Альбина Имашова, актриса: "ЖОЛДОШУМДУ ИНИҢИЗБИ ДЕП КӨП СУРАШАТ"

Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашова Кыргыз улуттук драма театрындагы таттуу түгөйлөр. Жумушка узун-кыска болуп жетелешип келип, кайра чогуу кетишет. Эгиз козудай ээрчишкен жубайлар менен маектешүүбүз жандуу өттү. "Биз эл алдында эле күлүп жүрбөйбүз, үйүбүз да дайым шаңга бөлөнүп турат",- деген жан шерик ар бир суроого күлүп жооп узатышты.

КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ

Арнис Кыдырмышев, Альбина Имашова – Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актёрлору

Туулган жылы, күндөрү:

Арнис Кыдырмышев – 1982-жыл, 12-июнь
Альбина Имашова – 1983-жыл, 6-июнь
Баш кошкон жылы – 2004-жыл, 24-январь. Эки кыздын ата-энеси.

Тартылган фильмдери:

Арнис Кыдырмышев – "Сен эмне кылмаксың?", "Учкуч", "Мегатой", "Тенгри" жана башка.
Альбина Имашова – "Беш кемпир", "Той", "Тенгри", "Көпөлөк", "Мегатой", "Баарын кайрадан баштайлы", "Үзүлбөгөн үзөңгү" жана башка.

– Бойлору төп келбесе да, ойлору төп келген түгөйлөрдү тагдыр кантип табыштырган?
Арнис Кыдырмышев:
– Экөөбүз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунан таанышканбыз. Мен Караколдогу Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайды бүтүрүп, Искусство институтуна тапшырдым. Ал учурда Альбина 2-курста окучу эле. Өзгөчөлөнгөн, узун бойлуу кыз издеп жүргөм. Байкасам кыздардын эң узуну, башкачасы эле Альбина экен. Башында жакшы тааныш, дос болуп жүрдүк. 4-5 айдан кийин ортобузда жылуу сезим пайда болду.

– Арнис мырза сиздин өзгөчөлүгүңүзгө, узун боюңузга караптыр, сиз жолдошуңуздун эмнесин жактырдыңыз?
Альбина Имашова:
– Боюна деле маани берген жокмун. Тыңдыгына, чечкиндүүлүгүнө карадым. Анткени ал кылам деген нерсесин сөзсүз жасайт. Баштаган ишин жарым жолдо калтырып койбойт. Мага ушул мүнөзү аябай жагат.

– Азыр айрым жигиттер суу астынан үйлөнүү сунушун киргизип жатпайбы. Альбина эженин колун кантип сурадыңыз эле?
Арнис:
– Кыз-жигит болгондон баштап эле акчабызды чогуу топтоп, тоюбузга бирге даярдык көрдүк. Үйлөнүүгө акырындап жүрүп эле даяр болуп калдык. Атайын деле сунуш киргизген жокмун.
Альбина: – Биз студент кезибизден тартып театрда иштей баштаганбыз. Айлыгыбыз 350 сом болчу. Чогулткан акчабызга нике шакегибизди, тойго кеткен каражаттарды алганбыз.

– Баш кошууңуздарга эч ким каршылык көрсөткөн жок беле?
Альбина:
– Баш кошобуз дегенде көптөр каршы болушту. Тааныштарым "бою узун жигит табылбадыбы, узун эле балага турмушка чыкпайсыңбы" деп көп айтышты. Сахна тилинен сабак берген мугалимим Калича Сейдалиева "турмушка чыксаң бала төрөп отуруп каласың, окууң калып калат" деп кейиди. Турмушка чыгып кеткенде таарынып да жүрдү. Кийин Замир Сооронбаевди өкүл ата, Калича эжени өкүл апа кылдык. Азыр бизге акыл-насааттарын айтып турушат.
Арнис: – Мага тескерисинче "бою кыска, өзүңө ылайыктуусун албайсыңбы" дешкен. Бирок биз бири-бирибизди сүйгөндүктөн эч кимдин сөзүн уккан жокпуз. Кычыраган кышта баш коштук. Чогулткан акчабызга жатаканадагы студенттерге чай берип, айылга коомдук унаа менен түнкү саат экиде барганбыз.

– Альбина эже, сиз ошол шартка оңой эле макул болдуңузбу? Лимузинге түшүп, ак көйнөк кием деген жоксузбу?
Альбина:
– Менин эң башкы кыялым – Арниске турмушка чыгып, чогуу жашоо эле. Ошондуктан андай материалдык байлыкка баш оорутпай, күлүп-жайнап эле баргам. Азыр деле ак көйнөк кийбегениме өкүнбөйм. Эң башкысы бактылуубуз, эки кызыбыз бар.

– Үйдө да, театрда да чогуу жүрөсүздөр. Бири-бириңиздерден тажабайсыздарбы?
Альбина:– Биз бири-бирибизди 5 мүнөт көрбөй калсак телефон чалып "каякта жүрөсүң?" деп издеп баштайбыз. Тажагандан Кудай сактасын (күлүп).

– Кимиңиздердин ачууңуздар чукул да, кимиңиздер сабырдуусуздар?
Альбина:
– Жолдошумдун жини чукул. Урушуп кетсек таарынычы 3 мүнөткө созулат. Анан "эмне сүйлөбөйсүң?" деп баарлашып кетебиз.
Арнис: – 3 мүнөттөн ашык сүйлөбөй калсам жарылып кетем.

– Жубайыңыз тасмаларда "стерва" аялдардын ролун жаратат. Үйдө дагы ушундайбы?
Арнис:
– Тескерисинче, ачык-айрым, шайыр адам. "Стервалыгын" көрө элекмин (күлүп).
Альбина: – Сүйүн Откеевдин апасы мени "Көпөлөк" тасмасынан көрүп, "бул аял менен кандай эркек жашайт болду экен" деп жаман көрүптүр. Себеби ал тасмада "стерва" аялдын ролун жараткам. Кийин "Мегатой" тасмасын тартып жатканда жолугуп, "жашоодо токтоо, жөнөкөй аял турбайсыңбы" деп айтты.

– Экөөңүздөрдү окшоштургандар болобу? Бир туугандай көрүнөсүздөр...
Альбина:
– Кийим алып жүргөндө сатуучулар "иниңизге жакшы жарашты, эжеси болосузбу?" деп көп сурашат.

– Кимиңиздер "моторсуздар". Үй-бүлөнү кимиңиздер алга сүйрөйсүздөр?
Арнис: – Экөөбүз кеңешип иш кылабыз. Эркек деген мындай болуш керек деп билек түргөндөн алысмын.

– Маегиңиздерге рахмат! Бактылуу болуңуздар!

"Үй-бүлөбүз менен конокко барганды, конок тосконду жактырабыз".


"Кыз-жигит болуп жүргөн кезибиз".


"Экөөбүз үйдө да, жумушта да биргебиз. Кээде киного да чогуу тартылып калабыз".


Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aidowi
2016-07-18 10:25:00
Сонун маек.Бактылуу болгула
+1
NURDANCHIK
2016-07-18 10:31:50
чын эле чон корунот экенсиз капа болбонуз,бирок жаман окшош экенсиздер бактылуу болунуздар
-1
Nuka93
2016-07-18 18:32:27
ech nersege karabay chynygy suyuu menen baw kowuwkan eken da. baktyluu bolgula! ayabay suktandym
+4
Zaika10
2016-07-20 14:21:11
Тус бириксе жол болот деп коюшатго элибизде,бактылуу болунуздар!
-2
Uhtishka.
2016-07-21 20:10:53
100% позитив тартуулоочу уй-було экен .Суктандым ,бактылуу болгула !
+2
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан