БЫШТАКТАН ЖАСАЛЧУ АЗЫКТАР

Сүт азыктарына быштак да кирет. Мунун адамга пайдалуулугу адамдар жаныбарларды колго үйрөтүп баштагандан бери белгилүү. Андыктан быштактан түрдүү азыктарды жасоону үйрөнүп, менюңузду байытыңыз.

СИГАРА БӨРЕК

Керектелүүчү азыктар:


Лаваш
– 1,5 даана
Быштак – 450 грамм
Жумуртка – 3 даана
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Укроп, туз, күнжүт – каалоого жараша
Эскертүү: быштак ордуна сырды да колдонсоңуз болот.

Даярдоо ыкмасы:
1. Быштакка туз, күнжүт, 3 жумуртканын сарысын, укропту майдалап туурап кошуп, аралаштырабыз.
2. Лавашты тик бурчтук формасында кесип алып, бир четине 1 аш кашык укроп кошулган быштакты салып, түтүкчө кылып оройбуз. Ороп баратып четтерин ичке карай киргизип ороп кетүүнү унутпаңыз.
3. Даяр түтүкчөлөрдү майы кызып турган көмөч казанга салып бышырып алабыз. Чыгарганда ашыкча майын сиңирип алышы үчүн кагаз салфетканын үстүнө коёбуз.
4. Тарелкага салып, дасторконго коё берсе болот.


БЫШТАК, КОЛБАСА ЖАНА СЫР МЕНЕН ПИРОЖКИ


Керектелүүчү азыктар:

Каймак – 150 грамм
Ун – 250 грамм
Көптүргүч (разрыхлитель) – 0,5 чай кашык
Туз – 2 чымчым
Жумуртканын сарысы – 1 даана
Каймак май – 75 грамм

Туурамжыга:

Быштак
– 170 грамм
Каймак – 2 аш кашык
Укроп, петрушка – каалоого жараша
Салями колбасасы – 75 грамм
Катуу сыр – 75 грамм
Помидор – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга каймакты, эритилген каймак майды, тузду, көптүргүчтү кошуп камыр жууруйсуз. Камырды муздаткычка 15-20 мүнөт сала туруңуз.
2. 1-туурамжы. Сапаттуу, жаңы быштакка каймакты, майда тууралган укроп, петрушка, туз кошуп аралаштырабыз.
3. 2-туурамжы. Колбасаны, сырды жана помидорду майда 4 чарчы кылып туурайбыз.
4. Камырды калыңдыгы 3-5 миллиметр кылып жайып, бетине стаканды коюп, тегерекчелерди кесип алабыз. Беттерине алгач 1-туурамжыдан, үстүнө 2-туурамжыдан салып, четтерин бекем бекитебиз.
5. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө пирожкилерди тизип, беттерине жумуртканын сарысын сүйкөйбүз.
6. Алдын ала 180 градус ысыкта турган электр мешине салып, 25-30 мүнөт күтсөк пирожкилер даяр.

БЫШТАКТУУ РОГАЛИКТЕР

Керектелүүчү азыктар:

Быштак – 250 грамм
Маргарин – 250 грамм
Ун – 250 грамм
Кумшекер – 90 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Аралашма. Идишке быштакты, кумшекердин 60 граммын кошуп, эзип аралаштырабыз. Бир аз эрий түшкөн маргаринди бычак менен майдалап кескилеп туруп быштакка кошуп, дагы эзгилеп аралаштырабыз.
2. Аралашмага ун кошуп камыр жууруйбуз. Камыр колго жабышпай калгыча жуурулат. Анан целлофан баштыкка ороп, муздаткычка 10-15 мүнөт кармайбыз.
3. Камырды алып чыгып, 4 бөлүккө бөлүп, ар бирин жайып алабыз. Беттерине кумшекерден себелеп, кайра бир аз жая түшүп, ар бир бөлүктү эми 6-7 узун тилим кылып кесебиз.
4. Тилимдерди бир четинен тоголотуп ороп, рогалик формасына келтиребиз. Электр мешинин табасынын бетине ун себелеп, рогаликтерди тизип, бетине кумшекерден себелейбиз.
5. Алдын ала 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 12-15 мүнөт кармасак рогаликтер даяр. Кааласаңыз, бетине кант упасын себелеп койсоңуз да болот.

Быштак – кальций, фосфордун булагы болуп эсептелгендиктен сөөктөрдү, тиштерди жана муундарды бекемдейт. Боор ооруларынын жана атеросклероздун жаралышынын алдын алып, көрүүнү жакшыртып, иммунитетти көтөрөт. Канда гемоглобиндин жаралышын жана тамак-аштын жакшы сиңишин шарттап, нерв системинин иштешин калыптандырат.

Быштак даамдуу жана жегиликтүү болсун үчүн ага каймак, кумшекер кошуңуз. Кааласаңыз кулпунай, шабдалы, майдаланган жаңгакты кошуп жиберсеңиз да болот. Муну эртең мененки тамак ордуна жесеңиз жакшы.

Быштактын майсыз түрү диетада колдонулат.


Быштакты бөйрөк оорусу жана өтүндө, табарсыгында ташы барлар жегенден мурун врач менен кеңешүүсү зарыл. Болбосо аталган ооруларды күчөтүп жиберет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
altyn2015
2016-07-18 19:00:22
Эн сонун тамактар! Рахмат!
0
femidakg
2016-07-26 08:09:21
Эн сонун! Мен да балама быштак жасап бербесемби. Дагы кандай тамактар иммунитетти которот. Кенеш жазгылачы супер инфо!
0
admin_superstan
2016-07-26 10:10:45
femidakg, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан