Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасовду ким жардырып өлтүргөнү аныкталып, изделүүдө. Бул тууралуу 14-июнда ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров маалымат жыйында билдирди. "Учурда кылмышты уюштурган киши аныкталып, издөө жарыяланган. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын аты-жөнү айтылбайт",- дейт ал.
2014-жылы 27-мартта кикбоксчу Руслан Абасовдун унаасына белгисиз адамдар жардыруучу затты коюп кетишип, анын жарылуусунан улам кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону каза тапкан. Эки жылдан бери кикбоксчунун өлүмүнүн бети ачылбагандыгынан ИИМге карата сын-пикирлер айтылып келе жаткан. Паспорт жасоо менен алектенген "Интел Линкс" ишканасынын кожоюну Дмитрий Цой жана кримавторитет Камчы Көлбаевдин иниси да Руслан Абасовдун өлүмү боюнча суракка алынган.