ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

САЯСАТТА

Брексит
– ушул жылдын 23-июнунда пайда болгон жаңы сөз. Тагыраагы, дал ушул күнү Улуу Британияда Европалык союздан чыгуу тууралуу референдум өткөрүлгөн. Бул сөз "Britain" (Британия) жана «exit» (чыгуу) деген сөздөрдөн келип чыккан. Лондондо өткөн референдумдун жыйынтыгы күтүүсүз болуп, өлкөнүн 52 пайыз жараны "Брексит" үчүн добуш берген. Эми өлкөнүн келечеги азырынча белгисиз бойдон калса, фунт стерлингдин курсу түшүп баштады. "Улуу Британия референдумдун жыйынтыгына назар салбайт, Евро биримдигинен чыкпайт" деген пикирлер айтылып жатат. Себеби союздан чыгуу менен өлкөнүн экономикалык абалы начарлайт.

МАРКЕТИНГДЕ


Лайтбокс
— жарык берчү көлөмдүү сырткы же ички жарнамалык көрнөк. Англис тилинен которгондо "жарык берүүчү куту" деген маанини берет. Лайтбокс жарыкты бир калыпта берүү үчүн атайын жасалып, бүт жагына бирдей жарык берет.
Азыркы учурда мындай жарнама түрү абдан ыңгайлуу болуп, ишкананын сыртына же ичине, бир жактуу же эки жагынан тең жазуулары болуусу мүмкүн. Ал түнкүсүн жакшы көрүнүп, башка жарнак-көрнөктөргө караганда эффективдүү. Мындан тышкары лайтбоксторду фото жана видеону тартууда жарыкты туура түшүрүү үчүн да колдонушат.


КООМДО

Скетчбук
– ар дайым чөнтөктө жүргөн кичинекей блокнот же альбом. Буга көбүнчө сүрөтчү же дизайнерлер эргүү келе калганда чиймелеп тартып коюшат. Скетчбук керектүү учурларда тигил же бул жайдагы нерселерди тартып калуу, идеяларды унутуп калбоо үчүн негизги жардамчы боло калат. Бул "жардамчынын" жаныңда болушу менен байкоочулук сезим менен кошо профессионалдуулук жактан өсүүгө өбөлгө болуп берет. Сүрөтчүлөрдүн айтымында, үзгүлтүксүз сүрөт тартуу менен "ак барактан коркуу" сезиминен арылып, мыкты сүрөт тартууга колду көндүрүп алса болот.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан