"ТУУРА ТАМАКТАНБАЙ ИЧЕГИЛЕРИ УЗАРЫП, ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ"

"Учурда ичегилери узарып кеткендер көбөйүүдө, андай ооруларга операция жасалып жатыптыр" дегенди угуп Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Абдрасул Калжакеевдин кабинетинин босогосун аттадык. "Баарына ич катуу күнөөлүү" деп баштаган анын маалыматын сиздер менен бөлүшөбүз. Мүмкүн бул оорунун белгилери сизде да болуп жүрбөсүн?

ИЧЕГИЛЕРДИН МИЛДЕТИ – ТАМАК-АШТЫ СИҢИРҮҮ
– Адамдын ичегилеринин жалпы узундугу 4-5 метрге чейин жетет жана ичке ичеги, жоон ичеги болуп бөлүнөт. Ичке ичегинин узундугу 3-5 метрди, жоон ичегинин узундугу 1-1,5 метрди түзөт.
Ашказан биздин ичкен-жеген тамагыбызды өзүнөн бөлүнүп чыккан зили (курамында туз кычкылы, ашказан суюктугу бар) менен эритип, майдалап, 12 эли ичегиге өткөрүп берет. Эритилип, майдаланган тамак – химус деп аталат. 12 эли ичеги өзүнө боордон куюлган өт суюктугу жана уйку безинен куюлган атайын суюктуктун жардамы аркылуу ашказандан келген тамактагы майлар менен ачуу заттарды эритип, ичке ичегиге өткөрүп берет. Ичке ичегиде тамактагы башкы керектүү азык-заттар канга сиңет. Жоон ичегиде канга негизинен суу, витаминдер сиңирилет жана калдыктарынан заң жаралат. Заң түз ичеги аркылуу сыртка чыгарылат.
Ичке ичегиден жоон ичегиге адамдын жеген тамагына жараша күн сайын болжол менен 2 килограмм химус өтөт. Булардан сиңбей калган калдык (заң) 300 граммга жакын.



"АДАМ АПТАДА 3 ЖОЛУДАН АЗ ИЧИН БОШОТСО, ДЕМЕК, ИЧ КАТУУ"
– Адамдын заңы убагында сыртка чык паса, анда ич катуу күтүлөт. Адам бир аптада ичин бошоткону 3 жолкудан аз болуп жатса ич катуу диагнозу коюлат. Кокус ич катуу өнөкөткө айланып кетсе, ич бошотуу мурункудан да сейректей баштайт. Ичти айдоочу дарыларды иче бергенде организм ошол дарыга көнүп, ичегилердин иштөөсү начарлайт.

ИЧ КАТУУНУН СЕБЕПТЕРИ

  • Нервге байланыштуу факторлор (стресс, убагында эс албоо, чоочун өлкө, шаарга баруу)
  • Аз кыймылдуулук ( ичегилер начар иштеп калат)
  • Ичегилердин сезгениши (суук тийүү, инфекция, мите курттар, дисбактериоз, көтөн чучуктун оорулары)
  • Туура эмес тамактануу (колбаса, газдалган суусундуктар, фастфуд, таттууларды, сүт ботколорду көп жегенде)
  • Диетаны узакка кармоо
  • Операциядан кийин ичегинин сезгениши
  • Сууну аз ичүү жана башкалар

ИЧ КАТУУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Заңдын сыртка узакка чыкпашы
  • Ичтин бурап оорушу
  • Тилдин үстүн кебер басуу
  • Теринин кургак тартышы
  • Бүдүр, безеткилердин чыгуусу (жоон ичегилер жакшы иштебей калганда ооздун 2 тарабына, ичке ичеги жакшы иштебей калганда чекеге чыгат)
  • Көңүл айлануу, кусуу
  • Зарна болуу
  • Чыйрыгуу
  • Дем алуунун оорлошу (ич узакка катканда)

ЗАҢДЫН ИЧЕГИДЕ ЖЫЙНАЛЫП КАЛУУСУНУН ЗЫЯНДАРЫ

Организмдин ууланышы
– Топтолуп калган заңда бактериялар жана мите курттар көбөйүп, алар ууларды бөлүп чыгарат. Уулар жоон ичеги аркылуу канга сиңип, бүт организмге тарайт. Мындай учурда боор, тери, өпкө, бөйрөк да чыңалып иштейт. Уулануу өнөкөткө айланса организмде өзгөрүүлөр жаралып, оорулар келип чыгат. Мисалы, сасык тумоодон баштап аллергия, жүрөк-кан тамыр, тери, рак оорулары.

ИЧЕГИНИН ЧОЮЛУШУ, ОПЕРАЦИЯ ЖАСОО
– Убагында сыртка чыкпаган заңдар акырындап катып, ичегинин сезгенген жеринен ары жакшы жылбай ошол жерде топтоло баштайт. Ичегинин ошол бөлүгү акырындап оорлошуп, булчуңдарына күч келип алсызданат да, ичеги чоюла баштайт. Анын үстүнө адам аз кыймылдап, оорлошкон ичегинин чоюлуусуна кошумча болот. Алгач 3-5 сантиметрге чоюлса, акырындап бир метрге же андан да узун чоюлат. Ичеги канчалык узун болуп чоюлса, ичтин бошоосу ошончолук кыйындай берет. Адам дааратканада 30 мүнөт же 1 саат отура баштайт. Анткени жаңы заңдардын да ошол бөлүктөн ары жылышы кыйындайт. Акырында 5 жыл болобу, 10 жыл болобу заңдар жакшы чыкпай, ичеги бүтөлөт. Мындайда операция жасалып, чоюлган ичегилер кесилип салынат.
Андыктан ичегилердин улам узарып чоюла беришин токтотуу зарыл. Мисалы, текшерилип, дарылануу, туруп калган жана күчтүү (өзгөчө эттүү), бат даярдалуучу тамактарды, газдалган суусундуктарды жана таттуу азыктарды четтетүү, көп кыймылдоо, сууну 1 күндө 2-2,5 литрдей ичүү, гречканы, кара нанды колдонуу, жашылча-жемиштерди жана кактарды көп жеш керек. Ич узакка катса клизма жасатуу же ичегилерди суу менен тазалатуу (гидроколонотерапия) да зарыл. Негизи эле ич катууга жеткирбөө үчүн убак-убагы менен ичегилерди шлактардан арылтып туруу ар бир адамга керек.
Ичи катуу катып калгандардын айрымдары 5-10 күндөп, ал тургай 2-3 апталап дааратканага барбай калат. Акырында ичегилери иштебей калат. Мындайда да операция аркылуу иштебей калган ичегинин бөлүгү кесилет. Бизге келген бейтаптардын ичинде ичегисин жарым метрден тартып 1-1,5 метрге чейин кестиргендери бар. Жалпысынан 1 жылда биздин бөлүмдө ичегилери узарып операция жасаткандардын саны 200дөй. Ичинде 1 килограммдан 5-6 килограммга чейин таштай каткан заңды көтөрүп жүрө бергендерге күбө болобуз.
Ичегинин бүтөлүшүнүн жана иштебей калышынын белгилери: ичегинин толгоп оорутуусу, кусуу, желдин чыкпай калышы, ичтин көбүшү, дене табынын көтөрүлүшү жана башка. Андыктан операцияга жеткирбей, ичегилериңизге кам көрө билиңиз.

Канымжан Усупбекова
densoluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
BiLLy Beck
2016-06-20 12:56:37
Кандай даарылар жакшы жардам берет ич катууда? Учурда ошол оору менен ооруп журом больницага барганга убакыт табалбай.Ким билсе жооп жазып коюуунарды коптон коп суранам.
0
Bereke10
2016-06-21 11:08:11
BiLLy Beck, Листья сенны деген бар ич катууда абдан жакшы жардам берет. Анын сенаде деген таблеткасы да болот бирок ичти бурап оорутат ал.Ошондуктан дары чобун алып пайдалансаныз болот.
0
Izabella_an
2016-06-20 16:03:47
Мендеда ушул көйгөй эмне кылсам болот,мен ашказаным ооруп көп кусам ошол себептенби ичим катый берет???азыр бул маалыматты окуп коркуп жатам .
0
krem
2016-06-20 16:21:18
сенны листья, гутталакс менимче жардам берет себеби бизде проблема болсо колдонобуз
0
adinaika
2016-06-20 16:38:07
Куурулган кучтуу тамактарды азайтынызСуюк тамактарды кобурок ичип куурубай бшырып жегенге аракет жасаш керек.Дымдап кайнатып турдуу тамак жасаса болот. Свежий салаттарды кобурок жеп колдо жасалган орук компотторун ичиниз кунуно эч болбогондо 2литр кайнатылган суу ичиниз.Эгер коптон бери копко чейин барбасаныз ажатканага анда биринчи организмди тазалап алыш керек ичегидеги калдыктарды чыгарып.Кайненем адам элдик даарыгер мындай ич катуу менен коп келет.
+1
adinaika
2016-06-20 16:41:11
Даары бар сетевой компан.бир жолу алып ичип коюнуз бардык органдар тазалайт.Тааныштарыбыз баарына ошону кенеш беребиз.Бир тазалап ичиниздегин чыгарасыз (очищение организма) анан кунумдук тамактарды контрольдойсуз ичиниз катпайт
+1
batsam
2016-06-21 11:17:10
Чынында эле ото, ото жаман экен ичин катып калса. Мындан 10 кундой мурун аябай кыйналган болчум ичип катып. Бир дары ичкем атын унутуп жатам, ошондон кийин кудайга шугур болкп калдым. Азыр бут эрежелерин сактап диета менен тамактанып жатам. Billy beck жана Izabella_an Проктология барып корунуп койгула, ошол жактан айтып берет силерге.
0
beksultan__
2016-06-23 19:34:58
эмне кылсам болот дейсинерда эмне кылышты жазып койсо бул жерге. окуп чыккыла жакшылап,эмне жеш керектиги жазылып турат...
+1
sharolli
2016-06-24 09:41:58
Мына сага пайдалуу кенеш озубуз конул бурбаган ич бошотууда канчалаган маанилуу нерсе жатаарын билбейбиз да
+1
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан