Чынар Капарова: "ИЛИМ КҮЛКҮ КЕЛЕРЛИК ШЫЛТОО МЕНЕН МЕНИ ЖУМУШТАН АЛДЫ"

КТРКнын алып баруучусу, журналист Чынар Капарова эфирден көрүнбөй калган эле. Биз кайрылганыбызда анын себептерин төмөнкүдөй түшүндүрдү.

– Чынар айым, жумуштан кетүүңүзгө эмне себеп болду?
– Мен өз каалоом менен жумуштан кеткен жокмун. Иштен кетишиме Илим Карыпбеков менен болгон жыл башынан берки тирешүүм себеп. 12-августта акыры көксөгөн максатына жетип, мени жумуштан алуу буйругун чыгарды. Себеби күлкү келерлик. "Сен Сүйүнбай Эралиевди Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры дедиң, туура эмес наам ыйгардың" дейт. Бул шылтоону уккандардын төбө чачы тик турууда. Эралиевдин Эл баатыры экени калппы? Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, кайталай бербейли деп Эл баатыры дегем. Ал эми согушка катышып, баатырлык көрсөткөндөргө «Советтер Союзунун Баатыры» деген наам берилген. Эралиевде андай наам жок, бирок кан кечип аман келип, элине опол тоодой кызмат кылган кадырман карыяны Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры деп даңаза кылганым туура эмеспи? Мен улуу акынды басынтып же кемсинтсем бир жөн.

– "Жыл башынан бери тирешип келем" дейсиз, ага эмне себеп болду, эфирден кандай негизде алып салды?
– Илим мырза башка каналдардан дикторлорду алып келүү аракетин баштаганы мен куугунтукка кабылдым. Болбогон шылтоо менен артымдан түштү да калды. Ачык эле айтпайбы, эфир менин менчигим беле?.. Дагы бир шылтоосу – мен Оштогу кабарчы Актилек Гүлжигит кызына телефон чалып, башкы директордун орун басарынын өтүнүчүн жеткирип койгом. Болбогон телефон чалуу. Же кабарчыга үстөмдүк кылсамчы, же буйрук берсемчи. Актилек да ошону айтып жатат. Актилекти ушул себеп үчүн эфирден алып, келишимди токтотуп, үч баласы менен жалгыз энени ишсиз калтырды. Мен ага «Оштогу кыргыз театры жөнүндө материалды өтө курчутпай бере аласыңбы?» деген өтүнүч айткан элем. Анткени ал сюжетте кыргыз театры жамандалып, өзбек театры макталып калган. Улут аралык маселе болуп кетпесин деген кооптонуу болгон да. Сюжетти көргөн Байкоочу кеңеш да бул маселени жерге калтырбай, "керек болсо Капаровага алкыш айтыш керек, эфирге чыгар" деген чечим чыгарса, арданган Илим мырза артымдан түшүп, аңдытып болбогон шылтоолорду таап жатты.

– Буга чейин да дикторлор эфирден алынды беле?
– Ооба, ишке жаңы келгенде "мен сиздер менен гана иштейм, башка кадрлар керек эмес" дегени эсибизде. Сөзүнө турбасын КТРК жамааты көрдү. Адегенде эле мени менен Лунара Мамытова экөөбүздү эфирге бекитти да, дасыккан жана мыкты кадрлар: Нуржан Ташболотова, Гүлжан Кулмамбетова, Замира Нусубалиева, Гүлшан Кулматова, Мээрим Сырдыбаева, Лена Черномазованы эфирден алып салды. Алар жарабайт жана чыкпайт деп... Көп өтпөй Лунара депутаттыкка кетип, Канат Абазбеков менен жалгыз иштешип жүрдүк. Күнү-түнү таң атпай, түштө, кечинде, алтынчы, дем алыш күндөрү тынымсыз шайлоо вазыйпасын аткарууга чыдап, арызданбай иштедим. Акырында такыр чыкпайт деген Гүлжанды эфирге чыгарды. Кулмамбетова да дасыккан, алдыңкы дикторлордун бири. "Гүлжандын эфирге чыгып калганына сен күнөөлүүсүң!" деп мага атырылды. Жамаатка келип алып, "Аскар Салымбеков Гүлжанды чыгар деп суранды, укпай койгом, бирок Капарова чыдабай калып чыгардым" деп мага шылтоо кылат. Эгер ошончолук сөзүнө турган адам экен, башка деле дикторлор бар эле го… Мына Илим мырзанын жүзү.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Диктор Чынар Капарова Илим Карыпбеков кысым көрсөткөнүн айтууда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
Kanaktr
2016-08-30 18:02:16
Комент окуп жатып пикир билгизбей кое албадык, КТР ден канча кызматкер кетти, бары оз каалоосу менен. Албетте жетекчилик мумкунчулук берет, же озун кет, же мен кетирем деп. Арасынан капаровадай болуп ачык жазгандар чыгат. Азамат! Ачык жазыптыр. Жетекчи ачык айтып, башка жумушка деле которсо болмок. Чынардан улуу дикторлор деле иштеп журушот. Ачык айтып, жетекчинин абийирин ачканы мактоого татыктуу! Макул деп кете берсе аран турган жетекчини майрамдатмак! Азамат Чынар, алга!
+4
Shat.88
2016-08-30 22:39:00
Ак ийилет бирок сынбайт, коросунор буйруса бул эже кайрадвн эфирге чыгат, ьул эфир адамы, убакыт ак караны деле таразалайт, Илимдин да заманы бутот ал эми чындык, профессионализм, тактика, жоопкерчилик жолдо калбайт, Кыргызстандагы эн мобилдуу айымдардын катарын толуктаары талашсыз,биз сиз менен.
+5
z0lyshk0
2016-08-30 23:29:45
Капаровага жазылган жакшы комментарийлерге минус аябай көп басылыптырго. Жактырбайбы же көбү?
Негизи мага кесибин сүйгөн ,өз ишине тың адистей көрүнчү...
+2
inspektor.kg84
2016-08-30 23:33:59
Мен дикторлордун эмнеси менен кызматта баалашат экенин билбей ,бирок теледен алып барып жатканы жакшы алып барчу деп баалайм.Илимге сизден жумуш ордун жакшы майлоо болбой калган же белегиниз кичинекейболуп калса керек.Кыргыздар мындай темп менен буйурса артты коздой жол тартабыз
го.
+3
Kanaktr
2016-08-31 01:02:23
Капаровага ич куйдулор коп, арасындагы эле достору коралбайт. Ошол достору оздору деле бойдок, оздорунун да арты таза эмес. Кобу экинчи, учунчу, тортунчу аялдар. Мингени джип, жашаганы особняк, балдары кытай туркияда окушат, кийгени шуба, тагынганы алтын. Анан капарова кимге жагат? Ич куйдулор арасында, жамандагандар да жанында! КТР чириген, кеткени жакшы болду.
+1
barakcha
2016-09-02 12:34:25
Kanaktr,ошол шуба алтын особнякты адал эмгеги менен тапса экен.ич куйгудой.
+2
Aizirek2014
2016-08-31 02:11:17
aibo 85, Биздин чондорго айт ушундай создорду, жаштарга орун берсин деп. Ичинер куйуп атат бул эжеге, анда эмесе туз жалагыла. Мыкты алпаруучу , ишин жакшы билген. Мындай кадрларга болгон условия тузуп бериш керек. Лицо страны, она номер 1.
+1
Nasyrkg
2016-08-31 07:36:19
Бул кыз ото эле озун кыйын сезип калган ктр.да астынан чыккан адамдарга конул бурбай жон эле мурдун которгон неме болчу мен коргом да
+2
Aytur
2016-08-31 12:23:31
Мен баалайм бул дикторду диксиясы аябай жакшы!
0
ashuular_plus
2016-08-31 15:27:35
Мен Илим Карыпбековичтен сабак алып калдым эле, бизге Гражданское право деген сабакты алып барчу, эн мыкты юрист, баарыбыз анын сабагын кызыгуу менен окудук эле. Эмне учун мындай ишке барды экен? Капарованын да куноосу бар болуш керек.
+6
nurillm
2016-08-31 18:10:55
мен деги ктрка корбойм ышкыртып эле бир жактуу калпты корсото берет чыркыраган чындык эчкачан корсотулбойт
+2
Oshken26
2016-09-01 07:32:49
nurillm, туура айтасыз.
+1
erjmax21
2016-08-31 19:44:47
Чынар эже жакшы алып барат Гулшанга караганда бул жерде байдын баласы суйлосун болуп калыптыр.
-2
Oshken26
2016-09-01 07:31:30
КТРК эки жуздуу. Чындыкты так алып чыкпайт. Кайсы бийлик келсе ошолор мыкты да,кеткен бийлик жаман. А убагында ошолорду деле жакшы деп мактап жургон. Дикторлорго ашыкча созум жок . Мыктысы иштесин.
+2
Akahkokych
2016-09-01 17:44:54
Интрига башталгада эле акырын жылыш керек эле да, жетекчилик менен конфликте барбай. Айта турганды озуно лично айтып туруп...., болбосо озун билесин жетекчинин орду саясый орун, сенин местан бироого керек болуп калса керек да
-1
dymak
2016-09-02 07:42:09
Бардык нерсенин эки тарабы бар,Бир жактуу эч убакта карабагыла Жана бирөөлөрдүн жеке турмушуна кирише бербейли ар кимибиз өзүбүздү карабайлыбы толтура кемчилигибиз бар.Чынар эже де да бар,көзүнөнө эле көрүнүп турат,плюс тили кошулуп эки нерсеси күнөлүү деп ойлойм,жана жетекчи менен тил табыша албагандыгы үчүнчү күнөөсү
+2
romantik
2016-09-03 00:09:23
Эмне демекчибиз акырына чейин курошуунузду кутобуз,Ктрк-нын ичиндеги интригаларды биз жонокой эл баарын билбейбиз.
+6
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан