Өмүрбек Текебаев: «БИШКЕК ЖЕКЕ АДАМДАРДЫН ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНЫН БАРЫМТАСЫНА АЙЛАНБАШ КЕРЕК»

«Ата Мекен» фракциясы демилгелеп чыккан «Бишкек шаарынын тарыхый борборун өнүктүрүү жана реконструкциялоо» боюнча мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратып, шаар тургундарынын кээ бирлери мыйзамга каршы кол топтошууда. Өмүрбек Текебаев бизге маек куруп, демилгенин максатын түшүндүрдү.

– «Ата Мекен» демилгелеп чыккан мыйзам шаардын борборунда жашаган адамдардын арасында кызуу талкуу жаратты. Шаардын борбордук бөлүгү биздин эски интеллигенциянын, советтик-чарбалык активдин урпактары жайгашкан жер. Алар мыйзамды жакшы билишет. Мына ошолор азыр аталган мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышат. Элдин бүйүрүн кызыткан бул мыйзамдын маңызын кенен түшүндүрүп кетсеңиз...
– Туура, убагында чоң кызматтарда иштеген, чыгармачыл, илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, чарбалык же партиялык элита Бишкектин борбордук аймагынан үй алышып, жайгашып, азыр ал үйлөрдө урпактары өмүр кечиришет. Кыргызстандын чек арасы Аксыдан бузулуп жатканда, Кытайга Үзөңгү-Кууш, Казакстанга Каркырабыз кетип жатканда кыймылдап койбогон биздин каймактардын кээ бир урпактары шаардын борбордук бөлүгүн реконструкциялоо жөнүндө угары менен төшүн дзотко тоскон Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу жаны күйүп, ызылдап чыгышты.

– Мыйзам долбоорунун маңызына токтолсоңуз?
– Бишкек чоң, биз болгону анын тарыхый борбору жөнүндө мыйзам киргиздик. Түндүгүнөн Жибек Жолу проспекти, батыш жагынан Жаш Гвардия бульвары, түштүгүнөн Линейная көчөсү (темир жолдун аркы бетиндеги жол), чыгышынан Карпинский көчөсү менен чектелген жерди тарыхый борбор деп атадык. Эмне үчүн? Мен айтып кеткендей, партиялык-советтик активдин жетекчилери, тунгуч жазуучулар, академиктер, маданият жана илимдин өкүлдөрү ушул жерде жашашкан жана иштешкен. Бул квадратта Кыргыз Республикасынын жогорку бийлик органдары, банктар, финансылык-экономикалык институттар жайгашкан. Республикалык деңгээлдеги бардык жыйындар, ар кандай иш-чаралар ушул жерде өтөт. Театрлар, музейлер, жогорку окуу жайлар сыяктуу тарыхый-маданий объектилер, оюн-зоок өтүүчү кооз жайлар, шаардыктар эс алуучу жашыл зоналар, парктар, скверлердин баары ушул аймактан орун алып, шаардыктардын сүйүктүү жайына айланган. Ошондуктан ушул тарыхый борборду тез аранын ичинде өнүктүрүп, жолдорун, тротуарларын оңдоп, эски, талкаланган үйлөрдүн ордуна бийик, көп кабаттуу үйлөрдү куруш керек. Тарыхый борбордун ар бир квадрат сантиметр жерин сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Аны ысырап кылбай көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бул жердин инфраструктурасын, мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен пайдаланышыбыз зарыл.

– Ал үчүн эмне кылыш керек?
– Мамлекет, шаар өзүнүн конституцияда көрсөтүлгөн укугунан пайдаланып эски үйлөрдү базар баасында сатып алып, долбоор түзүп, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго сунуш кылышы керек. Менин оюмча, андай инвесторлор табылат.

– Мыйзам конституцияга каршы келбейби? Адамдын жеке менчикке болгон укугун бузбайбы?
– Конституциянын 12-беренесинде, Жарандык кодекстин 233-17, 233-18-беренелеринде, Жер кодексинин 68-беренесинде мамлекет жеке менчикти, ошонун ичинде кыймылсыз мүлктү соттун чечими же келишим менен ээсине мүлктүн толук баасын төлөп бергенден кийин гана мамлекеттик муктаждыктарга алып койгонго укугу бар деп жазылып турат. Биз сунуштап жаткан мыйзам ошол принциптин иштөө жол-жобосун гана аныктап жатат. Ошол менчикти муниципалдык менчикке алуу сунушун ким берет, ал кандай формада жасалат, ал сунушту ким бекитет, ал коомчулукка качан жана кантип жарыяланышы керек, ал чечимдин аткарылышын ким көзөмөлдөйт, алына турган менчиктин тизмеси качан жана ким тарабынан түзүлөт, ал мүлктүн баасын ким аныктайт, баа кандай болуш керек, аныкталган баа менчик ээсине кандай форма жана мөөнөттө берилет? Мыйзамдын долбоорунда менчик ээсинин мүлкүн компенсациялоонун 3 түрү сунушталат: биринчиден, үй ээсине үйүнүн баасына тете жер тилкесин шаар сунуш кылышы мүмкүн. Экинчиден, эски квартирасынын баасына тете квартира сунуш кылышы мүмкүн, үчүнчүдөн, квартирасынын баасын акчалай бериши мүмкүн. Менчиктин баасы толук төлөнмөйүнчө мамлекет аны карамагына ала албайт. Демек, шаардыктардын менчикке болгон укугу толугу менен кепилденген. Кээ бир саясий күчтөр бул кырдаалды кызыл кулактык менен өз пайдасына буруп жатат. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу үйлөргө барып «Силердин үйүңөрдүн баарын талкалай турган болду, арзан баада мамлекет сатып алат. Көп кабаттуу үйлөр талкаланат, баасы эң арзан, 10 эсе арзан болот экен» деп ушак таратып, «ушул мыйзамга каршыбыз» деп азыр кол топтоп жүрүшөт. Алар «Бишкектин борборундагы жогорку окуу жайларын, театрларды, китепканаларды, мектептерди талкалап, ордуна базар, оюн-зоок борборлорун курат экен» деген карандай калпты таратышты. Ошол демилгечи топтун арасында, ушак таратып жаткандардын ичинде белгилүү эле адамдын урпактары бар экен. Эми алардын акылы жана билими жетпейт деп айтыш кыйын. Жогорку окуу жайларынан билим алган, кыргызчага караганда орусча тың сүйлөгөн, англисче да билген адамдар. Бир гана нерсени билем, саясий кызыкчылыктан башка дагы жеке кызыкчылыктар бар. Алар завод-фабрика курбайт, бизнес кылып базарда турбайт, дыйканчылык кылбайт, байлыгына жерлерди алып коюп, эми баасы чыкса миллион долларга сатамын деп турушат. Алар бүгүн сатпайт, каражатка муктаж эмес, анткени бай. Алар 10-20 жыл күткөнгө да даяр «баасы чыкпаса менин балам, неберем сатып күн көрөт» деп да ойлошот. Ал эми Бишкектин тарыхый борбору жалпы улуттук, саясий мааниге ээ. Анан экс-премьердин кызы же баласы баасы чыкса сатып майда чайнап жесин деп шаардын көркүн бузуп турган үйдү кыргыз эли карап отура бермек беле? Анда өзү инвестор таап оңдосун ал үйдү. Кечээ биз менен жолугушууга келип, бирөөсү «мен кааласам миллион долларга сатам» деп айтып отурат.
Бишкек шаарынын борборунун абалы жеке бир адамдардын өз кызыкчылыгынын барымтасына айланбаш керек. Анткени республиканын борбору башка шаарларга үлгү болгудай, шаардын тургундарына, жаштарга, балдарга эстетикалык рахат тартуулаганга татыктуу кооз жана көргөн адамдын көңүлүн көтөргөн жайга айланыш керек.

– Мыйзам боюнча кандай үйлөрдү мамлекет базар баасында сатып алат да, кандай коомдук имараттар кол тийгис катары сакталат?
– Ушул кезге чейин шаардын башкы планына ылайык курулуп, ишке берилген үйлөр кол тийгис. Мамлекет тарабынан алынбайт. Мыйзам долбоору буга кепилдик берет.
Экинчи, 1990-жылдары республикада болгон экономикалык-финансылык кризистен улам шаардын башкы планына кирбеген үйлөр жана имараттар курулуп кеткен. Алар көп кабаттуу болбосо да, шаардын көркүнө төп келип турат. Аларда банктар, ар кандай уюмдардын кеңселери, элчиликтер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жайгашкан. Мындай объектилерди шаардын башкы планына кирбеген деп талкалап салуу туура эмес жана ошондой эле шаар жана мамлекеттин алы жетпейт. Ошондуктан мындай имараттарды мыйзамдын алкагында коргоого алуу зарыл. Ошентип 1990-жылдардан бери шаар уруксат берген объектилер мыйзам долбооруна ылайык кол тийгис жана мамлекет алалбайт. Бишкек шаарынын башкы планына туура келбеген, ураганы турган, шаар көркүн бузган үйлөрдү, имараттарды менчик ээсинен мыйзамдын негизинде сатып алып, менчик ээсине жогоруда белгилегендей компенсациялоонун үч түрүн сунуштайт.
Мисалы, квартира ээсине ошол жерде курулуучу үйдөн мурунку аянтынан кем эмес квартира сунуш кылынат. Ал эски квартирадан 1,5-2 эсе чоң болушу мүмкүн.
Жаңы үй бүткөнчө үйү бузулган кожоюнга шаар убактылуу квартира берет же квартиранын ижара акысын төлөп берип турат. Ал эми имараттардын 1-кабаттары соода-сатыкка, бизнеске пайдаланылат. Ошондой эле бизнес иштери менен алектенгендер биринчи же экинчи кабаттардан мурдагы аянтынан кем эмес аянтка ээ болот.
Бизнес объектисинин кожоюндарына жаңы имарат бүткөнгө чейин алар алып турган, документ менен тастыкталган кирешени шаар төлөп берип турат.
Шаардыктардын менчикке болгон укугу бузулат деп айтып, элдин арасында туура эмес үгүт жүргүзүп жаткандардын айткандары бүгүнкү чындыкка туура келбейт.

– Куруп берген маегиңизге рахмат.

Кудайкул Жусупов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан