СУУДА СҮЗҮҮ ЭҢ ПАЙДАЛУУ МАШЫГУУ

Сууда сүзгөн адамдын бардык денеси кыймылда болот. Бул кары-жашына да, даярдыгы бары-жогуна карабай да ар бирине пайдалуу кыймылдар. Адистердин айтымында, сууда сүзүү организм үчүн эң пайдалуу машыгуу.

Дененин бардык булчуңдары кыймылдайт
Сүзүүдө адамдын негизги булчуңдары иштегени менен, чарчоого же ооруксунууга алып барбайт. Анда төш зонасы, кол, ийин, сан жана жамбаш кыймылда болуп, моюн жана кол жактагы муундарга ийкемдүүлүктү берет.

Кан алмашууну жакшыртат
Бул процессте дем алуу күчөгөндүктөн, жүрөк-кан тамыр системи да көбүрөөк иштейт. Сүзүүдө кан алмашуу оңой жүргөндүктөн, жүрөктүн согуусу менен кан алмашуу процесстерин жакшыртат. Жүрөктөгү кан алмашуу эффективдүү жүрүп, анын булчуңдары жана кубаттуулугу өөрчүйт.

Дем алуу системи жакшырат
Сууда сүзүүдө бир калыпта дем алуу: мурун менен дем алып, ооз менен дем чыгаруу кажет. Мындай дем алуу гимнастикасы дем алуу булчуңдарын өнүктүрүп, өпкөнү бекемдейт. Жыйынтыгында дем алуу терең жана толук болот. Бул астма, бронхит жана башка өпкө оорулары менен ооругандарга жакшы. Сууда сүзүү менен алектенген адамдын дем алуу системи жөнөкөй адамдыкына караганда 2-3 эсеге жакшы иштейт.

Арыктатат
Сууда сүзүү арыктоонун эң ыңгайлуу түрү. Көп күч талап кылган спорт түрлөрү менен алектенгенде сөөк жана муундарга кооптуу болушу мүмкүн. Ал эми сууда сүзүүдө адам ашыкча калориядан арыла алат. Мисалга, 60 килограммдык адам 30 мүнөт сүзсө, орто эсеп менен 300 килокалориядан арылат. 90 килограммдык адам ушул эле убакытта 450 килокалориядан арылат.

Депрессияга каршы
Сүзүүдө эмоционалдык тонус күчөп, нервдик системдерге туура таасир берет. Суу сиздин кайгыңызды жууп, депрессиядан арылтууга чоң жардам берет.

Ырахат тартуулайт
Сүзүү толугу менен көйгөйдөн бошонууга жардам берет. Иш күнүнөн кийин канчалык чаалыгып, чарчаган болбоңуз, салкын суу сизди сергитип, жеңилдете алат.

Иммунитетти чыңдайт
Көл же агын суулардагы температура адамдыкынан муздак келет. Бул эки башка температуранын айкалышы иммундук системди жакшыртып, адам суук тийүүнү тоготпойт.

Сулуу денелүү болосуз
Көптөн бери суу спорту менен машыккан адамдын ден соолугу чың эле эмес, дене түзүлүшү да сулуу болот. Сүзүү омуртканын түз болуусуна өбөлгө түзөт. Бардык булчуңдар иштегендиктен, адамдын денесинин түзүлүшү чогуу "өнүгөт". Булчуңдар күчтөнүп, жөндөмдүү болгону менен, ашыкча да болуп көрүнбөйт (кыздар булчуң чыгып кетет деп кам санабай эле койсо болот).

ЖӨНӨКӨЙ ЭРЕЖЕЛЕР:
Башка спорт түрлөрүнө салыштырганда сууда сүзүү коопсуз саналат. Бирок муну менен жөнөкөй эрежелерди унутпашыңыз керек:

  • Сүзүүнү жаңыдан үйрөнүп жатсаңыз, инструктордон сабак алып алсаңыз жеңил болот. Сүзгөндү жакшы билбеген соң көлдө же көлмөлөрдө терең жагына баргандан алыс болуңуз.
  • Сүзүүдө чачты суу кылып алам деп чүмкүүдөн коркпоңуз. Чач жасалганы сактайм деп башты өйдө көтөрүп сүзөм десеңиз, андан көрө сууга түшпөй эле койгон оң. Мындай туура эмес абалда кан тамырларга, моюн булчуңдарында күч келип, моюн остеохондрозуна алып келиши ыктымал.
  • 45 мүнөттөн аз эмес убакыт сүзүү натыйжа берет. Эртең мененки тамактанууга чейин же тамактангандан кийин 2-3 сааттан соң сүзүү ылайыктуу.
  • Суунун температурасы 25-28 градус болсо туура. Эгерде суу муздагыраак болсо, дароо сууга чөмүлүүдөн мурда булчуңдарды жибитип алыңыз.
  • Эгерде бассейнде сүзсөңүз, анда суунун канчалык хлордуу экенин билүү керек. Анткени дем алуу системдери же астма менен ооругандарга сунушталбайт. Кээ бир адамдардын хлорго аллергиясы да болушу мүмкүн.

АР ТҮРДҮҮЧӨ СҮЗҮҢҮЗ
Күндө эле бир ыкма менен сүзө бербей, сүзүүнүн ар кайсы түрү менен сүзсөңүз жакшы. Себеби ар кайсы ыкма дененин ар башка булчуңдарына ар башка таасир берет.

Кроль:
Калорияны эң көп коротот. Негизги басым төшкө жана арка булчуңдарына жасалат.


Чалкалап жатып сүзүү:
Дайымкы машыгуулардан кийин абдан ылайыктуу. Арка булчуңдарына жана тизе астындагы тарамыштарга жакшы.


Брасс:
Жүрөк-кан тамыр системине керектүү. Далы, төш, арка булчуңдарына көп басым жасалат.


Баттерфляй:
Ашыкча майларды кетирип, зат алмашууну ылдамдатат. Төш, арка жана далыга басым жасалат.


Адилет Керимбек уулу
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aiya-2012
2016-06-20 13:05:55
abdan paydaluu keneshter eken. chon rahmat!
+1
Bermet_Kasymova
2016-06-21 01:52:23
эхх бассейн болсо
+1
kanykei95
2016-06-21 10:05:30
baseiin jokda
+1
Deniza88
2016-06-24 19:10:31
Бассейнден тез арыктайбы же залданбы??????
0
D.I.D.
2022-01-04 00:38:07
Deniza88,Шахматтан бат арыктайсыз
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан