Голливуддун атактуу актрисасы Анжелина Жоли жолдошу актёр жана продюсер Брэд Питт менен ажырашуу үчүн сотко кайрылды. 2004-жылдан бери чогуу жашап, 2014-жылы расмий никеге турушкан түгөйлөрдүн ажырашуусуна эмне себеп болду?
19-сентябрда актриса «элдешкис пикир келишпестик» деген жүйө менен арыз жазган. Жолинин жактоочусунун билдиришинче, ал балдарынын баарын өзү менен алып калууга аракет жасап, дем алыш күндөрү атасы менен жолугуп туруусуна уруксат берерин айтып сот органдарына кайрылган. Буга чейинки бейрасмий маалыматтарга караганда, ажырашууга Брэд Питтин «Союздаштар» ("Союзники") тасмасындагы өнөктөшү, француз актрисасы Марион Котийяр менен ысык мамилеси да себеп болгон. Ошондой эле кийинки мезгилде Брэд Питтин марихуана, спирт ичимдиктерин көп колдонгону буга кошумча болгонун жазышууда. Бирок Анжелина Жоли бул маалыматты четке кагып, "балдарды тарбиялоодогу пикир келишпестик себеп" деп билдирген.
Маалымат үчүн: Жоли менен Питтин сүйүүсү 2004-жылы "Мистер жана миссис Смит" кинотасмасына тартылуудан башталган. Алардын ортосунда 6 баласы бар (алардын үчөөсүн багып алышкан).
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg