Филиппиндин Палаван аралындагы балыкчы 10 жыл бою дүйнөдөгү эң чоң бермет катары таанылчу берметти керебетинин алдында эч кимге көрсөтпөй жашырып жүргөн. Ал берметти 2006-жылы катуу шамал болгон учурда деңизден таап алган. Табылган бермет 34 килограммды түзүп, болжол менен 100 миллион долларга бааланууда, бирок балыкчы анын мынчалык баалуу экенин билген эмес. Качан гана өзү жашаган алачык күйүп кеткенден кийин гана балыкчы табылгасын башкаларга көрсөткөн.
Пуэрто-Принсеса шаарынын бийлиги берметти келген эс алуучуларды кызыктыруу жана көңүлүн бурдуруу үчүн сактап коюуну чечкен, ал эми балыкчыга кандай сыйлык берилгени белгисиз.
Жогорудагы табылга буга чейин табылган эң чоң деген берметтен 5 эсе чоң. Тактап айтканда, 1934-жылы да так ушул Филиппиндин Палаван аралынан 6,37 килограммдык бермет табылып, ал буга чейин дүйнөдөгү эң чоң табылга болуп саналып келген эле.