Руслан Жаныбеков: «КӨПЧҮЛҮК МЕНИ ЖЕЙКОБ ДЕП АТАШАТ»

Клиптерден, тасмадан «Күүгүм» тасмасындагы актёр Тэйлор Лотнерге түспөлдөш кең далылуу жигитти көрүп Жейкоббу деп таң калган болсоңуз керек? Ал жигит Голливуд актёру эмес эле кадимки кыргыз жигити Руслан.

Туулган жылы, күнү
– 1991-жыл, 11-октябрь
Туулган жери – Чүй облусу
Үй-бүлөдө – Жалгыз уул
Билими – Туризм академиясынын уюштуруу иштерин башкаруу факультетин бүтүргөн
Бою – 187 сантиметр
Салмагы – 100 килограмм
Тартылган тасмасы – «Бишкек, мен сени сүйөм!»
Тартылган клиптери – Бактыгүл Бадыева «Жалгызым», Эркин Мукашев «Журавли», Нурлан Насип «Сауле»
Учурда – Жеке бизнес менен алектенет

"СҮЙҮҮ КЕЛИП КЕТҮҮЧҮ НЕРСЕ"

Эң жакын адамы
– Өзү
Ишенгени – Апасы
Билген тилдери – Кыргыз, казак, орус, түрк, англис
Хоббиси – Мергенчилик, балык уулоо
Адамдагы баалаган сапаты – Сөзүнө, ишине жооп бере алгандык
Сүйүү – «Азыр 21-кылым, ошондуктан сүйүү келип кетүүчү эле нерсе»
Бакыт – «Жакындарыңдын амандыгы, эч кимге карыз болбой жашаганың»
Байлык – «Эгерде жан дүйнөң бай болсо, сен материалдык жактан да бай болосуң»

– Cаламатсызбы, Руслан? Акыркы жолу сизди Нурлан Насиптин «Сауле» аттуу клибинен көрдүк. Бул клипке кимдин сунушу менен тартылып калдыңыз?
– Саламатчылык! Клипке кокусунан келип калган жокмун. Омар, Арсен, Нурлан Насип менин досторум. Буга чейин да көптөгөн клиптерге, жарнамалык роликтерге тартылып жүрдүм. Канча клип, жарнамага тартылбайын менин гонорарым мынча болушу керек деп ставкамды койбойм.

– Интернет баракчаңызга машыгуу залында жүргөн сүрөттөрдү көп жүктөйсүз. Залга эмне максатта барасыз?
– Мен сергек жашоо образы менен жашайм. Ичпейм, чекпейм. Спорт менен машыга баштаганыма 3-4 жыл болду. Фитнести жактырам. Мурда күрөш, каратэ, айкидо менен машыкчу элем, азыр таштап койгом. Машыгуу залында жүрүп стресстен арылгам. Бир кезде бизнес менен алектенип жүргөндө өнөктөштөрүм мени 150 миң долларга алдап кетишкен эле. 1 жылдай депрессияда жүрүп, өзүмдү колго ала баштагам. Ошондон кийин күчүмдүн баарын машыгууга арнап койдум. Себеби машыгып, өзүңдү алаксытсаң болот. Андыктан топтолгон стрессти темирлерден чыгарып алам.

– Сиз чын эле «Күүгүм» тасмасындагы Жейкобго окшош экенсиз...
– Ооба, мени көбү Тэйлор Лотнерге окшоштурушат. Ал тасма чыкканда мен 18 жашта элем. Ошондон кийин Жейкоб атка кондум. Тааныштарым мени Жейкоб дешет. Мени менен сүрөткө түшүп, кол тамга алгандар да болуп калат.

– Кандай жанрдагы клипке же тасмага тартылган жагат?
– Негизи мага башкы ролду жараткан жагат. Бирок бир да жолу роль тандоо мүмкүнчүлүгү бериле элек. Буга чейин жараткан образдарымды алдын ала мен үчүн тандап коюшчу. Бирок мен образ тандабайм. Кайсы роль туш келбесин аткарып кете алам.

– Сизди тапкан ата-энеңиз жана балалыгыңыз туурасында кеп салып берсеңиз...
– Үйдө жалгыз уулмун. Ата-энем 5 жашымда ажырашып кетишкен. Андыктан апам мени жалгыз тарбиялап, эрезеге жеткирди. Азыр 56 жашка келгенине карабай күүлүү-күчтүү, гүл өстүрүү менен алектенет. Атамды 6 жашымдан бери такыр көргөн жокмун. Эсимде, андан көп каттар келчү, апам аны мага окуп берет эле.

– «25 жаш сүйүү багы бышкан кез» дешет эмеспи. Сиздей жигитти жандаган селкилер көп болсо керек?
– Балким, менин интернеттеги кыздар менен түшкөн сүрөттөрүмдү көрүп ошентип ойлоп жаткандырсыз. Бул кадимки эле фотосессиялар. Учурда жүрөгүм бош. Ооба, буга чейин сүйлөшкөн кызым бар болчу. Бирок мамилебиз көпкө созулган жок. Мага шыңга бойлуу, узун кара чачтуу кыздар жагат. «Иштебейсиң, үйдө отур, тамак жаса» деп талап кылгандарга кирбейм. Ал жумуштун баарын өзүм деле кылып коё алам. Кулинария курсун бүткөндүктөн ашкананын чеберимин деп айтсам болот.

«Болгон күчүмдү темирлерден чыгарам».


Руслан көптөгөн жарнамалык роликтерге да тартылып келет.


"Сауле" клибинде образ жаратуу мага кыйын болгон жок".


Жазгүл Кенжеева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыздын Жейкобу Руслан Жаныбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aikera1992
2016-09-26 17:51:09
Жейкобко бир да окшоштугу жок. Бул Тэйлор Лотнерге окшош болсо анда мен Анжелина Джолимин десем болот го...
+1
Uzakova.Z.A
2016-09-27 20:42:26
Красавчик мага жакты
-1
Kroxa
2016-09-27 20:54:03
Ийгилик!!!
-1
Nurkyz1977
2016-09-28 08:08:25
Кыргыз тилин билбеген элин суйуп жарытпайт онгону коюп. Манасты айт дегендей биринчи орунга оз тилини кой эн мыкты билишин керек,жашоодо бактылуу бол иштерине ийгилик каалайм.
-1
Shat.88
2016-09-28 17:56:16
Ой бул ким эле деги биринчи корушум, анан дагы Жейкобго окшош дейсинер боорду эзбегилечи, бир жери окшошпойт
-1
Guzi88
2016-09-29 07:50:47
Сонун бала экен жонокой кыргыз тилди уйронуп кетесин кызыгып уйронсон ийгилик
-1
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан