«Жарайт City» долбоору аркылуу жылдызы жанган Айпери Чотонованы жаш баладан улуу муунга чейин таанышат. Аталган долбоордо алгач жол чырак менен сүйлөшүп жигиттерди таң калтырган «блондинканын» образын жараткан. Айперинин айтымында, көчөдө аны таанып калгандар «Чотонова» же «Жарайт City» деп кыйкырып өтүшөт экен.
Туулган жылы, күнү – 1997-жыл, 23-июль
Бою – 160 сантиметр
Салмагы – 48 килограмм
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Юридикалык академияда 2-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын экинчиси
Учурда – «Жарайт City» долбоорунун актрисасы
– Айпери, юмор талаасына эң алгач КВНде ойноп кошулганыңды билебиз...
– Окуучу кезде эле мектептин чакан спектаклдерине катышчумун. Досторум «актрисалык жөндөмүң бар, образды жакшы ачып бересиң, КВНге катышпайсыңбы?» дешкенинен кастингге барып, мектептин лигасына кабыл алынгам. Ошентип 11-класска чейин «Смеха ради» командасында ойносом, учурда өзүм окуган Юридикалык академиянын «Смешной приговор» командасынын оюнчусумун.
КВНде көбүнчө эркек мүнөздүү кыздардын образын жаратып калам. Мурда жалаң балдар менен ойноп жүрүп чоңойгонгобу, чоюлган назик кыздарды жаман көрчүмүн. Студент болгондон баштап «назик болуш керек» деп мен дагы акырындан созолонуп баратам (күлүп). Ошондуктан атам карап алып «башкача болуп калдың» деп таң кала берет.
– «Жарайт City» долбооруна ким чакырды эле?
– Долбоорго кастинг аркылуу өткөм. Кастингге барсам 60ка чукул кыз бар экен. Режиссёр Данияр Болотбеков чыгып «ким биринчи кирет?» дегенде болгон эркимди чогултуп «мен» деп биринчи кирип кеткем. Алардан жоопту аябай күттүм. 2 жумадан кийин «эртең съёмка башталат, кийимдериңди алып келип кал» деп чалышты. Апамдарга барып ыйлагым келип «мына, мени алышты» десем, алар да мени менен кошо кубанышты. Негизи апам, таятам, таенем кастингге, интервьюга барарда дайыма чалып, дем-күч берип колдоп турушат. Атам болсо «олуттуураак бол, съёмкаларыңды жыйыштыр» деп айта берет.
– Долбоордо кайсы актёр менен иштешкен жеңил?
– Нурсултан (ред. Курсанали уулу) байке менен. Анткени ал дайыма «давай, Чотонова, хе-хе-хе» деп каткырып дем берип турат. Анын мындай колдоосунан кийин ачылып, образга кирип кетем. Анан Илгиз (ред. Кубатбек уулу) байке менен да ойногон жеңил деп айта алам. Аны менен көбүнчө кыз-жигит, аял-күйөөнүн ролун аткарып калабыз. Аларды КВНде ойноп жүргөн кезден бери тааныгандыктан, байкелеримдей эле болуп калышты.
– «Жарайт City`де» «блондинка» кыздын ролун көп аткарасың. Ошол персонаж өзүңдө барбы?
– Чынын айтсам, бар (күлүп). Менин оюмча, бардык кызда «блондинка» сыяктуу обу жоктонуп күлө берген образ болуш керек. Анткени биз кыздарбыз да, эмоциябызды жашыра албайбыз. Бирок бул мүнөз 23 жашка чейин эле созулуп, кийин акыл-эс кирип токтолуп калышат.
– Жашоодо да актриса болуп коёсуңбу?
– Бир жолу экзамен берип жатканда агай «4» эле коюп бере алам» деп жатпайбы. Мен болсо «агай, мен съёмка болуп келе албай калдым, антпесе билесиз го, жакшы окуйм» деп жалдырап жибергем. «Ии-ий, Чотонова, мейли алчы!» деп ал дагы образга кирип кетип «5» коюп берген.
– Негизи окутуучулар түшүнүп, колдоп турушабы?
– Кээ бири «азамат, баарына жетишип жатасың» дешет. Айрымдары «юрист болгуң келсе юрист бол, актриса болгуң келсе искусствого кет!» деп катуу айтышат. Мен «ар тараптуу адамдар болот да, сиз ага көңүл бурбай эле коюңуз» десем да «жок, аны ташташың керек!» дешет. Бирок мен аларды укпай эле «макул» деп жүрө берем.
– Скечт-шоу сценарий менен эле тартылабы же импровизация болуп кетеби?
– Импровизация көп эле болот. Андайда режиccёрлор «биринчисинде башка, экинчисинде башка, акырында таптакыр башканы көрсөтүп салдың, сен эмне деген кызсың?» деп күлүшөт.
– Ушунча тартылып гонорар албаганыңар капа кылбайбы?
– Жок. Себеби биз жан дүйнөбүзгө жаккан ишти кылып жатабыз. Дем алыш күндөрү съёмка болбосо «эми эмне кылам?» деп үйдө отуруп каласың. Ошондо бул менин жашоом болуп калган го деген ой келет.
– Бул багытта дагы канча жыл иштейм деп ойлойсуң?
– Дагы 3 жыл өзүмө эркиндик берем да, андан кийин юрист болом. Киного тартылгым келет, башкы ролго, тарыхый тасмага.
– Ата-энең чыгармачыл адамдарбы?
– Атам жеке ишкер, Маданият жана искусство институтунун ректору. Апам дүкөн иштетет, эжем экөөбүз ага жардам беребиз. Дүкөндө отуруп калганда кардарлар кирип келип эле «Жарайт City» дешет.
– Кол тамга алгандар болобу?
– Көчөдө кетип баратсаң кичинекей балдар «эжеке, автограф бериңизчи?» дегенде бир кызыктай болуп кетем. Бирок аябай жагымдуу болот. Бир жолу жол чырактан өтүп баратсам бир байке «чоң кыз, жол чырак менен сүйлөшүп коюңузчу» деп коёт (күлүп). Күлүп өтүп кетсем артыман чуркап келип сүрөткө түшкөн.
– Долбоордон кийин жашооң өзгөрдүбү?
– Ооба. Долбоорго тартылып жүрүп кыргыз тилин үйрөндүм. Анткени буга чейин чала-була эле билчүмүн. Азыр кыргыз тилиндеги китептерди окуп, мындан да жакшы сүйлөгөнгө аракет кылып жатам.
– Интернеттеги баракчаң аркылуу жигитиң бар экенин билебиз. Долбоордогу актёр жигиттерге кызганбайбы?
– Жигитим да мурда мектептин КВН лигасында ойногондуктан, 5 жылдан бери таанышпыз. Башында дос катары эле сүйлөшүп жүрчүбүз, бир маалда кыз-жигит болуп калыптырбыз (күлүп). Долбоордогу балдардын баарын тааныгандыктан кызганбайт. Кечелерге барып калганда «башкаларды караба, ага эмне күлүп жатасың?» деп кызганып калат.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg