Кылычбек Султанов, элчи: «МАЛАЙ ЭЛИ КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ БАРГАНДА ЖАҢЫ ПЛАНЕТАНЫ КӨРГӨНДӨЙ СҮЙҮНГӨНҮНӨ ӨЗҮМ КҮБӨ БОЛУП КЕЛАТАМ»

Балдар биздин келечегибиз... Мына ушул сөздү бек тутуп келечекке кам көрүүнүн жакшы жолун таап келе жаткан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кезектеги иш-чараны жүзөгө ашыруу алдында турат. Элчилик жайында кыргызстандык 42 бала үчүн жайкы лагерь уюштурмакчы. Малайзиядан да мугалимдер жана окуучулар келип, кыргыз мамлекетинин ар бир районунан, Ош жана Бишкек шаарларынан тандалып алынган окуучулар менен бирге кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып, сабак өтүп, таанышып кайтышат. Элчи мырза менен ошол жайкы лагерь, максаттар жана тилектер тууралуу маектештик.

– Кылычбек Камчыевич, балдар үчүн уюштурулуп жаткан бул долбоордун максаты эмнеде? Анын дипломатиялык ишмердүүлүккө кандай тиешеси бар?
– Кыргыз Республикасынын Малайзия мамлекети менен дипломатиялык мамиле түзгөнүнө 20 жылдан ашты. Бул кызматка дайындалганыма бир жарым жыл болду. Келгенимде эки мамлекеттин жарандары бири-бири жөнүндө дээрлик билишпей турганына күбө болдум. Жогорку деңгээлдеги саясий, экономикалык катнаштар болуп келгени менен, ал жетишсиз, жакшы өркүндөгөн эмес. Карапайым элдин ортосунда карым-катнаш жок экен. Андыктан алдыма койгон негизги максаттардын бири ушул болду – эки элдин ортосундагы карым-катышты жандандыруу менен буга чейинки мамилени өркүндөтүү. Эки өлкөнүн маданиятын, өзгөчөлүктөрүн бири-бирине таанытууну көздөп жатабыз. Малайзия кыргыз эли үчүн кандай экзотикалык өлкө болсо, малайзиялыктар үчүн кыргыз жери да ошончолук экзотика, ошондой эле кызыгууну жаратат. Малай эли кыргыз жерине барганда жаңы планетаны көргөндөй, жаңы планетаны ачкандай сүйүнгөнүнө өзүм күбө болуп келатам. Ушул багытта көбүрөөк иш жүргүзүшүбүз керек экен. Биз чет өлкөлөргө суктанып жүрүп, чет жактыктардын кыргыз жерине суктангандарына жетиштүү көңүл бөлбөйт экенбиз. Кыргыз мамлекетине кызыкмак түгүл ушундай өлкөнүн бар экенин билбегендер көп. Биздин жерди көргөндөн кийин таң калуулары, кызыгуулары абдан артып, Кыргызстанга барып келген бул жактык журналисттер ушул күнгө чейин аябай толкундануу менен элибиз, жерибиз, маданиятыбыз, тамак-ашыбыз жөнүндө айтып келишет. Мурдагы жылга караганда былтыр кыргыз мамлекетине барган малайзиялыктардын саны 6 эсеге өскөн. Муну былтыр элчиликтин, Тышкы иштер министрлигинин жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы катары көрсөтүүгө болот.

– Январь айында Кыргызстандан дил баяндар сынагын жеңген мектеп окуучулары Малайзияга барып таанышып, саякаттап кайтышты эле. Жалпы республиканы камтыган бул иш-чарага сиз демилгечи болгонсуз. Жайкы лагерь ошол иштердин уландысыбы?
– Бул жактын билим берүү системиндеги өзгөчөлүктөрүн, биз андан кандай жакшы нерселерди алсак болорун, туризмдеги өзгөчөлүктөрүн таанып-билүү үчүн бир нече делегацияны Кыргызстандан бул жакка уюштурдук. Өзүңүздөр билгендей, кышында кыргыз жеринен окуучулар делегациясы Малайзияга келип, эл-жер менен таанышуу менен катар өлкөнүн учурдагы жетекчиси окуган 100 жылдан ашык тарыхы бар Сент Жонс мектебине барышкан. Кыргызстандын 7 дубанынан, Ош менен Бишкек шаарларынан келген балдар бул жактагы окуучулар, алардын окуу шарттары, класстары менен да таанышып кетишкен. Дипломатияда алакалар эки тараптуу жүргүзүлөт. Ошол максатта эми бул жактан окуучуларды алпарып, Кыргызстан менен тааныштырууну көздөп жатабыз. Былтыр малайзиялык журналисттерди алпарган болсок, быйыл окуучулар менен мугалимдерди алып барып, кыргыз мамлекети, маданияты, эли, жери менен тааныштырабыз. Бул ишибизден максималдуу жыйынтык алыш үчүн программаны кенен камтыганга аракет кылып, Кыргызстандагы ар бир райондон, Ош жана Бишкек шаарларынан бирден окуучу алалы деп чечкенбиз. Жалпы 42 окуучу болот экен, бул жактан 3 окуучу, 3 мугалим барат. Аларды кыргызстандык окуучулар менен бирге эс алдырып, тааныштырып, кыргыз окуучуларынын да дүйнө таанымын кеңейтүүнү көздөп турабыз. Миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан, таптакыр башка географиялык шартта жашаган, климаты, маданияты өзгөчө болгон башка мамлекеттеги окуучулар, теңтуштары менен таанышуу биздин балдар үчүн кызык да, пайдалуу да болот. Малайзиялык окуучулар, мугалимдер кыргыз маданияты, эли-жери менен таанышып, өздөрүнүн таасирлерин бул жактан малай элине, окуучуларына жайылтат. Кыргызстандык окуучулар малай элинин маданияты менен таанышып, башка эл менен алака курууга тажрыйба алышат. Билим алууга, дүйнө таанууга, англис тилине, башкача айтканда, дүйнөлүк тилге да кызыгуусун арттыралы дейбиз.

– Эмне үчүн жаш балдар тандалып жатат?
– Балдар биздин келечек. Бул ойду дайыма айтып келебиз. Ал сөздү практика жүзүндө ишке ашыруучу кадам бул.

– Бул иш-чаранын алкагында Ысык-Көлгө барып эс ала турган окуучуларды элчилик же ТИМ тандаса болбойт беле?
– Иш-аракеттерибиздин элге жакыныраак болушу үчүн ар бир райондо тандоо иштери жүрсө дедик. Ар бир райондун администрациясы бирден окуучуну тандап беришсин деген чечимге токтолдук. ЖМКлар, каттар, телефон, айтор, мүмкүн болгон жолдор аркылуу райондук администрацияларга кайрылып жатабыз.

– Алар тараптан мындай демилгени колдоо аракети көрүнөбү?
– Бишкек шаардык мэриясы бул иш-чарага абдан олуттуу мамиле кылып жатат. Алар мектептер арасында сынак өткөрүп, жакында жеңүүчүсүн тандап беришмекчи. Калган райондордон да тизмени берип жатышат. Пассивдүү, такыр эле көңүл бурбаган райондор дагы бар. Ар бир район бизге бир кандидатты берет. Бирок ал кандидат кандай тандалып алынганы боюнча бизде маалымат жок. Ишенем, жергиликтүү администрацияларды жергиликтүү депутаттар, эл өзү көзөмөлдөп алат деп. Себеби бул жактан туруп жергиликтүү администрациянын ишин көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Ал эми жергиликтүү элде тандоо адилеттүү болдубу-жокпу, сурап алууга мүмкүнчүлүгү бар. Элчилик, ТИМ өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша кыргыз элине пайда келтирүүгө аракет кылып жатабыз. Адилеттүүлүк болдубу-жокпу, бул жагынан жоопкерчилик биринчи кезекте элде болуш керек. Анткени элде жергиликтүү башкаруу өкүлчүлүктөрүнөн, депутаттардан талап кылууга мүмкүнчүлүк бар. Аны колдонобу-колдонбойбу, элдин өзүнөн. Бизде бир жаман жагы, өзүнүн колунан келе турган нерсени жасабай, жетекчиликке, керек болсо президентке чейин жоопкерчиликти артып коюу күч. Азыркы учурда да «тааныш-туугандарын жөнөтүп коёт» деп райондук администрацияларга карата ишенбөөчүлүктөрүн айтып жатышат. Администрацияларды жергиликтүү эл өзү көзөмөлдөбөсө, Малайзияда туруп же Бишкекте туруп кантип биз көзөмөлдөйбүз? Болбой баратса ар бир жарандын прокуратурага, укук коргоо органдарына кайрылууга укугу бар.

– Жайкы лагерге барчу балдар тандалып бүтүп калдыбы?
– 31-майга чейин жергиликтүү администрациялар окуучуну тандап бериши керек эле. Малайзиядан туруп райондорго электрондук почта аркылуу байланышып жатабыз. Интернетсиз заманды элестетүү кыйын болгон бүгүнкү күндө интернет байланышы жок райондор бар экен. Элементардык маселе, электрондук почталарын таппай жаттык. Андай почталары болсо болгондур, бирок ал мамлекеттик базага киргизилбептир. Ушуга окшогон кемчиликтер көзгө көрүнүп, мындай иштердин эмдигиче жолго коюлбаганы мен үчүн таң калычтуу болуп жатат. Өкмөттүк веб-порталда ар бир райондун өзүнүн баракчасы, байланыштары болушу керек эле. Бүгүнкү заман талабында, айыл өкмөттөрдө да болушу зарыл. Бул жагынан өкмөт мезгилден артта калганы байкалды. Тандоо бүтүшүнө 2-3 эле күн калды. Бирок 20 пайызга жакын гана кандидаттардын тизмесин алдык. Менимче, ушул көрүнүш да «эмне үчүн мамлекетибиз өнүкпөй жатат?» деген суроого жооп. Жакшы демилгелерди алып кетүүгө, колдонууга көңүл коштук кылып жатабыз. Кайдигер, пассивдүү райондордун ордуна активдүү, мисалы, Бишкек шаарынын окуучулары менен толуктап болсо да 40тан ашык окуучуга иш-чараны өткөрөбүз. Бул жактан барчу мугалимдер жана окуучулар абдан кызыгуу, толкундануу менен күтүп жатышат.


"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" аттуу жалпы республикалык дил баяндар сынагынын жеңүүчүлөрү менен. Куала-Лумпур. Январь, 2016-жыл.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
merez_jurok
2016-05-30 22:39:23
Коп келбеген завучтун баласы кеткен), университетте Кипрга декандын англисче билбеген инисинин кызы кеткен.Ошондуктан чын дили менен мындай иш-чарага катышкысы келген балдар болот, бирок биздин элибиздин тууганчылдыгы менен акыйкатсыздык окум суруп турат
+18
belka
2016-05-31 11:38:04
merez_jurok,эн туура айтасыз. Менин да агамын кыздары ото жакшы окуйт ,сразу кыялдана калсын кайра ушул нерселерди ойлоп демим сууду. Баарибир РайОНО дон отургандардын балдарынан ашпайт да деп.
+7
Nazikbaigazy
2016-05-30 23:15:44
Кылычбек байкебиздей президент болсо дуйнодогу бай мамлекеттин бири болмокпуз,
+9
munara.11.
2016-05-31 08:42:03
Кылычбек Султановдун президент болушун каалайм!!!бир куну буну да атып олтурбосо болду жеп жутарлар алдыга умтулган адамды буттан кармап тушуруп коймой бар эле...
+10
kama_future_millioner
2016-05-31 13:18:31
Кылыч агай бар болуңуз дайым эл кызматында жүрө бериңиз
+3
pirim77
2016-05-31 15:12:34
Жакшы иш жасап жатасыз. бирок бармак басты коз кысты болуп баягынын эле балдары барат бул сыноону дилбаяндар сынагында кордук. жзмак турсун кекечтенип аран суйлогон баланы уттуруп жиберишти эле жыйынтыгы видеодо кордук. Ушул нерсе туура айтасыз бизди онуктурбойт.
+4
jalguzum
2016-06-05 10:19:41
pirim77,кекечтенип суйлогону менен балким жакшы жазгандыр дилбаянды, мумкун жакшы окуса керек
-2
KGstan1981
2016-05-31 17:00:29
К.Султановту Тышкы Иштер Министри кылып дайыдаса жакшы болмок стаж жана опыты бар специалист
+4
Suiunbek83
2016-06-04 15:21:31
Демдуу оз позициясы бар чиновник.аракетчил
Жана ой жугуртуусу кенен атка минер азамат экенсиз .молодец жаштар биздин келечек бирок сиз РФ га элчи болуп келбейсизби сизей адамга Россияда мигранттар суусап турат.бир миллионго жакын мигранттар элчиликтен канатандыраарлык жардам ала албай келет.бугунку кундо сиздей жаныча коз караштагы адамга муктаж.
+1
ilgis1991
2016-06-05 14:07:35
Жердешим го.Узгенский брат.Алгааа!!!
0
optim85
2016-06-05 14:12:19
Урматту Супер инфо саламатсыздарбы биз уй булом менен бул лагерь жонундо таптакыр укпаптырбыз мына азыргана Кылычбек байкенин маегин окуп билдим .Ал лагерге баруу учун эмне документ даярдаш керек акчасы канча болот кенен маалымат берип койунузчу.
0
dobrajelatel
2016-06-05 15:11:59
Аллах сизге ыраазы болсун. Азаматсыз сиздей инсандар коп болсун. Дагы коп ийгиликтерди кутобуз Кылычбек мырза.
+1
dobrajelatel
2016-06-05 15:13:00
ТИМ болсо бул инсан кыргызды кыйлага таанытмак.
+1
Svoboda83
2016-06-05 23:10:03
Президенттикке даярданып жатат
0
Birimdik5555
2016-06-06 06:01:12
Svoboda83,даярданып отуп калса гана,мен шайлайт элем
0
admin_superstan
2016-06-06 10:15:49
optim85,саламатсызбы? Сиздин буга чейин жазган билдирүүлөрүӊүз келген эмес. Кайрадан аракет кылууну сунуштайбыз.
0
altynkazykbalalyk
2016-06-24 03:34:16
Келген улут жакшы деп мактап кетсе тайрандап жата бербей иш жузундо иштеп мамлекетти которушко салцм кошуш керек да.Уйду деле жаны салсан башкалары келип жакшы салып деп койот оозунун учунда ошол сынаар эле да.
0
Bolotmyrzaa
2016-07-03 16:39:44
Саламатсыздарбы урматтуу супер инфо! Малайзиянын окулчулчулугуно кантип кат жиберсем болот,сураныч толук маалымат бериниздерчи!
0
admin_superstan
2016-07-04 10:45:11
Bolotmyrzaa,саламатсызбы? Сиздин купуя катыӊызга жооп берилди.
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан