"ЖИНДИСИҢ! ЖИГИТИҢ ДА ЖИНДИ, МЕН ДАГЫ..."

Деле ушу Айбек досум кыздан жолдуу. Азыр да унаасына отуруп алып бир бийкеч менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатат.
– Жүр, аяшың менен тааныштырам,- деди бир убакта мага карап. Жөнөп кеттик. Калп айтканда эмне, мындай "аяштар" менен далай жолу таанышкам. Көп кабаттуу үйдүн алдына барып токтодук. Бир убакта бою узун, чырайлуу кыз чыга келди. "Мм, жакшынакай кыз экен. Мунун жигити да сымбаттуу болсо керек. Могу Айбектин кызы ушундай сулуу болду бекен?" Ичимден ушуларды ойлоп, унаада тиги кыздан көзүмдү албай тиктеп отурдум. Бирок ошол кыз биздин жаныбыздан өтө берип унаанын арткы каалгасын ачып түшүп келсе болобу?! Айбек экөө бири-биринин жүздөрүнөн сүйө учурашышты.
– Таанышып ал, досум Нурлан! А бул Айзада!
– Жок. Кантип?! Кантип ушул капкара, тыржыйган Айбекти карадың?! Айзада, көзүңдү чоңураак ачсаң боло?!- деп ичимден чыркырап жибердим. А сыртымдан эч билгизбей, "Нурлан" деп колумду сундум. Чын, Айзада абдан эле сулуу экен. Жамандык-жакшылыкта жанымда чогуу жүргөн досум болгонуна карабай Айбекке бул бийкечти эч эле ыраа көрө албай турдум. Кирпиктер... Мен мындай узун, сулуу кирпиктерди көргөн эмесмин. А көздөрүчү? Жылмайганычы? Э-эх...
Ал күндөн кийин мен Айзаданы көп эле жолу көрдүм. Көргөн сайын жүрөгүм туйлайт, апкаарыйм. Досума ичим күйөт. Жан дүйнөсүнө сырткы келбети төп келген идеалдуу кызды буга чейин көрбөсөм, анан эмне кыл дейсиңер?! Чын, мен аны жакшы көрөм. Кээде Айзадага үйлөнүп жатканымды кыялданып да жиберем. Андан мыкты жар чыкмак.
– Сен Айзадага үйлөнөсүңбү?- деп бир ирет Айбектен сурадым.
– Билбейм. Мүмкүн, үйлөнөм.
«Мүмкүн?! Мээси жок, ары жок досум, ий! Ушул периштедей кыз сени жакшы көрүп калганына миң мертебе Кудайга шүгүр кылбайсыңбы?! Мүмкүн дейт. Мүмкүн эмес, сөзсүз үйлөнөм деш керек...» Ичимден дагы чыркырадым. Сыртымдан "аа" деп койдум. Ушул Айбек күйгүзөт да. Кийинки күндөрү кыжырыма тийчү болду. Айзада экөө эмне кылганын бүт дос балдарга төкпөй-чачпай айта берет, мейманканага барышканынан бери. "Ай, досум, мындай болбойт да" деп ичимден ага акыл үйрөтө берем.
– Карасаң, сонун кыз бекен? Айбек телефонунан бир кыздын сүрөтүн көрсөттү. – Ушул кыз менен сүйлөшүп жатам.
– Айзадачы?
– Аны менен дагы,- деп досум каткырып койду. А мен досума кошулуп күлүп, ичимден өрттөнүп жаттым. Аздан соң биз отурган кафеге Айзада да келип калды. Дайымкыдай жагымдуу, дайымкыдай сулуу... Бет маңдайында аны телмире тиктеп турдум. "Айзада, садагам! Айбек менин эң жакын досум. Бирок ал сага жакшылык кылбайт. Ал сени бактылуу кыла албайт. А мен? Мен сени жакшы көрөм. Бирок..." ичимден сүйлөнүп жатып да Айзаданын сулуулугунан тайсалдап оюмду улай албай калдым.
– Сагынып кеттим,- менин "ашыгым" Айбектин чачын уйпалай анын жүзүнөн сүйдү.
– Жинди! Ушу Айбекти сүйүп алган, Айзада, сен жиндисиң! Мына ушул периштедей Айзаданын баркын билбей жүргөн, Айбек досум, сен да жиндисиң! Баарын ичине катып, ичинен сүйлөнүп отурган, бириңди досум деп "жигитчилик" мыйзамды аттап өтө албай, бетине айта албай, бириңе "сени жакшы көрөм" деп айтууга эрким жетпей шалдайып маңдайыңарда отурган мен да жиндимин! Үчөөбүз тең жиндибиз!- ичимден кыжырым кайнап чыкты. Бул жиндичиликти токтотпосо болбойт! Бирок кантип?!

Нурлан
Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
ailin16
2016-08-22 09:06:07
Окуп отуруп бир окуя эсиме тушуп кетти. P.S досунуздун кызын суйуп калуу кыйын,байкап калса досунвздан кол ацрып калышыныз мумкун
-1
bring.me.to.life
2016-08-22 13:25:34
Мейманканага барып жургон кызды "жакшы кыз " десе олду го.
+7
D.Uezalieva
2016-08-22 17:36:24
Башка кызды айтты окшойт мейманканага бардык деп.
0
ilgis1991
2016-08-22 22:20:52
Ал кирпиктерге ишенбе!!!клейлеп жабыштыргааан!!!!
+13
arzuuu
2016-08-22 22:30:13
Апеееей достор мен бир нерсени коп байкайм да. Азыркы учурда ушундай ангемелердин баарында меймаеканага бармайларды ачык эле кадимки корунуш катары жазып калды. Тан калдым тобоо. Батышты туурап уятты жоготтук
+2
DNurgiza
2016-08-22 23:04:54
сүйүү- үч бурчтук да....
+1
jama9210
2016-08-23 23:05:46
Ооо кокуй
+2
aidai89
2016-08-27 12:22:37
Мейманканага барды деп жакшы кызды ошентип айтабы тобооооо
+1
saat1200
2016-08-27 17:53:42
уламыш, жалган, калп.
-1
satarovkubacom
2016-09-17 20:27:08
Жиндилер))
+1
alibekova94
2016-11-23 14:03:57
Кулуп алдымго ))) комик жигит окшойт э )))
-1
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан