21 ЖАШТАГЫ КЕЛИНДИ ЗОРДУКТАГАНДАР ЖАЗА АЛЫШКАН ЖОК

Өткөн жумада "зордуктоо" беренеси менен Ош шаарынан кармалган 2 жигит Ош шаардык сотунун чечими менен эркиндикке чыгышты. Эмнеге? Бул суроого жооп издеп көрдүк.

УНААНЫН ИЧИНДЕГИ БАЛДАР МАС БОЛУШКАН

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы өткөн аптада зордуктоо боюнча шектелип 3 жаш бала кармалгандыгын билдирген. Алардын маалыматы боюнча, Ош шаардык патрулдук милиция кызматкерлери 13-июлдан 14-июлга караган түнү саат 2лер чамасында мамлекеттик номуру жок катуу ылдамдыкта бара жаткан Опель-Вектра үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу токтобостон жолун уланткан. Артынан көзөмөлдөп барган милиция кызматкерлери аталган унааны Касымбеков жана Салиева көчөлөрүндө токтогон жерден кармаган.
Кармалган учурда унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү мас абалда болушкан. Патрулдук милиция кызматкерлерине айдоочу алгач унаанын мамлекеттик номурун чечип, багажга салып койгондугун айткан. Анын себебин номурлар жакшы бекибей жаткандыгы менен түшүндүргөн. Бирок анын себеби такыр башкада болуп чыккан.
Милиция кызматкерлери мас абалдагы жаш жигиттерди кармалган жеринде суракка алып жатканда такси менен жаш кыз келип, алар аны алдоо жолу менен Кара-Суу районунун Фуркат айылы тарапка алып барып зордукташканын айткан. Жабырлануучу кыздын көйнөгү бир нече жеринен айрылганын көрүп шектенишкен милиция кызматкерлери кармалган 3 жигитти жана жабырлануучу кызды Ош
ШИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткиришип, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

"ЭКӨӨЛӨП САЙГА АЛЫП ТҮШҮП ЗОРДУКТАШТЫ"

Патрулдук милиция кызматкерлерине кармалган балдар кыз менен мурун тааныш болушкандыгын айтышкан. Ал эми жабырлануучу Айшат (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу келин төмөнкүлөрдү айткан:
– 21 жаштамын. Жолдошум менен ажырашып кеткем, 1 балам бар. Учурда Ош шаарында жашайм жана шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштейм. 13-июль күнү кечинде Өзгөн районундагы айылдардын бирине ата-энемдикине бармакчы болуп жолго чыктым. Түнкү саат 10дордо бир унаа токтоп, ичиндеги 3 жигит мени айылга чейин жеткирип коюшмакчы болушту. Бирок орто жолдон унааны ээн талаага алып келишип, 3 жигиттин экөөсү каршылык көрсөткөнүмө карабай сайдын ичине алып түшүп зордуктап салышты. Алар мени кайрадан Ош шаарына алып келип ташташты. Мен балдардын кайда баргандыгын, дарегин билип алуу үчүн такси жалдап, алардын артынан жөнөдүм. Бир маалда алардын унаасын патрулдук милиция кызматкерлери кармап алганда жетип келдим. Бул балдар менен мурда тааныштыгым жок болчу.

"ЗОРДУКТОО БОЛГОНДУГУ ДАЛИЛДЕНДИ"

Бул ишти карап жаткан тергөөчү Уланбек Нышанов менен байланышканыбызда ал буларды билдирди:
– Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүүлөр: Кара-Суу районунун Жарооз айылынын 1993-жылы туулган тургуну Б.Н., 1995-жылы туулган Б.Т. жана 1995-жылы туулган А.А. кармалган. Зордуктоо болгондугу экспертизада аныкталды. Мен өзүм барып окуя болгон жерди текшерип, кыздын ич кийимин таптым.
Окуя мындайча болгон. "Жабырлануучу кыз зордукталган соң кылмышка шектүүлөрдүн артынан такси менен кубалап барган" деген маалымат туура эмес. Патрулдук кызматкерлер унааны токтотушканда кыз жерге түшө качып, жигиттер аны зордукташканын айткан. Ошондой эле ал айылына бара жаткан эмес, кылмышка шектүү 3 жигит аны сөзгө тартып, алдоо жолу менен унаасына салып кетишкен. "3 жигит тең мас болгон" деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Айдоочу соо болгон жана зордуктоого катышкан эмес. Ал берки 2 жигиттин бирөөсүнүн иниси болгондуктан аны жөн гана айдатып алышкан. Аны жабырлануучу да тастыктагандыктан, айдоочу башында эле коё берилген. Ал эми берки экөө кармалып, тергөө жүрүп жаткан. Бирок жабырлануучу кыз менен алар өз ара келишип алгандыктан, соттун чечими менен бошотулушту.
Биз тактоо үчүн кайрадан Ош ШИИБинин басма сөз кызматкерлерине байланышканыбызда алар жабырлануучу патрулдук милиция кызматкерлерине айткан алгачкы көрсөтмөсүн тергөөдө өзгөртүп жибергендигин айтышты. Соттордун же жабырлануучулардын ушуга окшогон "гумандуулугунун" айынан көптөгөн кылмышка шектүүлөр жаза албай калышат. Балким, бул көрүнүш кылмыш иштеринин көбөйүшүнө түрткү болуп жатабы деген ойго түртөт.

Кылмышка шектүүлөр.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Mers124
2016-07-26 12:50:43
подстава болуп атат. Өзү макул болуп,кайра арыз жазып акча алган. Ошол менен иш жабылган. Мындай кыздар көп. Ошондуктан абайлагыла.
+2
mirnur
2016-07-26 17:10:52
Эмне учун куноонун баарын кызга оодарып саласынар.бир наристелуу болсо мумкун ата энесинин уйуно баласын саагынып кеч болсода барайын дегендир
+1
Nurkyz1977
2016-07-26 19:24:49
Ким туура эмес кадамга барып жамандык кылса созсуз жазасын алат бул дуйнодо болбосо да тиги дуйнодо акыретте. Билип билбей кызда же балдарда деп ар кандай айтыштын деле кажети жок.
+1
Mahabbat
2016-07-26 20:56:01
Корбогондон кийин кызда же балада деп куноону бироосуно жуктош кыйын.
+1
Taalaibek.
2016-07-26 21:40:11
учунчусу кана?
0
aidai89
2016-07-27 08:46:36
Тунку саат ондо айылга барам деп чыккан ушул келинди уктум тообо
0
mir.osh
2016-07-28 09:59:14
Кыз 21 жашка чыккан болсо бир топ нерсени коруп калган экен ал кыз ажырашкан болсо анда кыз озундо куно балдар тийишип жур десе кете бергенда кызыгып эмне бар экен деп же бир эс алайын деп ойлошуда мумкун кыздар силер аман болгула
+1
Erika16
2016-07-28 14:41:57
кырчындай жашынарда арам нерселерге азгырылбай,адал иш жасабайсынарбы!жаш туруп соттолгон деген атка конбой,ата эненерди ойлосонор боло!
0
marmiladka9
2016-07-28 19:23:21
айнанайындар бул турмушта ар турдуу кырдаал болот экен да. Келинди куноологонду койгула мумкун билбей тушкондур. Мен дагы орозодо, кайынжурт ооз ачар откоруп атат эле. тунку 9да чыктым Оштон, кайненем кайра кайра чала берди,иштен чыгып кел жок десе идишти жууш деп. куйоом жумуштары м.н Жалалабадта эле, Анан жалгыз шашып такси тосуп чыктым, 4 эркек арасында озбектер да бар, коркуп зорго жеттим Куршабка...
Андан ары куйоом тосуп алып айылга кеттик. Шарт да кайнененин созун кечалбай барасын
0
kani_kg
2016-07-29 00:35:09
Түндөсү тааныбаган балдар менен машинеге олтурбай эле койсо болмок чындыгында,,,
0
sely
2016-07-29 17:46:53
Негизи кандай маселе болбосун Эгер аял аралашкан болсо созсуз аялды куноолошот. Биз дегин качан сабаттуу болоьуз? Окуя болгон жерден кыздын ички кийими табылыптыр, койногу бир канча жеринен айрылып, экспертиза кыздын зордукталганын аныктаптыр. Анан атасыз калган баласын багам деп иштер журсо официанттар чын эле жумуштан кеч чыгышат кечинде барып баласын Ата энесин коруп, эрте м.н кайра жумушка келип калайын деп жоногон да. Шумшук жигиттер чыныгы жигит болсо ошол келинди аман эсен жеткирип
0
sely
2016-07-29 17:52:57
Койбойт беле оз ырахаттарын ойлобой. Кызда эч кандай куноо жок. Азыркы эркектер бузулуп жатышат эркек болуп туруп койнок кийип интимдик кызмат корсотушуп. Озунон 10 жаш улуу бай аялдарга уйлонуп Альфонс болуп. Эркектер оздору ушинтип жатса алсыз аялдар кимге башын жолойт. Жыйынтыгында " кайсыны Эллен корсон жудоо зайыпты, ошол элдин эркегине койгун айыпты" дейт.
0
medetbek
2016-07-29 22:48:33
Ушуга окшогон кыздардан кудай сактасын . машинасына тушуп алып зордуктады деп милиция чакырган жаман .
0
Joni92kg
2016-08-06 12:56:34
Куно кыздын озундо экенда
0
Lexus330
2016-08-16 17:41:36
Күнөөнүн баары кызда!Ал түнү менен жалгыз аял болгондон кийин чыкбай эле койбойбу чыкса да мас балдардын машинасына эмнеге олтурат,ал жөн аял эмес!!!
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан