Өмүрбек Текебаев: "БАШ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮ – БУЛ КОНТРРЕВОЛЮЦИЯ"

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, 2010-жылдагы Конституциянын атасы атыккан Өмүрбек Текебаевдин кыргыз гезиттеринин бирине берген маегинин урунттуу учурларын беребиз. "Бүгүн Конституцияны өзгөртүүнү каалап жатышат. Мен муну контрреволюция, 2010-жылдагы баштапкы абалга кайтып баруу катары кабыл алам. Азыркы тапта Баш мыйзамдын "оппоненттери" "2010-жылы Конституция өтө оор тарыхый кырдаалда, кыска мөөнөттүн ичинде шашылыш кабыл алынып калган. Ошондуктан анча-мынча мүчүлүштүктөрү бар" деп жатышат. Бирок 2010-жылы 75 адамдан турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага Кыргызстанда болгон негизги саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, окумуштуулар катышып, алар бир ай бою күнү-түнү иштеди... Конституциялык кеңешме "Бүгүнкү тарыхый кырдаал кандай? Бул абалга эмне себептен келип калдык? Мындай кырдаалдан кантип чыксак болот? Экинчи мындай катастрофа кайталанбашы үчүн эмне кылыш керек?" деген сыяктуу суроолорго эл алдында жооп издеп, жаңы саясий системди түздү.
Бүгүн, тилекке каршы, 2010-жылкы оор кырдаалда сакталган эрежелер да сакталган жок. Кокустан, эч кимге айтылбастан, ууручасынан долбоор даярдалып, депутаттарга окутуп-окутпай эле, эмгек өргүү убагында кол койдуртуп, "1-2 айдын ичинде референдум өткөрүп жиберели" деген аракеттер жасалып жатат",- деди ал.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан