БОЙГО БҮТҮРБӨӨЧҮ КАРАЖАТТАР. КАЙСЫНЫСЫ ИШЕНИМДҮҮ?

№19-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач гинекологу Айша Тыналиева "Үй-бүлөнү туура пландоо керек. Балдардын аралыгы жок дегенде 3-4 жыл болсо эненин организми тыныгып, кийинки төрөт үчүн күч жана керектүү витамин, минералдык заттарды топтоп жетишет. Анын үстүнө аял окуусун бүтүрө элек болсо бүтүрүп, акча табуу керек болсо иштеп алат" деп сөзүн баштап, бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу айтып берди.

ГОРМОНАЛДЫК КАРАЖАТТАР

Гормондор бириктирилген таблеткалар
– Таблеткалардын кээ бир түрлөрүндө 21, кээсиникинде 28 таблетка бар. Түрүнө карабай 21 таблетканын курамында гана гормон болот. Андыктан 28 таблеткалуусундагы калган 7 таблеткада канды толтуруучу жана башка минералдык заттар гана болуп, гормон болбойт. Кайсынысын ичүүнү аял врач менен кошо тандайт.

  • Этек кир келгенден 2-3-күнүнөн тартып үзбөй ичилип башталат. Кокус 2-3 күн ичилбей калса, бойдо болуу күтүлүшү мүмкүн.
  • Курамындагы гормондор аялдын энелик безинен жумуртка клеткаларынын бышып жетилүүсү менен бөлүнүп чыгуусунун алдын алып, бойго бүтүрбөйт.
  • 100 аялдын бир-экөөсүнүн гана боюнда болуп калуусу мүмкүн.
  • Төрөгөн аялдар 6 айдан кийин гана колдонушу кажет, болбосо сүтү эрте кайтып кетет!
  • 35 жаштан жогорку тамеки тарткан аялдарга, эмчекте баласы барларга ичкенге болбойт! Бала эмизгендерге прогестин таблеткаларын ичүү сунушталат.
  • Ичип жүргөн кезде убак-убагы менен канга анализ тапшырып, УЗИге түшүү талап кылынат. Анткени гормон ички бездердин иштөөсүнө жана канга таасир этет. Кан коюуланып кетүүсү мүмкүн.

Инъекциялык (укол түрүндөгү) каражаттар
Мунун 1 айда, 2, 3, 4 айда бир сайылуучу түрлөрү бар. Түрүнө жараша карууга же жамбашка сайылат. Курамында энелик безден жумуртка клеткаларынын бөлүнүп чыгышынын алдын алуучу гормондор бар.

  • 1 жыл ичинде колдонгон 100 аялдын биринде гана кокустан боюнда болуусу мүмкүн.

Норплант
Бул тери алдына (адатта каруунун) жайгаштырып коюучу, 5 жылга чейин бойго бүтүрбөй таасир берүүчү каражат.

  • Балдарынын жаш аралыктары алыс болуусун каалаган аялдар үчүн эң ыңгайлуу.
  • Норпланттын капсулаларынан күн сайын керектүү гормон бөлүнүп чыгып, бойдо болтурбайт.

Жогоруда аталган 3 каражат түрүн боор, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, ашказан, калкан сымал без, уйку бездин оор ооруларында колдонууга болбойт!

ТҮТҮКЧӨЛӨРДҮ БАЙЛОО

– Бул ыкма хирургиялык жол менен бойдон бүтүүдөн сактануу болуп эсептелет. Аялдын 2 түтүкчөсү байланган соң эркектин сперматозоиддери жатындан ары өтө албай, башкача айтканда, аялдын жумуртка клеткалары менен бирикпей калат да, бойдо болбойт. Бул кадамга аял кийин бала төрөбөйм деп чечим кабыл алса гана баруусу кажет. Анткени түтүкчөлөр байланган соң жабышып бүтүп калат да, кийин бойго бүтүүгө мүмкүнчүлүк болбойт.

ВАЗЭКТОМИЯ

Бул эркекке колдонулуучу мини операция. Эркектин уруктук чыгуучу каналы байланып коюлат. Ушул себептүү жыныстык жактан кошулганда эркектин бел суусунда сперматозоиддер болбойт. Мындай ыкма эркек мындан кийин балалуу болбойм деп чечкенде гана колдонулат.

КАЛЕНДАРДЫК ЫКМА

Этек кир келгенден баштап 14-15 күн дегенде аялдын эн безинен 1 гана өсүп жетилген урук клетка бөлүнүп чыгып, 24-36 саат жашайт. Ошондуктан этек кир келгенден кийин 12-13-14-15-16-күндөр бойго бүтүүгө шарт түзөт (эркектин уругундагы Y хромосомалары 1 сутка, X хромосомалары 3-4 сутка жашайт. Жубайлар аялдын этек кири келгенден тартып 12-13-күндөрү кошулушса, Y хромосомалары аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтпөй, 1 сутка дегенде өлүшөт да, чыдамдуу X хромосомалары калат. Алар аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтүп турушат да, бири аны уруктандырып, бойго бүтөт).
Жогоруда айтылган күндөрү бойго бүтүрбөөчү каражатты колдонуңуз.

ЖАТЫН ИЧИНЕ САЛЫНУУЧУ СПИРАЛДАР

Мындай спиралдардын түрлөрү бар. Андыктан аларды колдонуу мөөнөтү да түрдүүчө. Мисалы, Медь Т380А 10 жылга чейин колдонулат. Ал эми мультилоаддык түрү оңой менен түшпөй турган сапатка ээ.

  • 1 жыл ичинде колдонгон 100 аялдын эки-үчөөнүн гана боюнда болуп калуусу мүмкүн. Спиралдын үстүнө бойго бүткөндө бала калыптагыдай эле төрөлөт. Анткени спираль баланын тонунун сыртында калат. Кээде гана бир маселелерден улам бойдон түшүүгө жеткирүүсү мүмкүн.
  • Спиралдар адатта этек кир келген убакта, төрөгөндөн жана аборттон кийин 2-3 суткада салынат жана аял каалаган убакта алынат.
  • 6 ай сайын врачка барып текшерилип туруу кажет.
  • Спираль этек кир убагында кандын көп келүүсүн шарттайт. Андыктан анемиянын алдын алып, гемоглобинди көтөрүүчү каражаттарды врачтын көрсөтмөсү боюнча ичүү сунушталат.

Миома, жатын моюнчасынын эрозиясы, анемия, бөйрөктүн оор оорусунда, рак оорусунда спиралдарды колдонууга болбойт.

ТОСМО КАРАЖАТТАР (БАРЬЕРНЫЕ)

– Буларга эркектин уруктугун өткөзбөй кармап калуучу, уруктукту өлтүрүүчү каражаттар (барьерные) кирет. Аларды дарыканадан алып, өз алдынча колдонууга болот.
Түрлөрүнө: диафрагма, атайын суюктук сиңирилип коюлган салфетка, аэрозоль, гель, крем, презерватив, жыныс кынына салынуучу таблеткалар кирет. Буларды көрсөтмөсүнө жараша колдонуу керек. Мисалы, диафрагманы аял жыныстык катнаштын алдында жыныс кынына салса, эркектин уруктугун өткөзбөй кармап калат. Ал эми аэрозоль, атайын суюктук сиңирилген салфетка, гелдеги химиялык заттар эркектин спермаларын өлтүрүүчү касиетке ээ.
Булардан бойго бүтпөйт деген 100 пайыздык кепилдик жок. Андыктан туура колдонуу зарыл.
Презервативден башкасы жатын моюнчасынын эрозиясында, миомада, жыныстык органдардын сезгенүүсүндө колдонулбайт!

Эскертүү: Жогоруда айтылган каражаттардын презервативден башкасы жыныстык жактан жугуучу оорулардан, ВИЧ/СПИДден сактай албайт!

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бойго бүтүрбөөчү каражаттардын оң жана терс жактары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Elzida87
2016-07-18 12:29:25
Адми кантип тез бойунда болуну да жазгылачы рахмат!!!
+6
kyrgyz_99
2016-07-18 14:56:08
Jakwy
0
leilekstan_1987
2016-07-18 17:45:46
Эхх жашоо бир кем дунуйо кее бири бала жытына зар. Кеебири сактануунун жолун издеп журушот
+6
Usow
2016-07-18 20:03:44
Аллах берем деп турганда сактануунун не кереги бар.
+2
kaidiger
2016-07-20 17:44:06
Usow,аллах берди деп торой берип анан бага албай калганда кочого кайыр сурап чыгышат балдарын ээрчитип алып анан журналисттер аларды коротда анан жаза башташат жардам берип койгула кайсы бир банктан счет ачтык деп негедир ошол убакта кудай жардам бербейт бекеринен макал бар эместир сактанганды кудай да сактайт деген
+2
ziko_kt
2016-07-18 20:54:32
Кызыксынар эй кээ бироолор. Аллах берет экен деп эле торой бергенде бобойт да. Баланын ар бирине конул буруу керек, шарт тузуу керек. Анан жок дегенде аял бир аз оз калыбына келуусу зарыл го. Озун карабай тороп калса удаа ,аны да куйоосу коргусу келбей башкага барганы бар. Негизи баланы пландап торогонду колдойм мен. Тем более азыркы заманга жараша. /Ар бирин уй-жай менен камсыз кылууну ойлонуу керек ,келечекте мумкун бироосу космонавт, бироосу чемпион болгусу келет, аларга финансы керек.
+9
kanatt
2016-07-18 23:21:57
Бейиштин чымчым жыты жаш балада болот экен,кудай берсе торогуло сактанбай.Ар бир бала оз ырыскысы менен келет.
+4
Aitbek0101
2016-07-19 00:32:28
жон эле каражатсыз эле сактанса болот да. мисалы сыртка аттырып
-6
tursunbaev78
2016-07-20 14:23:25
Aitbek0101,анын да зыяны бар аялга да эркекке дагы
0
Leylektik-77777
2016-07-19 09:16:31
21 шт бар таблетка болбойт экен семиртет 1жыл 2ай ичип 20кг вес кошком. Абайлагылада.
+1
Sajakat14
2016-07-20 14:01:11
Leylektik-77777,гормондор семиртетда. Гормону аз таблеткаларды алыңызда. Врачка айтыңыз семирип жатам гормону аз дозада болгон таблетка керек деп.Семирткенде кантип семиртмек эле. Ал гормон болсо бат баттан ачка кылат. Мурункудан дагы көп тамак жеп каласыңарда. Ошентип семиресиңер. Ар бир аял затына ар кандай таасир этет. Бир сиңдим спираль салдырды эле ( спиральда дагы гормондор барда) абдан семирип кетти. Апарык эле азыр аны тааныбай калдык жөн эле.
0
Aisuluusha
2016-07-19 14:17:47
Канткенде тез бойго бутуруучу жолдорду жазып койгулачы
0
hann
2016-07-19 21:36:18
Aisuluusha,адистерге барсаныз кун санап туруп датаны айтып берет. Анан результат кутосуз....
0
aijan
2016-07-20 16:10:16
Aisuluusha,эн жонокойу, кошклган сон бир аз жата туруу керек. Кундо кошулгандан, эки-уч кундо бир кошулган жакшы, себеби эркектин уругу 2-7 кун аралыгында жетилет, айыз циклиниздин ортосу бойго бутууго жакшы шарт тузуп берет: бир айыз башталган биринчи кун менен, экинчи айда башталган айыздын биринчи кунунун аралыгы бул айыз цикли, ошонун ортонку даталары кош бойлуулукка ынгайлуу кундор.
+2
Syiyy28
2016-07-20 01:09:52
Ушул тууралуу бекер жазгансынарда окуп алып колдонушатда эми
-4
aijan
2016-07-20 16:11:06
Syiyy28,колдонсо жаманбы, кызык.
0
aijan
2016-07-20 16:06:37
Бала эмизгендер учун атайы мини-пили категориясындагы таблеткалар бар. Бударда гормон саны аз болот.
0
mayrambek
2016-07-21 09:03:39
Бирөөгө бар бирөөгө жок дүйнө..
+1
Bek1996_01
2016-07-22 10:12:07
Эркектерге жыргал э
0
Bek1996_01
2016-07-22 10:12:42
Эркек болгондугума сыймыктанааам
0
naka922818
2016-07-23 13:49:43
Баарына салам.Урматтуу админс.сиздерден сураныч...менин 2балам бар.алардын мурдулары тынбай куйулат.жайы-кышы,куну-туну дебей.эмне кыларымды да билбей калдым.чону 3.кич.1,5жаш.менин отунучумду четке какпай жооп таап берип коюнуздарчы суранам,сураныч.рахмат.
0
DAF-077
2016-07-24 04:18:01
naka922818,жолу оппоной башынан баш кийимди узбой кийгизип эмгегин жылуу кармасан эле мурду акпайт,мурдунун акканы баш кийими жок мээ шамалдайт да анан куюлуп ага берет
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан