ДҮЙНӨНҮН ЭҢ ТААСИРДҮҮ АЙЫМЫ – АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ

Адатта ал үч топчулуу костюмдарды киет. Анан калса костюмдарынын баары окшош. Болгону түстөрү гана өзгөрүп турат. Чач жасалгасы кыска, анысы да көп жылдардан бери өзгөрө элек. Мындай караганда, бир эле чач жасалга менен окшош кийинген кишиге көз көнүп, көпчүлүктүн арасында көрүнбөй калышы керек болчу. Бирок ал, тескерисинче, мына ушул көз көнгөн турпаты менен дүйнөдөгү эң таасирдүү айым болуп келе жатат. Ал айымдын аты – Ангела Меркель.

«ӨБҮЛБӨГӨНДӨРДҮН» КАТАРЫНДАГЫ АНГЕЛА

Германияны 2005-жылдан тарта алдыңкы өлкөлөрдүн катарында баштап келе жаткан канцлердин толук аты-жөнү Ангела Доротея Меркель. Ангела Хорст Каснер аттуу дин кызматкеринин жана анын жубайы мугалим Герлинданын тун кызы. 1954-жылы Гамбургда төрөлгөн. Ал мектепте математика, физика жана орус тил сабактарын абдан жакшы көрүп окучу. Бир ирет орус тили боюнча мектеп олимпиадасын утуп алып, Советтер союзуна келип кеткен. Көп кыздардай эле ал апасына карап түздөнсө керек, балким, ошондон улам мугалим болууну самачу.
Өспүрүм курагында Ангела ошол кездеги жаштардан кем калышпай айтылуу «The Beatles» тобунун ырлары менен ооруп, дискотекаларга барып жүрчү, бирок бийлечү эмес. Жөн гана бул топтун обондору жагар эле. Ал кезде мини юбкалар модада болсо да, Ангела жынсы шымды катыра кийген. Кыска чач, көзгө урунбай тургандай кийинген Ангела тууралуу анын бир классташы кийин «Ангела өбүлбөгөндөрдүн катарында болчу» деп эскерген.

МЕРКЕЛЬ: «БААРЫ ҮЙЛӨНҮШТҮ, БИЗ ДА ҮЙЛӨНҮП АЛДЫК»

Мектепти бүткөн соң Ангела Лейпциг шаарындагы Карл Маркс университетинде физика жаатында билим алып баштаган. Окуу жайда ал Ульрих Меркель аттуу жигит менен таанышып, 1977-жылы ага турмушка чыгат. Баса, анын күйөөсү да физиканы чаккан студент болчу. Бирок 5 жылдан кийин экөө ажырашып кетишет. Бул боюнча Меркель: «Баары эле үйлөнүп жатышкан, биз да үйлөнүп алдык. Дегеле, мен үй-бүлө курууга олуттуу карабаптырмын. Жыйынтыгында алданып калдым»,- деген. Ошентип ал күйөөсүнө үйдөгү эмеректин баарын калтырып, өзү кир жуучу машинаны жана күйөөсүнүн фамилиясын алып кетип калган.

КОМПЬЮТЕРДИ ҮЙРӨТҮҮДӨН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Аз өтпөй Федеративдүү Герман Республикасы жана Герман демократиялык республикасы болуп экиге бөлүнүп жүргөн Германия биригүүгө багыт алат. Дал ошол 1989-жылы Меркель «Демократиялык секирик» («Демократический прорыв») деп аталган партияга компьютер колдонууну үйрөтүүчү болуп кирет. Кийин ушул эле партиянын басма сөз катчысына айланат. Бара-бара аталган партия эки Германия биригип, Федеративдүү Германия Республикасы аталып калган тапта «Христиан демократиялык союзу» (ХДС) партиясына барып кошулат. Ошол кезде аталган партиянын төрагасы жана Германиянын канцлери болгон Гельмут Коль ар бир иштин майын чыгарган, өтө эле салабаттуу, жоош көрүнүп, бирок ошол эле учурда күчтүү, алдын ала боло турган окуяларды тыкыр иликтей алган Ангела Меркелди колдоп баштайт. Адегенде Бундестагга (парламентке) депутат болуп барган Меркель 1991-жылы ошол эле Колдун колдоосу менен аялдар жана жаштар иштери боюнча министри, 1994-жылы айлана-чөйрөнү коргоо министри болуп дайындалат. Бул кезде ага «Колдун кызы» деген лакап ат жабышат. 2000-жылы Ангела Меркель ХДС партиясынын төрайымы болуп шайланат да, 2005-жылы канцлердик тактыга келет. Германиянын тарыхында ал биринчи аял канцлер болуп калды.

БАТИРДИ ИЖАРАГА АЛЫП ЖАШАГАН КАНЦЛЕР

Немистердин көбү канцлер Ангела Меркелди жакшы көрүшөт. Ананчы, анын башкаруу маалында Германия 2008-жылдагы дүйнөлүк экономикалык каатчылыкты кыйналбай басып өттү. Карапайым элдин жашоосу күн санап жакшырып баштаган. Алардын канцлери Ангела болсо абдан эле жөнөкөй. Ал кызматтык батирден баш тартып, борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирди ижарага алып жашап келет. Кызматтык унаасы кадимки эле Ауди А8, дем алыш күндөрү болсо өзүнүн Volkswagen унаасы менен эле жүрөт. Үйүнүн жанындагы дүкөнгө барат да, кечинде күйөөсүн тамак жасап тосуп алат. Анын экинчи күйөөсү Иоахим Зауэр абдан таланттуу химик. Ангела 44 жашка чыккандан кийин гана ага расмий түрдө турмушка чыккан. Жубайлардын балдары жок. Бул боюнча Меркель: «Балалуу болгум келчү. Тилекке каршы, мен ойлогондой болбой калды. Саясатка аралашкандан кийин бул маселе тууралуу ойлонбой да калгам»,- деп жооп берген.

ИЙГИЛИК СЫРЫ – ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮНДӨ

Журналисттер, анын өмүр баянын изилдеген адамдар Меркелдин ийгилик сыры – анын жөнөкөйлүгүндө деп айтып келишет. Анда материалдык байлык топтоо амбициясы да жок. Айрымдар «Ангела укмуштай сүйлөй алган чечен эмес, анын образы да эсте калбайт. Ал карьерасын жакшы кызмат кылуу жана таасирдүү байланыштар менен гана жасаган» деп баа беришсе, кээ бири «анын ушундай жупунулугу негизги куралы, ал эч кимге зыяны жок койдой көрүнөт, бирок анын ичинде карышкыр жашынып жатат» деп сыпаттап келишет. Көпчүлүктүн белгилешинче, Меркель ар бир чечимди сандарга, аргументтерге гана таянуу менен чыгарат. Чечим чыккан соң аягына чейин күрөшөт. Артка кайтпайт.

КӨЙНӨГҮ ТАЛКУУ ЖАРАТКАН

Меркель дал ушул окшош кийине берүү менен өтө эле жөнөкөй экенин далилдегиси келгендей. Бир ирет ал: «Гардеробумда канча пиджак бар экенин эстей албайм. Бирок ар бир иш-чарага карап түстөрдү тандайм. Кээде колго урунганын эле кийип кетип калам»,- деп билдирген. Ошентсе да кээде канцлер айым көйнөк кийип калат. Маселен, 2008-жылы Ослодогу жаңы операнын ачылышына көкүрөгү ачык көйнөк кийип барган. Дал ушул учурда Германия аскерлери Ооганстанга жеткирилгени коомдо талкуу жаратып жаткан болчу. Бирок канцлердин көйнөгүн көргөн көпчүлүк ал маселени унутуп, Меркелдин көйнөгүн талкуулап башташкан.

КҮЧТҮҮ АЙЫМ ИТТЕН КОРКОТ

Ал Европа биримдигин уучунда кармап турган айым, Германияны алдыңкы өлкөлөрдүн катарына алып чыккан лидер, анан дем алыш күндөрү шаар четиндеги үйүнө барып тамак жасаганды жакшы көргөн аял. Бирок мына ушул дүйнөдөгү эң таасирдүү айым иттерден коркот. Аны бир кезде коңшусунун ити тиштеп алган экен. Кайсы бир өлкөгө иш сапарга барардан мурун канцлердин жардамчылары ал жерде иттер болбош керектигин эскерткен кат жөнөтүшөт. Бирок 2007-жылы Меркель орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда алар отурган бөлмөгө Путиндин Кони аттуу лабрадор породасындагы ити кирип келген. Айрым басылмалар Путин Меркелдин иттен коркорун билгенин, орус президенти муну атайын жасаганын белгилешип, «Меркелдин корккон абалын көрүп ырахат алып жатты» деп жазып чыгышкан. Бул окуя боюнча Путин Меркелден кечирим сураганын кийин билдирген.

АДАМ УКУКТАРЫН СЫЙЛАЙ БИЛГЕН МЕРКЕЛЬ

2016-жылы Форбс журналы Ангела Меркелди 11-ирет дүйнөнүн эң таасирдүү айымы деп тапты. Меркель 2015-жылы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү согуштук аракеттерден жабыр тарткан качкындарды Германияда жылуу тосуп алып, аларга баш паанек берүүнү чечти. Анын мындай чечими көпчүлүк тарабынан сынга кабылды. Бир жыл ичинде эле Германияга келген мигранттардын саны миллионго чукулдады. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Меркелдин бул саясатына ыраазы болгонун жашырган жок. «Жетекчи катары ал жөнөкөй эмес, татаал, бирок туура жол тандады. Ал Европадагы эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү адеп-ахлактын үнү болуп калды»,- деп билдирди. Албетте, Пан Ги Мун Меркелдин адамдык сапатын, адам укуктарын сыйлай билгенин белгилеп өттү.

Бул секелек кыз дүйнөнөн эң таасирдүү айымы болорун ал кезде эч ким боолголобосо керек.


Канцлердин жолдошу Иоахим Зауэрди немистер "биринчи мырза" деп коюшат.


Элдин баары мода кууп кийинип жүрсө, Ангела кийимге басым жасачу эмес. Азыр да басым жасабайт.


Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан