ПЕТРОВ КӨЛҮНӨ КӨЗӨМӨЛ КҮЧТҮҮ

Өлкө боюнча жарылып кетүү коркунучу жогору 300дөй көл болсо, алардын бири – Петров. Көл мындан 100 жыл мурун Петров мөңгүсүнүн эрип, кыскарышынан улам пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен суунун көлөмү 70 миллион метр кубга чейин жетип, барган сайын коркунуч жарата баштаган. "Кумтөр" кенинин аймагында жайгашкан көлдүн учурдагы абалы менен өткөн апта соңунда таанышып кайттык.

«Кумтөр» кени ишке киргени алтын өндүрүүчү компания жыл сайын андан 5 миллиондон ашык метр куб сууну өндүрүшкө жана ичүүчү таза суу катары пайдаланат. Бул өз кезегинде көлдүн жарылып кетүү коркунучун жоюуда. Анын үстүнө акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсүнөн дүйнө жүзүндөгү мөңгүлөр тез эрип жатканын адистер байма-бай билдиришүүдө. Абалды жакшы түшүнгөн кенди иштетүүчү компания акыркы жылдары Петровдогу суунун деңгээлин төмөндөтүүдө. Бул багытта көрүлүп жаткан чаралар тууралуу компаниянын Курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн директору Бен Феррис мындай дейт:
– Көлдүн этегинде мөңгүнүн кыскарышынан улам табигый жол менен пайда болгон дамба бар. Ал адам тарабынан курулбагандыктан көпшөк келип, жарылып кетүү коркунучу жогору. Ошондуктан биз дамбанын бурчтарындагы суу агып чыгуучу каналдардын бийиктигин төмөндөтүүдөбүз. Алардын бийиктиги канчалык жапыз болсо, суу тынымсыз агып, көлгө топтолгон суу да азаят. Ушул күнгө дейре аткарылган иштердин жыйынтыгында көл суусунун деңгээлин 1,5 метрге төмөндөттүк. Аны менен катар суунун деңгээлине мониторинг жүргүзүү үчүн көлгө жана көлдөн агып чыккан "Кумтөр" суусуна онлайн режиминдеги көптөгөн өлчөөчү аспаптар орнотулду. Алар аркылуу көлдүн жарылып кетүү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар болуп, кокус бир нерсе болсо эртерээк чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кен жабылган соң Петров коркунуч жаратпашы үчүн инженер адистерди чакырдык. Алар алдыда жасала турган иштер боюнча жаңы долбоор даярдашууда.
Ал эми “Кендин ишмердүүлүгү Петров мөңгүсүнө кандай таасир этүүдө?” деген сурообузга Бен мырза: "Биз мөңгүлөрдү изилдөө боюнча адис эмеспиз. Бул боюнча кен ишкананын мөңгүлөргө кандай таасир эткенин аныктоо максатында өкмөткө караштуу Суу маселелери боюнча институттан жана Москва мамлекеттик университетинин адистери бир нече ирет келип кетишкен",-дейт.
Алар жүргүзгөн илимий изилдөөнүн жыйынтыгында кен аймагындагы мөңгүлөр климаттын өзгөрүүсүнөн тез эрип жатканы аныкталган. Дагы бир кызык жагдай "Кумтөр" 1994-жылы ишке кирген. Ал эми окумуштуулардын билдиришинче, 1995-2002-жылдары мөңгүлөрдүн эриши жайлаган. Демек, өндүрүштүк иштер менен мөңгүлөрдүн эришинде байланыш жок. 1943-жылдагы, 1955 жана 1977-жылдардагы Ак-Шыйрак тоо тутумундагы мөңгүлөрдүн өзгөрүүсү боюнча маалыматтарды салыштырган карта түзүлүп, катталган 178 мөңгүнүн жалпы аянты 3,8 пайызга кыскарса, көлөмү 10,7 пайызга азайганы аныкталган. Булардын ичинен ошол кезде Петров мөңгүсү 400 метрге кыскарган. Ал эми 1977 жана 1995-жылдагы изилдөөлөргө келсек, аталган мөңгү дээрлик 720 метрге чейин кемигени айтылат. Андыктан кен ишкана мөңгүлөрдүн ээришине таасир этүүдө деген сөз суу кечпесине көз карандысыз адистердин изилдөөлөрү далил.
Баса белгилей кетүүчү жагдай, Петров көлүндөгү сууну ошол бойдон ичүүгө болбойт. Себеби мөңгүнүн кыскаруусунан тоо теги да бузулуп, сууда жез жана алюминий өңдүү заттардын фондук концентрациясы жогору. Андыктан адам өмүрүнө коркунуч жаратпашы үчүн кен аймагында суу тазалоочу курулма иштейт. Түркияда чыгарылган жабдуулар менен камсыздалган бул жайдагы улук инженер Алмаз Иманалиев: "Иш аракеттер үч баскычтан турат. Көлдөн келген суу алгач токтотмого түшөт. Ага флокулянттарды кошуп, курамындагы заттардан арылтабыз. Андан соң сууну кум, активдештирилген көмүр чыпкаларынан өткөрөбүз. Үчүнчү баскычта эки ирет хлордонуп, анан бактерициддик тазалоо жүргүзүлөт. Мындай ыкмада тазаланган "Кумтөрдөгү" суу – Кыргызстандагы эң таза ичүүчү суу деп ишенимдүү айта алам",- дейт.
Жабдууларды орнотууга келген түркиялык адистердин айтымында, аларда мындай системаны сүт заводдоруна да пайдаланышат экен. Мындай жабдуулар өлкөбүздүн бир да мекемесинде жок деген Алмаз мырза жыйырма жылдан бери ушул жерде эмгектенет. Бул аралыкта кендеги суунун сапатына бир да ирет даттануу же эскертүү болгон эмес.
Кендеги таза суу жана Петров көлүнүн деңгээлин төмөндөтүү маселелерин экология тармагы боюнча алектенген эл аралык АМЕК компаниясы сунуштаган. АМЕКти 2013-жылы "Кумтөр" кенин реструктташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз өкмөтү жалдаган эле. Белгилей кетүүчү жагдай, АМЕКтин сунуштамалары эч кандай мыйзамдык күчкө ээ эмес. Бирок экологияны башкы орунга койгон "Кумтөр" кен ишканасы айтылган сунуштарды ыктыярдуу түрдө ишке ашырууда.

Петров көлү жана мөңгүсү.

"Кумтөр" суусуна онлайн режиминдеги көптөгөн өлчөөчү аспаптар орнотулган".

Айтемир Аскеров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jalalabad93
2016-06-13 15:25:58
Тынчылык болсун
0
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан