Балдар, келгиле, жаныбарлар дүйнөсүнө саякаттоону улантабыз. Бул жолу жаныбарлар канча айда тукум улашат, ошого токтолобуз. Мисалы, түлкү 2 айда, кызыл күсөн (колонок) 1 айда тууйт экен. Башка жаныбарлардын кайсынысы эң көп тууйт, кайсынысы боюнда көп көтөрөт, чогуу билели.
МЫШЫК ЖЫЛЫНА 1-4 ИРЕТ ТӨЛДӨЙТ
Мышык баласын мый-мый дейбиз. Ал 2 айда тууп, жылына 1-2 ирет төлдөйт. Эгер анын тамак-ашы жакшы болсо, жыл айланбай 3-4 ирет төлдөгөнгө жетишет. Балдарынын саны 3-8ге чейин жетет.
ИТ КӨП ТУУГАНДАРДЫН КАТАРЫНА КИРЕТ
Ит баласы күчүк. Адамдын досу делген ит породасына карап 2-3 айда күчүктөрүн жарыкка алып келет. Ошондуктан элибизде ит бир жылда 4 жашка чыгат деп айтылат. Жандык көбүнчө 6-7 күчүк тууйт. 2004-жылы Улуу Британияда мастиф породасындагы ит 20 күчүк тууп, "Гиннестин рекорддор китебине" кирген. Иттин жалгыз күчүк тууганы сейрек кездешет, муну элибизде сырттан деп коюшат. Уламыштарда сырттан бар үйгө бөрү баласы жолобойт, ал калтарды (кара-кочкул түстөгү түлкү) кармайт деп айтылат.
ЭШЕК БАЛАСЫН 1 ЖЫЛДАН АШЫК КӨТӨРӨТ
Эшек баласын такай дейбиз. Ал баласын 1 жылдан ашык көтөрөт. Табиятынан ооруга чанда чалдыккан бул жаныбар баласын боюнда жакшы сактайт. Ал ара туубайт.
ПИЛ 4-5 ЖЫЛДА БИР ТӨЛДӨЙТ
Алп жаныбар пил 4-5 жылда бир ирет төлдөйт. Ал баласын эң узак боюнда көтөргөн жандык. 20-22 айда бир баланы жарыкка алып келет. Эгиз туугандары дээрлик кездешпейт.
ТӨӨ ЭКИ ЖЫЛДА БИР ЖОЛУ ТУУЙТ
Төө көчмөн элдеринин турмушунда унаа катары зор мааниге ээ болгон. Баласын тайлак же бото деп атайбыз. Маң-маң баскан бул жаныбар 12-14 айда баласын жарыкка алып келет. Ошол себептен эки жылда бир ирет тууйт. Ал туруп тууган жандыктардын катарында. Төө бирди гана тууйт, эгиз тууса жамандык болот деген элде түшүнүк бар.
ЭЧКИ 5 АЙДА ТӨЛДӨЙТ
Эчки баласы улак делет. Ал баласын боюнда 5 айга чейин алып жүрөт. Бул жандык көбүнчө эгиз тууйт. Ошондуктан элибизде "эсиң кетсе эчки бак, эчки тууйт эки улак" деген накыл кеп айтылып калган.
АКЫРА ТУРУП ТУУЙТ
Акыра (жираф) баласынын жетилүүсүнө карап 14-15 айда төлдөйт. Жираф туруп тууп, баласы 1,5-2 метр бийиктиктен жерге түшөт.
Султан Төрөбеков
balakai@super.kg