ЧОҢ САХНАНЫ ЭМЕС, КАБАКТЫ ТАНДАГАН ЫРЧЫЛАР

Көпчүлүгүбүзгө сахнада ырдап, клип тарттырып жүргөн ырчылар гана белгилүү. Бирок кафе, ресторандарда үнү кадимки ырчылардан кем эмес, керек болсо алардан да вокалы күчтүү болгон көп таланттар сахнага чыкпай, табышмак бойдон калууда. Алар эмне үчүн чоң сахнаны эмес, кабакты тандашкан? Ушул суроолордун тегерегинде жооп алдык.

Назэль: «МЕНИН ЫРЛАРЫМ БИР УККАН АДАМГА ӨӨН УЧУРАЙТ»

Туулган жылы, күнү
– Жашын сыр тутат, 20-май
Туулган жери – Чүй облусу, Кара-Балта шаары
Билими – К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын вокал бөлүмүн бүтүргөн

– Назэль, ырдоого болгон кызыгуу сизде качан ойгонду эле?
– Мен 6 жашымдан тарта эле столдун үстүнө чыгып алып ырдай берчүмүн. Ошондой эле мектепте өткөн коомдук иштерде ырдап, акырындан ыр дүйнөсүнө жуурулуша баштагам. Бой жетип мектепти бүткөн соң музыка меники экенин түшүнүп, Улуттук консерваториянын вокал жагына тапшыргам. Профессионалдык деңгээлде ырдай баштаганыма көп убакыт болуп калды.

– Эмне үчүн сахнаны эмес, кабакты тандагансыз?
– Студент кезде акча табыш керек деген маселе күч болот эмеспи. Мен бир чети ошол жагын караштырып кабакты тандасам, экинчи жагынан бизди окуткан агайлар «түн ичинде ырдасаңар үнүңөр ачылат» деп айтып калышчу. Ошол дагы себеп болдубу, айтор, кабак мен үчүн жакшы тандоодой көрүндү. Кабакка күндө болбосо да, жумасына 2-3 жолу барып ырдап турам. Мен бул жерден пайдалуу гана нерсени ала алдым. Эл алдына чыгып ырдоону үйрөндүм, үнүмдү таптадым. Ал жактан өзүмдү абдан эркин сезем.

– Ырларыңызда бир философия катылгандай. Аларды ким жазып берет?
– Ырлардын сөзүн Динара Бейшеналиева, Жанар Камбаралиева деген акын эжекелер жазып берет. Ал эми обону болсо өзүмдүкү. Биринчи обону чыгат, анан акындарга барып сөзүн жаздырам. Менин ырларым бир уккан адамга өтө эле өөн учурашы мүмкүн. Ошол эле «Туфли», «Күйөө издейм» дегендер. Бирок эки ырда тең берейин деген оюмда философия жатат.

Адилет Жумабеков: «КАБАКТА ЫРДОО МЕН ҮЧҮН ЧОҢ САБАК БОЛДУ»

Туулган жылы, күнү
– 1990-жыл, 7-сентябрь
Туулган жери – Нарын шаары
Билими – Орто

– Адилет, үй-бүлөңүздө чыгармачыл инсандар барбы же сиз эле ушул чөйрөнү тандагансызбы?
– Атам Жумабек Абдыразаков ар кыл аспаптарда ойночу. Гитара, аккордеон, пианино, комузда кол ойнотчу. Апам Рахима Чоткараева комуз менен сонун ырдайт. Ата-энем таланттуу болушса да, чоң сахнага чыгышкан эмес. Мага алардын чымыны жукса керек, мен да ырчылыкка ооп кеттим.

– Кабакта ырдоо сизге кандай пайда алып келди?
– Кабакта ырдоо мен үчүн чоң сабак болду десем болот. Бул жакта иштей баштаганыма 10 жылдын жүзү болду. Кабакта ырдоого олуттуу деле карабайм. Алдыга үнүмдү таптап алып анан сахнага чыгам деген максат койгом. Азыр чоң сахнага чыгууга даяр болуп калганымды түшүнүп турам. Буюрса, ырларды жаздырып жатам. Сахнада ырдоо кыйла жоопкерчиликтүү. Элдин калың катмарына сиңиш кыйын. Ал үчүн жалпы калкка жага тургандай олуттуу ырларды жазыш керек.

– Жеке жашооңузга кайрылсак...
– Азырынча ал жак тынч эле (күлүп). Азыр чыгармачылык деп жүрүп кыздарга убакыт деле таппайм. Бирок бирөө пайда болуп калса жакшы болмок (күлүп).

Тола Турсуналиев: «АЗЫРКЫ ЫРЧЫЛАР «ТОЙСКИЙ» ЫРЛАР МЕНЕН ЭЛЕ ЧЕКТЕЛИП КАЛДЫ»

Туулган жылы, күнү
– 1985-жыл, 15-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн

– Сиз эл акыны Эстебес Турсуналиевдин небереси экениңизди көпчүлүк биле бербейт. Чоң атаңызды кантип эскересиз?
– Мен кайсы жерге барбайын, баары «эл ырчысы Эстебестин небереси турбайсыңбы?» деп таанышат. Кээде ырдап бүткөндөн кийин мага улуу муундагы кишилер келип, «биз чоң атаңды жакшы билчүбүз. Абдан таланттуу адам эле» деген сыяктуу кептерди айтып калышат. Мен чоң атамдын эң жакшы көргөн небереси болчумун. Кичинекей кезимден бери эле анын жанында жүрдүм. Ал барган концерттерге да кошо ээрчип алчумун.

– Эмне үчүн эл көзүнөн алыстап кеттиңиз, буга эмне себеп болду?
– Биз 2003-жылы «МКД» тобун түзгөн элек. 2009-жылга чейин иштеп келгенбиз, анан топтогу Толя өз мекени Казакстанга кетип, ошону менен бул топтун чыгармачылыгы токтоп калган. Эми быйыл чыгармачылыкка билек түрө киришип жаткан кезим, кайрадан жаңы ырларды жаздырып жатам.

– Көпчүлүк кабак ырчылары чоң сахнага чыгышпайт. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Менин оюмча, алар деле сахнага чыгып, эл адамы болгусу келет. Же колунан келбейби, же ошол жакка көнүп алышабы, билбейм. Анткени кабакта бир иштеп көнүп кеткендер да жок эмес. Бирок кабактын бир жакшы жери – күн сайын практика кылып турасың, үнүң таптала берет. Эгер жөн эле кабакта ырдаса, бул жаман нерсе. Азыр көп ырчылар "тойский" ырларды жаздырып, ошону менен эле чектелип калышпадыбы. Мага андай нерсе жакпайт. Мен ага каршымын. Анткени жогорку деңгээлдеги музыка менен таанышып жүргөндөн кийин сапаттуу ырларды ырдагым келет.

Нурлан Мамбетов: «АЗЫР МЕН ҮЧҮН БАШКЫ ОРУНДА ҮЙ-БҮЛӨМ ТУРАТ»

Туулган жылы, күнү
– 1977-жыл, 12-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Чет өлкөдөн жогорку билим алган

– Нурлан, канча жашыңыздан баштап ырдай баштагансыз?
– Бала кезден бери эле ырга болгон кызыгуум күч. Ошол убактан тарта ырчы болом деп жүрүп максатыма жеттим. Сахнага чыгууга каалоом деле жок. Буга чейин сахна үчүн иштесем, учурда «Студио 247» клубунда ырдайм.

– Салтанат Аширова экөөңүздөрдүн «ТНЕ М.А.Р» деген тобуңуздар бар экенин угуп калган элек, ал топ учурда иштеп жатабы?
– Салтанат (ред. Аширова) экөөбүз бирге иштешүүнү туура көрүп бул топту түзгөнбүз. Анан топко таланттууларды чогулттук, концерт бердик. 2015-жылы ар ким өзүнүн долбоору менен кетти. Топ таркап кетти десе эле элдер башкача ойлошот. Андай болгон эмес, ар ким өз жолу менен кетиши керек дегенди түшүнүп тынч эле таркаганбыз. Салтанаттын өзүнүн чыгармачылыгы, менин өзүмдүн чыгармачылыгым бар дегендей.

– «Алма сабагынан алыс түшпөйт» деп коюшат эмеспи. Сиз дагы атаңыз актёр Мурат Мамбетовдун жолун жолдоп чыгармачыл инсан болдуңуз, атаңыз ырчылыгыңызга кандай карады?
– Атам өзү чыгармачыл адам, андыктан каршы деле болгон жок. Албетте, ал деле менин олуттуураак кесипти тандоомду каалаган. «Дипломат болбойсуңбу?» деп да айтты. Бирок менин жүрөгүм чыгармачылыкты каалап жатканын билгенде батасын берген. Атама ушунчалык ыраазымын, ал мага чыгармачылыкты тандаган күндөн тарта ушул күнгө чейин ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.

– Бош убактыңызда кантип эс аласыз?
– Мен үчүн азыр биринчи орунда үй-бүлөм, балдарым турат. Эки наристенин атасымын. Уулум Амирхан 3 жашта, ал эми кызым Деңизага 9 ай болду. Чыгармачылык жашоомдун аз бөлүгүн гана түзөт деп айта алам. Андыктан балдарым, келинчегим менен үйдөмүн. Наристелерим менен өткөргөн ар бир көз ирмем мага бакыт тартуулайт. Аларсыз кантип жашап жүргөнүмдү билбейм. Көрсө, балалуу болуу өзүнчө бир ырахат тура.

Жазгүл Кенжеева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
nastinbaba89
2016-08-22 17:21:50
Кабак деген не???
-2
sladkaja_konfetka
2016-08-22 20:08:54
nastinbaba89,кафе, ресторан
0
oilonchu92
2016-08-22 21:59:08
назель деген кыз анын жылына биз куштар болгонсуп жашырып койот......мага демектен 1941 жылкы болсун....
+8
AIZAD
2016-08-23 13:02:15
Адилеттин апасынын аты Рахима эмес Фатима болуш керек эле.
-1
krasotka1
2016-08-24 13:43:26
AIZAD,апасынын атын унутуп калган го)))
-1
Sema04
2016-08-25 21:13:10
Камакта деп окуй берипмин )) Аягында билдим.
+1
Mekuza92
2016-09-01 15:17:14
Не ал кабак
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан