"No name" командасы май айында Москва шаарында "Кайраттын кечтери" аттуу Кайрат Нуртастын концертин алып барган эле. Кыргыз-казак биримдиги уюштурган бул долбоордун жемиши дейбизби же "No name" командасынын жигиттеринин тыңдыгыбы, айтор, сентябрь айында Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында өтүүчү алардын жеке концертине Кайрат Нуртастын келери күтүлүүдө. Команданын жетекчиси Мурат Жалиев: "Кайратты кыргыз жерине алып келүү биздин сунушубуз. Буюрса, бул концертти өткөрүп алган соң Кайрат менен бирге Орусиянын чоң-чоң шаарларын кыдырып концерт беребиз",- деген оюн кошумчалады.