МЕКЕНДЕШИБИЗ ТАКЫРБАШТАРДЫН КОЛУНАН АЖАЛ ТАПТЫБЫ?

Көр тиричиликтен улам Москва шаарына жумуш издеп кеткен мекендешибиздин тагдыры аянычтуу аяктап отурат. Каргашалуу окуядан дагы бир кыргыз жараны күлгүндөй жаш курагында көз жумду.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ

Быйылкы жылдын 11-августтан 12сине караган түнү Москва шаарынын Рязанский метросунун жанындагы чакан дүкөнгө 3-4 кишиден турган топ кирип, дүкөндүн сатуучусу менен келишпестиктер болуп ортодо уруш чыккан. Натыйжада армян улутундагы дүкөн ээси 69 жаштагы Лев Камалян жана ошол учурда дүкөндө соода кылып жаткан 36 жаштагы Атабек Мундузов ал адамдардын колунан каза табышкан. Мындан тышкары кол салуу учурунда жардамга келип, каршылык көрсөткөн орус улутундагы бир жаран да жаракат алган. Көп өтпөй бул кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Иван Скоркин аттуу жаран кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайда. Ал эми кыргызстандык маркумдун сөөгү мекенине алынып келинип, 14-августта жерге берилди. Айрым маалымат булактарында бул кылмышка такырбаштар (скинхеддер) катышкан деген маалыматтар чыкса, айрымдарында алкоголдук ичимдиктин айынан келип чыккан жаңжал деп да билдиришүүдө.

Маркум Атабек Мундузовдун бир тууган агасы: "ИНИМДИ ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ ӨЛТҮРҮШТҮ"

Каза болгон Атабектин агасы Улукбек Мундузовго байланышканыбызда, ал иниси тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Иним Атабек 1980-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн Октябрь айылында төрөлгөн. Аны менен акыркы жолу 11-августта телефон аркылуу сүйлөшкөм, ошол күн анын туулган күнү болчу. Туулган күнү менен куттуктаган болчумун. Туптуура 36 жашында өлтүрүшүптүр. Бизге бул каргашалуу окуя туурасында айыл башчы кабарлады. Анын айтымында, Москвадагы көчөлөрдүн биринде белгисиз бир адамдар сатуучуга кол салып жаткан учурда Атабек келип аралаша калыптыр. Жыйынтыгында иниме да кол салышып, жүрөгүнө бычак сайылып, ошол замат каза болуптур.
Үй-бүлөдө 8 бир тууган элек. Иним бешинчиси болчу. 8 бир туугандын ичинен эң шайыры, бир туугандарына күйүмдүүсү, боорукери, адамдар менен бат тил табышып кете алганы Атабек эле. Анын артында жубайы, чыркыраган эки баласы калды. "Жакшы адамдардын өмүрү кыска болот" деген ушул турбайбы. Уулу быйыл 2-класска, кызы 1-класска бармак. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Атабек мындан 4 ай мурун жумуш издеп Москва шаарына кеткен эле. Ал жактан курулуш тармагында иштеп каражат таап жаткан. Кичинесинен өзү курулушка жакын болуп, оңдоп-түзөө иштерин аябай жакшы жасачу. Сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүдө көмөк көрсөткөн боордошторго, айылдаштарга терең ыраазымын. Ошолордун жардамы менен убагында алып келинди. Мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилген жок. Инимди өлтүргөн кылмышкерлердин бири кармалды деп уктук, сот иштери болсо сөзсүз барып катышып, кылмышкерлердин татыктуу жаза алышын каалайбыз. Бейкүнөө иним күлгүн курагында о дүйнөгө узап отурат, каңырыгым түтөп, өзүмдү коёрго жер таппай турган учурум.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ЖАРАН КАРМАЛДЫ"

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова төмөнкүлөрдү билдирди:

– Бул окуя боюнча Орусия Федерациясынын тергөө комитетинин башкы башкармалыгына тергөө иштерин тыкыр көзөмөлгө алууңуздарды суранабыз деп кат жолдогонбуз. Соттук иштерди толугу менен көзөмөлгө алабыз. Белгилүү болгондой, бул кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Иван Скоркин аттуу жаран кармалган, ал адам 2005-2008-жылдары каракчылык кылганы үчүн сот жообуна тартылган экен. ЖМКларда ар кандай пикирлер жаралып жатат, такырбаштар (скинхеддер) тарабынан уюштурулган окуя деп да жатышат. Бирок азырынча тактала элек. Бул кылмыш боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тазагүл Эмилбек кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Sema.kg
2016-08-22 09:20:29
Эх Атабек аке
+3
tima_88
2016-08-22 12:13:04
Агамдын досу болчу. Арты кайрылуу болсун.
+3
anyshka
2016-08-22 15:29:25
Кыргызстанда эле иштегилечи. Жыргаган кишини деле королекмин Москвага барып.
-10
89elnura89
2016-08-22 17:24:20
anyshka,сен иш таап баарын чакыр,ушунча мигранттар биринин иши журушот,бириники журушпойт сеникиндей акыл бизде да бар.АЛЛАХтын сыноосу бул.Ажал куттурбой келет.Олушун,или журушпосун алдын ала билсе эч ким келмек эмес.
+14
anyshka
2016-08-22 15:29:26
Кыргызстанда эле иштегилечи. Жыргаган кишини деле королекмин Москвага барып.
-11
aseras
2016-08-22 15:55:57
Жайы жанаттан болсун
+1
Shaa-82
2016-08-22 20:25:19
Жаткан жери жайлуу болсун, Аллах бут билип билбей кылган куноолорун кечирген болсун!
+4
semo
2016-08-22 20:46:00
Чет жерде иштегендер сактыкта кордук жок кечиндеси көчөгө чыкпаш керек да азыр өтө коркунучтуу карарган адамды корсо еле орустардын каны кайнайт
+2
Sara07
2016-08-22 21:22:21
Кор тиргиликтин айынан ажал таап отурат , жаткан жери жайлуу болсун !
+3
Ulantay
2016-08-22 23:08:47
Элчиликтен тааныш аркылуу эле жардам албаса,таанышы жок кыргыздарга жардамы деле тийбейт. Бир документ аркылуу барып калсаң,базардагыдай соодалашып акча сурашат элчиликте иштегендер.
+4
venka8484
2016-08-23 02:03:06
Эн негизгиси этият бололу ,озубузго сак бололу ,кудайым озу сактасын!Атабектин жаткан жери жайлуу болсун!ото окунучтуу,,, эх
+3
zarlyk2211
2016-08-23 04:45:30
Жаткан жери жайлуу болсун. Туугандарына сабыр кылгыла. Мыкаачылар өз жазасын алышсын эми.
+2
Manas230595
2016-08-23 13:41:33
Жайы жанатан болсун олгон мекендешибиздин бул ажал пешенеге жазылганы болот бир кун бизге да олум келет алла сабыр берсин бир тууганынан айрылган отто жаман куран окуп дуа кылгыла ошо жол менен гана жардам бере алабыз олгон адамга
0
Manas230595
2016-08-23 13:48:11
Намаз окуп сооп иштерди кылып олумго дайар тургула ар куну бизге азреил келип эскертип кетет олумду калап тиленбегиле олумду женил болушун сурангыла
+2
Emil0279
2016-08-23 22:34:12
Уйундо тынч жатышса ушундай болмок эмес. Жумуштан кийин келе жатсан,подземканын жанында уймолоктошкон кыргыз жаш балдар турушат. Ушул Атабек каза болгон жердеги павилиондордун жанында пиво ,сигарет кармап,мас абалында коп отурушат,уймолоктошкон адамдарды коруп,Кыргызстандагы биржадакы адамдарды элестетесин.мындай корунуштор албетте орустардын кыжырын келтирет,тем более скинхеддердин.
+1
aruuzat88
2016-08-26 06:55:01
Жаткан жери жайлуу болсун.Аллах күнөөлөрүн кечирсин.Бешенесине Аллах ушундай өлүм жазган экен.Арты кайырлуу болсун.
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан