бир бейиш эле жер тура. Кудайдын жакшы көргөн эли экенбиз. Калганын айтпай эле коёюнчу.
Ар нерселерди кармалап көрөм, мени кууп жиберишет деп ойлогон элем, эч ким деле кууган жок. Мендей кийингендер көп экен, көнүп бүтүшкөн окшойт. Бирок карап турушат, бир нерсе уурдап албасын дейби. Бир бала бурчка отуруп нан жеп жаткан экен, жанына отуруп мен да нан менен курма жедим. Наны аябай даамдуу болот экен, жүгөрү кошуп бышырышыптыр. Мендей эле бала бир сатуучунун өрүгүн уурдаган экен, кармап алып уруп кирди эле, тиги бала да сатуучу менен мушташа кетти. Жанындагы адамдар сатуучуга кошулуп баланы урушабы десем, кайра балага болушуп экөөнү ажыратышып, балага нан, өрүк, кичине акча берип кетирип жиберишти. Полиция кызматкери да келип унчуккан жок, сатуучуга гана "кой эми, бир бечара" деди окшойт, сатуучу да унчукпай калды. Согуш боло берип бири-бирин аяп калат окшойт да.
Автобустар сан менен белгиленет экен. 57-номердеги автобуска билет алдым. Кеткиче 40 мүнөт бар эле, базарды кыдырып жүрдүм. Кургатылган жемиштерди саткан жерге барганда өзүмдү сынап мен да уурдап көрсөмбү деп ойлондум. Эгер уурдасам өзүмдү ишеничтүү сезип калмакмын, биринчи кой, тынчыраак эле жүрөйүн дедим, анча кыдыргандан кийин эмне болмок эле деп уурдоону чечтим. Курма саткандарга барып 2-3 кардар турган жерде аны-муну сурап колумдагы акчаны эсептемиш болуп турдум эле, сатуучу да акчаны көрүп мени уурдабайт деди окшойт. Берки кардарларга алаксып калганда курмадан экөөнү алып бирөөсүн байкатпай баштыгыма салып, бирөөсүн кайра коюп койдум. Анан бир аз туруп кетип калдым.
Өзүмдү кыйла эле ишенимдүү сезип калдым, эли деле жакшы эле окшойт. Базарда ар кандай адамдар жүрөт, чет өлкөлүктөр деле көп экен, согуш болуп жатканын куралчан аскер адамдары эле эстетпесе, тынч эле жашоо.
Автобус жөнөөр маал болуп калды, барып өзүмдүн ордума отурдум, 20 орундуу Кытайдын чакан автобусу экен, адам деле толгон жок. Жолдон 5 чоңураак делген айылга кирип, вокзалдан адам алып түшүрүп барат экен, 9дарда жеттик. Мечитин айдоочудан сурап оңой эле таап алдым. Айткандай эле мечиттин жанында эки кабат эски, айнектеринин кээ бирлерине фанер кагылган имарат бар экен. Ичине кирсем бир кемпир тосуп алды да, биринчи кабаттагы бир бөлмөгө киргизди. Жерге тактайлар, үстүнө эскилиги жеткен таар ташталыптыр. Эки адам уктап жаткан экен, мен да кемпир көрсөткөн жерге жатып алдым. Баштыгымдан нан, суу, курма алып чыгып жейин деп жатсам кемпир кирип калды, үстүмө жамынганга жууркан алып келген экен. "Жүр, балам" деп тамактануучу бөлмөгө алып барып, бир алюминий кесеге күрүчтөн жасалган тамак, нан, чай берди. Тамагынын даамы жок, чайы деле жакшы кайнабаган. Аябай ачка болгон адамдай түр көрсөтүп эптеп жедим. Ордума барып жаттым, кичине эс алып алсамбы дейм, же уктап калсамчы.
Үйдү сагынып кеттим, күн ысыкта айылда үстү жүзүм менен тосулган сөрүбүз бар эле. Ошол сөрүдө уктаган күндөрүм, өрүк-алмалардын бышкандары жел жүргөндө "топ", "топ" деп жерге түшкөндөрүн эстеп, бир кол жетпес бакыттай туюлуп кетти. Жөн эле айылда жүрбөймүнбү дыйканчылык кылып, коон, дарбыз эгип, өрүк бышканда кургатып как кылып сатып эле. Эмнеге келдим бул каргыш тийген жерге деп. Уктабайм деп жатып кантип көзүм илинип кеткенин байкабапмын, бирөөлөрдүн кыйкырыгынан ойгонуп кеттим...

(Уландысы кийинки санда)

Субан Жуманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
esimdesin
2016-05-23 10:03:06
антип-минтип атып эле бүтуп калды го
+2
temirov76
2016-05-23 10:25:16
Бул сериясы анча эмес экен.
+1
Gulza2014
2016-05-23 13:19:34
Ии байкуш кармалып калбаса экен
+3
Gulza2014
2016-05-23 13:20:25
Дааа чет жактарга чыгып,эле озубуздун жерибиздир баркын билебиз да
+4
bolotbek91
2016-05-23 14:29:00
жакшы
+1
audi80
2016-05-23 22:44:27
Анча кызыктуу болбоптур бул сериясы уйкудан турду эмики сериясы кызыйт окшойт.
0
raiana53
2016-05-24 02:33:08
талаада калат кашайып байкуш
+1
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан