Марат Султанов:"НАСЫЯНЫ ТОЛУК КЕЧҮҮ МҮМКҮН ЭМЕС"

Өлкөдө насыячылардын нааразычылык толкундоолору, алардын карызын биротоло кечүү керек деген идеологияны таратууну жактаган атайын уюмдар пайда болгону белгилүү. Ал тургай алар ар кандай талап коюу менен нааразычылык акцияларын уюштурууга да жетишишти. Аталган маселенин тегерегинде биздин суроолорго өлкөнүн Улуттук банкы баш болгон финансы тармагындагы ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Марат Султанов жооп берет.

– Марат Абдразакович, акыркы кездеги банк системасында, тагыраагы, көйгөйлүү насыячыларды, "карызды төлөбөй койсо болот" деген лозунгдун алдында ар кандай акциялар уюштурулуп жатат. Мындай кадамдар негиздүүбү?
– Албетте, көйгөй бар. Бул учурда мамлекет тиешелүү чараларды көрүп, өз убагында чыңалууну чечүү жолдорун караштырышы керек. Андай болбогон күндө ортодон ар кандай күчтөр чыгып абалдан пайдаланып кетиши мүмкүн. Көп балалуу үй-бүлөлөр, жумушка жарамсыздык (инвалидность), же дагы башка өтө оор жагдай түзүлгөндө, карызды төлөөнүн кайсы бир шарттарын жеңилдетиши мүмкүн.

– "Батыш мамлекеттеринин мыйзамдары жөнөкөй жарандардын укугун коргойт, бизде мыйзамдар банктар үчүн жазылган" дешет го, ушул чынбы?
– Мен Батышта андай мыйзам бар экенин билбейт экенмин, биринчи жолу угуп жатам. Батышка барып банктан карыз алып, бербей коюуга аракет кылып көргүлөчү, болор бекен? Ал өлкөдө бар экен, бул өлкөдө жок экен деген жөн гана жомок. Бүткүл дүйнөдөгү финансисттер бирдей эреже менен эле иштешет. Бирөөдөн акча депозитке алышат, бирөөгө карыз беришет. Бирок эч качан кечишпейт. Бул нонсенс. Жеңилдиктер берилиши мүмкүн, реструктуризацияга барышы мүмкүн. Башкача айтканда, насыянын жоболору өзгөрүшү мүмкүн: үстөк пайыздар, төлөө графиги жана башка талаптар кайра каралып чыгышы мүмкүн. Бирок бул карызды толук кечүү дегендикке жатпайт.

– "Насыя берип жатканда Батыштагы банктар жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Бизде кайсы бир деңгээлде шалаакылык мамиле жасалгандыктан карапайым эл насыя алууда банктарга алданып калып жатат" деген пикирлер да бар...
– Насыянын кайтарымдуулугу боюнча экспертиза Кыргызстандагы банктар тарабынан да сөзсүз жасалат. Бизнес үчүн насыя бергенде бизнес-планды карап, сөзсүз маани беришет. Эгер жөн гана күнүмдүк тиричиликке коротулчу – «потребительский кредит» болсо, анда 2 эле позицияны карайт. Айлык маяна, киреше барбы-жокпу деген гана талап. Анткени насыя берчү тарап берген акчасын кайра кайтарып алууга кызыкдар.
Учурда насыячылардын 90 пайызы төлөп жатпайбы. Эмне үчүн калган 7-10 пайыз жарандардын карызын мамлекет төлөшү керек, башкача айтканда, салык төлөөчүлөрдүн моюнуна түшүшү керек? Же болбосо эмне үчүн өз каражатын банкка депозитке койгон башка жарандардын акчасы башка бир жарандарга кайтарымсыз берилиши керек? Насыя алуу тууралуу чечимди жарандар жеке өздөрү кабыл алышкан. Демек, аны кайтаруу жоопкерчилигин да сезиши керек.
Дагы кошумчалай кетчү маселе, мамлекет мындай абалдан чыгуу үчүн коммерциялык банктарга карыздарды реструктуризация жасоого шарт түзүшү керек. Бул учурда өкмөт, парламент мыйзам чегинде атайын жоболорду кабыл алса болот. Ошондо да эч бир коммерциялык болобу, же башка банк болобу, эч кандай зыян тартпагыдай шартта гана. Эсиңиздерде болсо, 2000-жылдардын башында, тескерисинче, банктар банкрот болгондо депозитчилердин катуу толкундоолору болгон. Мен ошол кездеги депозитарийлердин маселесин чечкен адамдардын биримин. Биз көйгөйдү чечүүдө тиешелүү мыйзам, жоболорду кабыл алуу менен жаралган чыңалууну жеңилдеткенбиз.

– Банктар кирешесинин кайсы бир бөлүгүн ар кандай тобокелчилик абал үчүн, башкача айтканда, таптакыр кайтарымсыз насыялар үчүн бөлүү менен чечсе болобу?
– Жогоруда айтып кеттим, насыяны толук кечүү мүмкүн эмес. Анткени банктар деле өзүбүздүн эле кыргызстандык жарандардан депозит чогултушат. Ошол депозиттин бир бөлүгү сөзсүз насыяга берилет. Эми ойлоп көрүңүз, элдин акчасын кайтарбай коюуга болобу? Дагы кайталайм, супер форс-мажордук абал түзүлгөндө гана банктар реструктуризацияга барышы мүмкүн.

Владимир Школьный, психолог:"КАРАЙЛАП ТУРГАН АДАМ ЖАЛГАН ИШЕНИМГЕ ОҢОЙ ЖЕТЕЛЕНЕТ"

– Соңку кездери насыя алган жарандарыбыз карызын төлөй албай, көчөгө митингге чыга башташты. Кадимкидей талаптарды коюп, манифесттерди кабыл алып жатышат. Психолог катары бул абалга кандай баа бересиз?
– Митингге кызыкдар адамдар менен бирге микрокредит алган жарандарыбыз жер-жерлерден келип жатышат. Аларды коргойбуз деген уюмдар "3 пайыз кылып беребиз, моралдык компенсация төлөтөбүз" деп ооз көптүрүшүүдө. Бул финансы жактан билимсиз адамдарга багытталган кадам.

– Эл ушинтип айласын таппай калганда митинг уюштуруучулар ошондой абалдан пайдаланып жатабы?
– Психологиялык абалын карайлы, мисалы, кардар пайыздарды төлөп келгени менен, кийинки жумада негизги сумманы төлөшү керек болот. Анан ал байкуш эмне кылат? Карайлай баштайт. Кайсы жакка барарын билбей стресс абалга кептелет. Ошондой маалда сөзсүз бирөө пайда болот да, үмүт отун тутандырып, жардамын сунуш кылып, митингге чыгууга түрткү болот. "18 пайызга эмнеге алдыңар, жүргүлө, өкмөткө барып "3 пайыз кылып бергиле!" деген талап коёбуз. Жүрөгүңөр ооруду, ден соолугуңар бузулду, моралдык компенсация төлөтүшүбүз керек" деп элдин башын айлантат. Ошентип элдин сезимине ойноп жатышпайбы. Эл болсо, "алар бизден коркуп насыяны кечирет" деген жалган ишенимге жетеленип калышат. Бул өтө оор абал. Бул стресстен өзүң гана чыга аласың, эч ким сага жардам бербейт. Ошон үчүн алыңа жараша иш кыл, алыңа жараша кредит ал.
Бул маселеде кеңеш айтуу өтө эле оор. Болгону жол табыш керек. Бир гана жол бар. Белди бекем бууп иштеш керек. Кредитиңди төлө да, жашооңду кайра нөлдөн башта! Мындай жолду карыз болгондордун 3-5 пайызы эле тандашы мүмкүн.

Динара Назаркулова, насыячылардын укугун коргоо комитетинин жетекчиси:"КӨЙГӨЙЛҮҮ НАСЫЯЧЫЛАРДЫ ПАЙДАЛАНГЫСЫ КЕЛГЕН ҮЧҮНЧҮ КҮЧТӨР БАР"

– «Банктан насыя алып, аны төлөбөй коюуга мүмкүн, өкмөт көйгөйлүү насыячылардын карызын моюнуна алышы керек» деген ураандар акыркы нааразычылык акцияда айтылды. Кандай ойлойсуз, ушундай болушу мүмкүнбү?
– Бул абсурд. Өлкө казынасы жарды. Кайсы алына мамлекет жарандардын карызын моюнуна алышы керек? Менин оюмча, элди жөн эле алдап жатышат.
Насыячылар андай чакырыктарга ишенип төлөбөй жүрө беришсе, эртең пайыздар өсүп кетсе, ким жооп берет? Ошол эле Кубан Чороев, Акылай Кенекеева жооп бербейт да. Жакында эле мага жигит келип, «Буларга ишенип артынан жүрдүм. Эч маселе чечилген жок. Эми көчөдө калдым» дейт. Азыр биз банк менен сүйлөшүп жатабыз. Ал жигит үй-бүлөсү менен Орусияга иштегени кетти. Өз үйүн кайра сатып алуу жагын караштырып жатабыз.
Бишкекте нааразычылык акцияга катышкандардын көпчүлүгү аймактардан келгендер. Карызга батып, кыйналып турган адамга "нааразычылык акциясына чыксаңар силерге акча төлөйт, буга кошумча 3 пайыздуу насыя да берет" деп ишендирип жатышат да. Аймактардан кайра эле жол киреге карыз алып келип жатышат.

– Сиздин уюм Кубан Чороев, Акылай Кенекеева уюштуруп жаткан акцияларга катышып жүрөбү?
– Жок. Мен аткарууга мүмкүн болбогон абсурд убада бербейм. Айткан сөзүбүзгө жооп беришибиз керек да. Элди жөн эле таттуу убадалар менен алдагым келбейт. Бул маселеде мен чындап оор абалга тушуккан жарандарга адвокат катары жардам, кеңеш бере алам.

– Анда карыз төлөй албай кыйналып турган насыячыларды кызыкдар тараптар өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат десек болобу?
– Мен дайыма айтып келем, эгер мамлекет ушуга окшогон социалдык көйгөйлөргө көзөмөл жасап, тиешелүү чараларды көрбөсө, айласы кетип турган элди пайдалангысы келген үчүнчү бир күчтөр сөзсүз түрдө пайда болот. Эгер эртең Чороев, Кенекеевадан бөлөк да башка бирөөлөр чыгып, катуу убада берсе, эл аны деле ээрчип кете берет.

Маектешкен
Темир Болотов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан