"Ар бир кесип ардактуу" деген кеп бар. Бирок, ишенесизби, айрым кесиптер айымдар жана мырзалар үчүн сексуалдуу да болуп эсептелет экен. Кыскасын айтканда, "ишине жараша – төшөгү", адамдардын сексуалдык фантазиясына чек жок. Эмесе, кайсы кесип ээлери сексуалдуу экендигин төмөндөн билиңиз.
АЙЫМДАР
(мырзалардын пикири боюнча)
Айрым айымдар эркектердин көзүнө илиниш үчүн өздөрү аракет кылышат эмеспи. Ал эми көпчүлүк эркектер айымдардын кесибине карап арбалышат. Билип алыңыздар, бийчи, актриса жана ырчыдан тышкары төмөнкү кесипкөй айымдар эркектердин шилекейин чуурутат.
СТЮАРДЕССА
Жарашыктуу кийинген, татынакай, жүзүнө жылмаюу төп келип, назик үнү менен суусундук сунуштаган стюардесса кыздарды кайсы эркек эңсебесин? Андай кыздар менен эркектер асмандан түшкүсү келбей, биротоло "космоско" учуп кетүүнү каалашат. Анын үстүнө эртең мененки тамакты Римде, кечки тамакты Парижде жеген стюардессалар эркектер үчүн табышмактуу сезилип, алар эркин учкан чымчыктарды кармагысы келет.
ЖУРНАЛИСТ
Акылдуу, өзүнө ишенген, эң негизгиси – бейтааныш адамдар менен таанышуудан баш тартпаган, адамдар менен бат эле тил табышып кеткен касиети бар журналист айымдар эркектердин жүрөк оорусу. Ошол себептен мырзалардын көпчүлүгү кыялында "Грей мырза" болуп, журналист айымдар менен мамиле курууну каалашат.
КАТЧЫ
Катчысын көрүп шефине өт" демекчи, жылмаюусун, саламын жана кофесин аябаган катчы кыздар эркектердин көз жаздымында калбайт. Өзгөчө шефинин оюн онго, санаасын санга бөлүп, түшүнө кирет. Ал эми "бул шефи менен соо эмес болсо керек" деп ага кызыккандар канча дейсиз?..
ОФИЦИАНТ
Колуна идиш-аяктарды көтөрүп, кафенин ичинде ары-бери тыпылдап жүргөн кыздарды айымдар "жүдөгөн байкуш" деши мүмкүн. Бирок официант кыздар эркектердин көзүнө башкача көрүнөт. Айрым эркектер кафеге анын ашканасы, даамдуу тамактары үчүн эле эмес, так ошол тамакты ташыган тыкан, сыпайы сулуу кыздар үчүн, алар ары-бери басканда артынан суктана караганга да келишет.
МЕДАЙЫМ
Тазалыкты сүйгөн, ден соолук, төшөк эрежелерин сактаган, керек маалда жардамга келген жана кандан коркпогон медайымдар эркектердин суктануусуна арзыйт. Ишенбесеңиз атайын чоңдорго арналган дүкөндөрдүн ар биринен кыска этектүү ак халаттарды табууга болот. Аны жаратуучулардын медайымдарды так ушундай сексуалдуу образда көрө билүүсү да бекеринен эместир.
МУГАЛИМ
Көптү билген, көз айнекчен мугалимдер дайыма эркектердин көңүл борборунда. Жатарда эжейинин элеси көз алдына тартылып, ал тууралуу кыялданбаган окуучу бала жок чыгар. Так ошол "башына жүн чыга элек" окуучу балдар эрезеге жеткенде бир кездеги "таттуу кыялдарын" ишке ашырып, кол жеткистей туюлган мугалим айымдар менен мамиле курууну самашат. Бирок бул аракетинин акыбетин баары эле көрө беришпейт, себеби мугалим айымдар эреже бузбай, түз жүрөт эмеспи.
МЫРЗАЛАР
(айымдардын пикири боюнча)
Айымдар актёр, ырчы, фотомодель жигиттердин кучагында болгулары келери айтпасак деле бештен белгилүү. Алардан тышкары кайсы кесипти аркалаган мырзалар айымдар үчүн сексуалдуу экендигин төмөндөн байкаңыз.
СПОРТЧУ
Дени сак, булчуңдуу, күчтүү, өзүнө ишенген мырзалар айымдар үчүн сексуалдуу экендиги талашсыз. Албетте, ар бир айым коргоого муктаж. Андыктан алар спортчу жигиттердин жанында гана өздөрүн ээн-эркин сезишет. Ал эми булчуңдуу буттарына чапташкан шым кийип алган спортчуну (мисалы, велоспортчу же сууда сүзүүчү) көргөндө айымдар эстен танып кала жаздашат.
АРХИТЕКТОР
Архитектор акыл менен чыгармачылыкты айкалыштырган кесип. Акча десең акчасы, өзүнүн үйү жана акылы бар мырзалар сексуалдуулуктун секисинде. Ар бир айым архитектор мырзанын колун кармап, өзүнүн кыялындагыдай үйдө жашап, сексуалдык фантазия менен жасалгаланган уктоочу бөлмөдө уктагысы келет.
ИШКЕР
Чөнтөгү калың, бир ишти баштоодон коркпогон, өжөр, эмгекчил жана туруктуу жумушу бар мырзалар кайсы айымга жакпасын? Ишкер мырзалардын так ушул сапаттары айымдарга сексуалдуу сезилет. Себеби курсагы ток адамдын гана төшөк менен иши бар да. Айымдар ишкер мырза менен хан сарайда же чет өлкөлөрдүн курортторунда чогуу эс алууну жана, албетте, романтикалуу кечти каалашат.
ТАРТИП САКЧЫСЫ
Тартиптүү, тыкан, бир сүйлөгөн, мыйзамды сыйлаган, орой мырзалар да айымдар үчүн сексуалдуу деп эсептелинет. Себеби айымдар мырзалардын оройлугун сексуалдуу деп бааалашат жана алардын сөзүн угуп, ыгы менен болууну самашат. Башкача айтканда, кээ бир айымдар "мыйзамды бузуп" укук коргоо кызматкерлери менен жок дегенде бир күн болууну эңсешет.
РЕЖИССЁР
Жашоого чыгармачылык менен караган, айымдардын сулуулугун көрө билген жана даңазалай алган мырзанын сүйүктүүсү болууну көпчүлүк айымдар жактырышат. Өзгөчө атактуу болууну каалаган айымдар режиссёр мырзалардын айтканы менен болуп, экранда гана эмес, эки кишилик диванда да "жылдызга" айланууну самашат.
МУГАЛИМ
Акылдуу, талапты коё билген, маданияттуу мугалим мырзалар да сексуалдуу кесип ээлеринин катарында. Жаш, келбеттүү практикант агайын же жашы өтүп калган, көптү билген профессорду тымызын жактырбаган айымдар аз. Анын үстүнө агайларга арналган арзуу ырларын көп эле угабыз. Мугалим мырзалардан көпчүлүк айымдар билимди гана эмес, башка нерселерди да үйрөнгүлөрү келери бышык.
Эркин Сексенбаев
erotika@super.kg