КЫРГЫЗДАР КУШ-КАНАТТУУГА КАЙДИГЕР БОЛГОН ЭМЕС

Куштарга кызыгарымды уккандар жашырбай таң калышат. Апамдын пикирин учурдагы тренд менен айтканда #элдинбалдары ырдайт же бийлейт, жок жорукту баштап, чымчыктын эмнесине кызыгасың? Кызыкканымды ар тараптуу иликтеп, казып көнүп калган жаным, ата-тегибиз куш-канаттууга кайдигер болгонбу деп изилдей баштадым. Андай эмес экен, көрсө, кызыгуу каныбызда бар тура.

Кыргыздын байыркы турмушунда куштар өзгөчө, ардактуу орун ээлеген. Куш салып, аң уулап жан багыш үчүн таптап, баладай бапестеп, тилин тапкан. Ар бирин айырмалап таанып, өзүнчө атап, кооздугуна, шамдагайлыгына суктанган. Адамдардын жүрүм-турум, келбетин сүрөттөөгө да куштарды кеңири колдонобуз. Чөкө таандай таң атпай ойгонуп, шумкардай сызып барды... Кыздарды ак куудай созулган, ак тамак сулуу деп сыпаттайбыз. Тың, оокатты тез жана шамдагай кылсын деген ниетте кыздарга Карлыгач деп ысым беришкен.
Ишимдин кеңсеси 12-кабатта жайгашып, жыл сайын марттын ортосунда кара карлыгачтар учуп келгенин байкайм. Чоң үйүр болуп чатырдын алдында, имараттын жылчыктарында уялайт. Чурулдап шуу-шуу этип учкан сайын секелек кыздардын куушуп ойногонун элестетем. Өмүрүн дээрлик асманда өткөрүп, саатына 180 чакырымга чейин ылдамдыкта учкан бул куштар эр болсоң сүрөткө тартып ал дегенсип, улам тереземдин түбүнөн сызып өтүшөт.
Ашкан сулууларды чүрөккө теңеп Айчүрөк деп атап да жүрөбүз. Чүрөктөр болгону майда өрдөктөрдүн түрү. Бизде эки түрү: чоң чүрөк менен чүрөк уялайт. Алар топ-топ болуп тез учат да, чоң чүрөктөр учканда "крр-рр...крр-р" деп добуш чыгарышат. Экөөнүн тең ургаачылары боз, жупуну келет. Табиятта жалпысынан эле куштардын ургаачылары жөнөкөй "көйнөк" киет. Ал эми эркектери абдан кооз, өзгөчө чүрөктүн "кийингени" түстүү жана көркөм.
Менин табитимде баарынан коозу, суктандырганы – ызгыт. Ал өрдөктөргө коңшу, саздак жерлерди байырлайт. Көгүчкөндөн бир аз эле чоң, бирок учканда канаты жазы. Башындагы таажысы менен өзүн салабаттуу алып жүрүшү чыгыш эл жомокторундагы султан, ханзаадаларды элестетет. Кочкул жашыл жону күнгө кулпуруп, карап эле тургуң келет. Албетте, жакын жолотпой, улам учуп-конуп, уясына жакын жүрсөң канатын жайып, коркутууга да аракет кылат. Учканы улам асманга сапырылып, кайра тик түшүп, мына жерге жетерде кайкып өйдө көтөрүлөт. Ата-бабаларыбыз, балким, ушундай "чаң ызгытып" учканын байкап туруп ызгыт атап калышкандыр.
Кыргыз эли жапыз учкан жагалмайды да ырга кошкон. Жагалмай тоо этегиндеги бадалдарда уялайт. Тикендүү бутактардын арасында буйтап учуп, майда жандыктарга аң уулайт. "Жагалмайдай кайкып учуп баралбай" деген ыр саптарын анын учканын карап отуруп толук түшүндүм.
Бул менин гана бир аз көргөн-билгеним. Көп нерсе унутта калгандай. Албетте, заманбап жашоо жапайы жаратылыш, куш-жаныбарларга кызыгууну арттырбайт, бирок ыңгайы келгенде бөлүшө жүрүүнү, сиздерди да кызыктырууну эп көрдүм.

Башындагы таажысы менен ызгыттар жомоктогу султандарды элестетет.


Чүрөктөрдүн ургаачылары жупуну "кийинсе", эркектеринин "көйнөгү" абдан кооз болот.


Жапыз учкан жагалмай.


Нуржан Алымканова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Asizhan
2016-07-19 06:44:49
Жан жаныбарларга, куштарга кайдыгер карабаган жансын Нуржан! Ушундан улам журогундун боорукер жана таза экени билинип турат. Аябай кызыктуу маалымат экен, рахмат!
+1
munar2012
2016-07-19 18:03:43
Мен билген куштар
Бүркүт, ителги, турумтай, айры куйрук, үкү, кулаалы, порбаш, күйкө, жамансары, таан, сагызган
0
fonarik
2016-07-21 13:07:31
Мурдараак билсем кызымдын атын Карлыгач коймокмун. Буйруса дагы кыздуу болсом ушул атты коём
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан