НАСЫЯ АЛУУДА ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ЭСКЕ АЛАЛЫ

Экономикалык каатчылык кезде элдин көбү өз алдынча эптеп оокат кылуунун жолдорун издешет. Айрымдары мал алып, аны багып көбөйтүүгө, дагы бири дыйканчылык кылып, жакшы түшүм алууга аракет кылышат. Мындай кыялдарды ишке ашыруу үчүн чөнтөктө тийиштүү каражат болсо жакшы, болбосо баягы эле карызга акча алып, тобокелдик менен кадам таштоонун жолу калат. “Ойчул ойлонгончо, тобокелчи кыр ашыптыр” дегендей, көпчүлүк тобокелчилер кырдан ашканы менен, тилекке каршы, кырга жетпей жарга түшүп кеткендер да аз эмес. Ошондуктан карыз же кредит алуудагы валюталык тобокелдиктер тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн адиси Маматибраим уулу Эркин менен маектештик.

– Саламатсызбы?! Алгач окурмандарга валюталык тобокелдик тууралуу айтып өтсөңүз?
– Саламатчылык! Валюталык тобокелдик – бул чет элдик валютанын сомго карата алмашуу курсу жагымсыз өзгөрүүлөргө кабылышына байланыштуу жоготууларга алып келүүчү тобокелдик. Бул – чет өлкө валютасында насыя алып, кокус ал валютанын курсу көтөрүлүп кеткенде сом боюнча төлөмдөр көбөйүп, анын негизинде насыя алуучуга насыяны төлөөдө терс таасирин тийгизет дегенди түшүндүрөт. Ошол себептен насыя алуучулар муну да эске алышы керек.

– Насыя алуучулар үчүн насыяны көбүнчө кайсы валютада алуу же насыянын кайсы түрү валюталык тобокелдикке алып келет?
– Банк тажрыйбасында насыялар берилүү мөөнөтү боюнча бөлүнөт. Алар кыска мөөнөт (1 жылга чейин), орто мөөнөт (1 жылдан 3 жылга чейин), узак мөөнөт (3 жылдан жогору) болуп бөлүнөт. Буга чейин Кыргыз Республикасында узак мөөнөткө берилип жаткан насыялардын көпчүлүгү негизинен ипотекалык насыя болгон. Анын бир тобу АКШ доллары менен берилген. Ушуга байланыштуу эң чоң тобокелдик дал ушул узак мөөнөттүү насыя алганда жаралат. Насыя алуучулар болочоктогу тобокелдиктер тууралуу ойлонбой туруп, чет өлкө валютасында насыя алууга шашылат, анткени бул насыялардын пайыздык чени төмөнүрөөк. Бул кырдаалда насыя алуучуларга чет өлкөлүк валюталык насыялар экономикалык жагынан пайдалуураак көрүнөт. Анткени коммерциялык банктар чет өлкөлүк валюта менен берилүүчү насыя боюнча бир кыйла жагымдуу шарттарды сунуштайт, алар – төмөнүрөөк пайыздык чен, насыянын узагыраак мөөнөтү. Бирок карыз алуучу валюталар курсу дайыма эле туруктуу боло бербестигин эсинен чыгарбашы керек, себеби валюта бир ай же жыл аралыгында канчалык өзгөрүп кетерин алдын ала эч ким биле албайт. Анткени өлкөбүздө өзгөрүлмө валюта курсу коюлган.

– Тобокелдиктин негизги кандай түрлөрү бар?
– Эң негизгиси – бул валюталар курсунун өзгөрүүсүнө байланышкан тобокелдик. Бул чет элдик валюта менен насыя алуудагы эң негизги тобокелдик болуп саналат. Алмаштыруу курсунун өзгөрүшү насыя боюнча төлөм жүргүзүүдө чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Валюталык курстун башка тараптык катуу өзгөрүүлөрү кардардын насыя боюнча милдеттерин аткаруусуна таасир берет, эгер насыяны төлөй албай калса, банк күрөөдөгү камсыздоону сатыкка коёт. Мисалы, биздин мамлекетте карызгерлердин көбү валюталык насыяларды доллар менен алышкан, ал кезде бир доллар 45 сом болсо, азыр 1 доллар 69 сомго жетип, көптөгөн кардарлар үчүн көтөрө алгыс жүк болуп калды. Эгерде насыя чет элдик валютада алынса, кийин сомдун девальвациясынын натыйжасында кардар курстун айырмасынын негизиндеги, төлөмдөрдүн жогорулоосуна байланышкан көйгөйгө кабылат. Ошондуктан насыяны чет элдик валютада алардын астында карызгердин кирешеси кайсы валютада экенин эске алыш керек.

– Мисалы, кардар чет элдик валютада насыя алып алды дейли, эми тобокелчиликти азайтыш үчүн кандай чараларды көрө алат?
– Эң белгилүү жана натыйжалуу вариант – насыя алынган банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, насыяны улуттук валютага конвертациялоо. Мамлекеттеги туруксуз экономикалык кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын көптөгөн коммерциялык банктары валюталык насыяларды конвертациялоо варианттарын кароого макул. Албетте, туура натыйжага жетиш үчүн кардарлар баарын терең талдап чыгышы керек, анткени насыя улуттук валютага которулгандан кийин насыянын пайызы жогорулайт. Бирок насыя сомго которулгандан кийин карызгер валюталык курстун жогорулашына байланышкан ашыкча төлөм жүргүзүү көйгөйүнөн арылат.

– Валюталык насыялардын төлөнбөй калууга карата коркунучтарды төмөндөтүш үчүн Улуттук банк тарабынан кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?
– Өкмөт менен Улуттук банктын 2016-жылдын 1-февралындагы №33-р ипотекалык долларлык насыяларды конвертациялоо боюнча буйругун бирге иштеп чыккан. Анын негизинде 2015-жылдын 1-июлуна чейин үй сатып алуу үчүн коммерциялык банк тарабынан берилген 40 миң АКШ доллардан ашык эмес, соттук териштирүүдө болбогон ипотекалык насыяларды сомго которуп алууга болот. Бул кадам ипотеканы доллар түрүндө алган жарандарга чоң колдоо болду, алардын көбү долларлык насыяларды ыңгайлуу шарттар менен сомго конвертациялап алышты.
Мындан сырткары Улуттук банк нормативдик документтерге оңдоо киргизди, тактап айтканда “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиялаган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик ишканалардагы кредиттик коркунучтарды башкаруу боюнча минималдуу талаптар жобосу” редакциясына оңдоо киргизди. Ага ылайык банктар жеке жактарга ипотекалык жана керектөөчүлүк насыяларды чет элдик валютада бергенге тыюу салынган, бирок мунун күбөлүк жана патенттин негизинде иштеген жактарга тиешеси жок. Ошондой эле төлөмдөрдү келишимдеги валютадан айырмаланган валюта менен индексациялоого тыюу салынган. Бул оңдоо дүйнөлүк рыноктогу туруксуздук маалында актуалдуу. Ал мамлекеттин экономикасын “дедолларизация”, башкача айтканда, доллардан арылуу процессин, көптөгөн банктык жана рыноктук операцияларды улуттук валютада жүргүзүүгө стимулдаштырып, келечекте операциялар улуттук валютада жүргүзүлгөндө коркунучтарды төмөндөтөт.

– Кардардын моюнундагы валюталык тобокелчилиги коммерциялык банкка да коркунучу барбы?
– Карызгердин валюталык коркунучу банк үчүн насыя төлөнбөй калуу коркунучун жаратат. Коммерциялык банктар чет элдик валютадагы кирешелери жок кардарларга валюталык насыяларды берүүдөн алыс болуш керек. Бул кадамдар менен коммерциялык банктар тобокелдикти кардарларга жүктөп салышкан. Бирок жогоруда айтылып кеткендей Улуттук банк валютадагы кирешелери жок жеке жактарга финансы-кредиттик ишканалар аркылуу чет элдик валюта менен насыяларды берүү боюнча тыюу ченемдерин колдойт.

– Насыя алам дегендер үчүн кандай кеңеш бере аласыз?
– Насыя алганга зарылдык пайда болсо, болгон финансылык мүмкүнчүлүктөрдү жана валюталык коркунучтарды терең эсептеп чыгыш керек. Эгерде кардардын өз төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө күмөн саноо болсо, биз насыяны албагыла деп кеңеш беребиз. Анткени карызгер төлөй албай кала турган болсо, күрөөгө койгон мүлкүнөн ажырап калуу коркунучу пайда болот. Өлкөбүздөгү калктын көбү финансылык жактан сабатсыз болгондуктан, жарандардын басымдуу бөлүгү келечегин ойлобой, жеке маселесин чечүү үчүн кредиттик шарттарды карабай насыя алышууда. Ал эми төлөө убактысы келгенде кардарда да, финансы-кредиттик ишканаларда да көйгөйлөр башталат. Ошондуктан насыя алууну каалоочуларга биз бардык “макул” жана “каршы” деген жактарды таразалап чыккыла деп кеңеш берет элек.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан