Ош облусунун Кара-Суу районунда "чөөлөр көрүстөндү казып, адамдардын сөөгүн сыртка чыгарып салган экен" деген кеп желдей тарап, жергиликтүү тургундардын үрөйүн учурууда. Биз аталган райондун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Мамажан айылына барып, окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык.
"КӨРҮСТӨНДӨН АДАМДЫН СӨӨКТӨРҮ ЧЫГЫП КАЛЫПТЫР"
Биз барганда айыл тургундары жаш-кары дебей көркоо чөөлөр тууралуу кеп кылышып, аларды кантип жоготуунун айласын издеп жатышкандыгы белгилүү болду. Окуя тууралуу айыл башчысы Жаныбек Бакиев төмөнкүлөргө токтолду:
– Ушул жылдын сентябрь айынын 8-9дарында биздин айылда белгисиз жаныбарлар айыл этегиндеги мүрзөлөрдү казып кеткенин байкап калдык. Карасак бир топ көрлөр казылып, адамдын сөөктөрү сыртка чыгып калыптыр. Биз сөөктөрдү кайра ордуна салып, топурак менен көмүп коюп, бул окуя кайталанбашы үчүн көрүстөндү жакшылап көзөмөлдөй баштадык. Азыркы күнгө чейин көрлөр казылып жатат. Биз бул көркоо кандай жаныбар экенин ойлондук. Иттер болсо бул жакка келбейт, себеби мүрзөнүн тегереги тосулган, анын үстүнө алар көр казгыдай ачка болушпайт. Башында кээ бир айыл тургундары "көрүстөндөрдү чычкан же келемиштер көөлөп салган" деген ойлорун айтышты. Бирок казылган жерлер чоң. Чычканга мынча чоң тешиктин эмне кереги бар? Ошондон көп узабай айылда чөөлөрдү көргөндөр, түнкүсүн үнүн уккандар болгондуктан чөөлөр эле казып жатат деп божомолдоп, аларды жоготууга аракет кыла баштадык.
Мүрзөнүн жанында сай бар. Ошол сайдын эки жагы көчө бергенинен мурда сайдын эки тарабына бактарды тигип, зым тосмо менен коруп койгон элек. Сайдын ичине камыш, тикенектер чыгып, ичине адам кирүүгө мүмкүн болбой калган. Ал эми чөөлөргө так ушундай жерлерде жүрүү ыңгайлуу экен да. Жер шартына тез ыңгайлашып, тез көбөйгөн жаныбар окшойт. Сайдын ичинде кандайдыр бир жаныбарлардын изи жол болуп түшүп калыптыр. Биз бул жакка адам же мал кире албаса, чөөнүн эле жолу болуш керек деп божомолдоп алардын жолуна сыйыртмак, капкандарды койдук. Бирок чөө куу жаныбар окшойт, оңой менен карматпайт экен. Ушул сай унаалар өтчү чоң жол менен кесилишет. Ошол кесилиштеги көпүрөнүн алдына чөөлөр айылдан чыккан койдун, тооктун өлүктөрүн алып келип жейт экен. Анан бул көпүрөнүн алдына да зымдан сыйыртмак жасап, капкан койдук. Биздин айылдын тургуну Кенжебек Досбаев аттуу жигит ушул жерге капкан салып, 10-сентябрь күнү 1 чөөнү тирүүлөй кармап алган. Бирок адамга айбат кылып асылганда балта менен урган экен, чөө 3-4 сааттан кийин өлдү. Кийинки күнү ошол эле капканга дагы бир чөө түшкөн. Аны биз өз убактысында көрбөй калып чөөлөр өздөрү жеп салышыптыр.
"11 ЧӨӨ ЖҮРГӨНҮН КӨРГӨНДӨР БАР"
– Мен өзүм көргөн жокмун, бирок биздин бир айылдашыбыз кечинде кетип баратып унаасынын жарыгынан 11 чөөнү көрүптүр. Көргөндөр "мурда мындай чоң чөөлөрдү көргөн эмеспиз" деп жатышат. Бүгүнкү күндө 2 чөө өлсө, 9 чөө калды деген ниеттебиз. Угушумча, айыл тургундарынын бири "баламды сугатта жүргөндө чөө кубалаптыр" десе, башкасы "неберем мектепке баратканда кол салыптыр" деп сөз чыгаргандар болуптур. Андан соң "чөөлөр адамдарга да кол салып жатышат, биз коркуудабыз" деп айыл тургундары дүрбөлөңгө түшүп калышты. Бирок мага эч кимиси антип кайрыла элек, андыктан бул фактылар такталган жок. Түнкүсүн чөөлөрдүн коркунучтуу үндөрүн уккан жаш балдардын, аялдардын үрөйү учуп бизге айтышкандыктан бул маселени тезирээк чечкенге аракет кылып жатабыз. Жергиликтүү мергенчилердин чөөлөрдү кармоого мүмкүнчүлүгү жок экен. Себеби алар түнкүсүн чыгат. Ошол себептен Кара-Кулжадан атайын үйрөтүлгөн иттери менен мергенчилерди чакырдык, жакында келишет. Алар "ар бир жок кылынган чөөгө акча төлөп бересиңер" деп жатышат.
"АДАМДАН КАЧПАЙТ ЭКЕН"
Атын атагысы келбеген дагы бир тургун буларды кошумчалады:
– Чөөлөрдү көрүп, үнүн уккандар айылда көп. Кечээ эле биздин айылдашыбыздын бири айылдын жогору жагынан 1 чөөнү көрүптүр. "Адамдан качпайт экен" деп келди. Кыйкырып, тап берсе да качпай туруп алыптыр.
"6 АЙДА 1000ГЕ ЖАКЫН ЧӨӨ АТЫЛДЫ"
Биз жогорудагы окуя боюнча Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Биздин бардык аймактарда өзүбүздүн өкүлчүлүктөр бар. Сиздер айткан Кара-Суу районуна да барып, окуяны териштирип жатышат. Өлкө боюнча 20 миңдей мергенчилерибиз бар, чөөлөрдү жок кылууга алардан да жибергенбиз. Чөөлөр ачка болгондо көрүстөндөрдү каза башташат. Ал эми көп санда болсо адамга кол салышы мүмкүн, бирок мындай факт бизде катталган эмес. Негизи чөө тез көбөйгөн жаныбар. Быйыл да өзгөчө көп болууда. 6 айдын ичинде эле 1000ге жакын чөө, 400гө жакын карышкыр атылды. Өкмөт тарабынан чөөгө 2 миң, карышкырга 6 миң, бөлтүрүктөргө 1 жарым миң сом сыйлык каралган. 800дөй чөө аткан мергенчилер жергиликтүү өкүлчүлүктөрүбүз тарабынан акчалай сыйлык алышты. Мергенчилер терисин текшертип, анын чөө экендиги аныкталса сыйлыкты алышат, терисин кайра өздөрүнө беребиз.
"ЧӨӨЛӨРДӨ ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БОЛУШУ МҮМКҮН"
Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн ветеринардык дарыгери Асылбек Ажыгуловго кайрылып, чөөлөрдү кармоодо адамдар эмне кылышы керектигин тактадык:
– Биринчиден, көрүстөндөгү адамдар жугуштуу ылаңдар менен ооруп көмүлгөн эмес. Анын үстүнө жерде жаткандарына көп болсо, адамдардын сөөгүндө жугуштуу оорулар жок. Чөөлөрдү атууга уруксат берилсе, мергенчилер ветеринардык кызматкерлер менен биргеликте атышы керек. Себеби чөөлөр жапайы болгондуктан жугуштуу оорулар болушу мүмкүн. Адамдар да өзүнө сак болуп, ветеринардык эрежелерди сактоосу зарыл. Үйдөгү малды же ошол эле атылган чөөлөрдү сойгондо колуна кол кап кийип, андан соң терисин атайын лабораториядан текшертиши керек. Текшерилбеген терини колдонууга болбойт. Талаа шартында болсо этин терең чуңкур казып, үстүнө хлор сээп, андан соң гана көмүү туура.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg