МАКСИМ БАКИЕВГЕ АРНАЛГАН ЖЕР АТАМБАЕВГЕ КАНДАЙЧА ӨТҮП КЕТТИ?

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди эс-учун жоготкон абалда "Тез жардам" кызматы Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунан алып кеткени тартылган видео интернетке тарады. Видеону "Хаберлер" маалымат агенттиги чыгарды. 19-сентябрдын түнүндө президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Расмий маалыматтар боюнча, ажонун абалы канааттандырарлык, бирок медициналык кароодон өтүү талап кылынат. Буга байланыштуу өлкө президенти 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканы кабарланды. "Хаберлер" маалымат агенттигинин кабарына караганда, өлкө башчысы дарыгерлердин текшерүүсүнөн соң Түркиянын Измир курорттук шаарындагы 5 жылдыздуу мейманканага жеке учак менен учуп кеткен.
Алмазбек Атамбаев жана анын командасы акыркы күндөрү өлкөнүн жана өзүнүн келечегине кайдигер карабаган жарандар тарабынан кескин сынга алынып жатты. Ага карабай Атамбаевдин ооруп калганы тууралуу маалымат бүткүл элди селт эттирди. Ажонун ден соолугу жакшырып, аман-эсен кайтып келишин баары тилеп жатат. Анткени ажону сындап жаткандар журт башчыга жамандык тилебейт, эл болгону ишенип берген өлкөнү өнүктүрүү милдетин аткарууну талап кылып жатат.


АЖОНУН ООРУП КАЛГАНЫН КОМАНДАСЫ ЖАКШЫ ПАЙДАЛАНУУДА

"Бул – "дипломатиялык оору". Убактылуу өкмөттөгү мурунку кесиптештери менен тирешти, өлкө ичиндеги өзүнө каршы чыңалууну жоюу үчүн тезинен публиканын көзүнөн көлөкөгө өтүп кетти. Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына баратып жолдон ооруп калып Түркияга конуп, "Тез жардам" чакыруудан башка чечим таппаган окшойт",- дейт белгилүү орусиялык аналитик Аркадий Дубнов.
Күтүлгөндөй эле Алмазбек Атамбаевдин капыстан ооруп калышынан улам анын оппоненттери "жыгылганды теппейт" болуп чечкиндүү кадамдарды улантпай, тушалып калышты. Кандай гана болбосун Баш мыйзамды өзгөртүүнү көздөп жаткан бийлик, тескерисинче, бул абалды өз пайдасына пайдаланууда. 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети авторлор коё тургула деп каршы чыкканына карабай референдум тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышты. Мыйзам долбоорун даярдаган Бакыт Төрөбаев, Тынчтыкбек Шайназаров, Өмүрбек Текебаев жана Алманбет Шыкмаматов процедураны бузуу менен палатанын кароосуна алып чыгууга каршылык көрсөтүп жыйындан чыгып кетишти. Депутат Чолпон Жакупова мыйзам долбоору биринчи жана экинчи окуунун ортосунда коомдук талкууга коюлушу керектигин, андай талкуу өтпөгөнүн, экспертиза жүргүзүлбөгөнүн айтты. "Бир дагы экспертизанын корутундусун көргөн жокмун. Депутаттар президенттик аппараттын юридикалык бөлүмүнө айланып калышты. Камерага карап, мыйзам долбоорун күчкө салып палатага киргизүүнү көздөп жатканыңарды айтып койгула",- деп ал дагы жыйындан чыгып кетти. КСДПнын өкүлү башчылык кылган комитетти мындай эскертүүлөр токтото албады. Комитет мыйзам долбоорун кабыл алды.
Өлкө башчы менен анын командасы коомчулуктан берилип жаткан суроолорду тебелеп өтүп, Чолпон Жакупова өңдүү депутаттардын "мыйзамсыз иштерди жасап жатасыңар!" деген эскертүүлөрүнө кулак да салбай, Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев, Өмүрбек Текебаев өңдүү кечээки пикирлештеринин "Бул Баш мыйзам канчалаган азаматтарыбыздын каны кургай электе кабыл алынган. Ошондо 2020-жылга чейин тийбейбиз деп элге сөз бергенбиз. Эгер ал убададан тайсак, анда касиеттүү эч нерсебиз калбайт" деген эскертүүлөрүнө да карабай Баш мыйзамды өзгөртүүгө бел байлады. Эмне үчүн? Ажо президенттиктен кеткенден кийин Бакиевдер ээлик кылган мүлк анын колуна кандайча келип калганы өңдүү суроолорду эч ким көтөрүп чыкпасын үчүнбү? Буга окшогон ыңгайсыз суроолордун үстүнөн кийинкилер иликтөө жүргүзбөсүн үчүнбү?

АЛБЕК ИБРАИМОВ ЖЕРДИ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ САТКАНБЫ?

Эл ал суроолорду баары бир берет... Мисалы, "Дастан" мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңеши заводго тиешелүү жерди сатуу боюнча чечим чыгарууга акысы бар беле? Ал жерди сатуу үчүн Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунан уруксат алышы керек беле?..
Суроолор толгон-токой. Мындай суроолордун артынан жооп издеп кетсек, негизги, абдан маанилүү жагдайды көз жаздымда калтырабыз. Карап көрсөк, сөз болуп жаткан заводдун 3 гектарга жакын жери кайсы бир адамдын колунан өткөрүү схемасы менен айланып келип эле "Дастан" заводуна башчылык кылган, жерди сатуу чечимин кабыл алган Албек Ибраимовдун колуна тийиптир. Демек, ал кайсы бир адамды ортого салуу жолу менен өзүнө өзү саткан болуп жатат. Эгер мындай схема кимдир бирөөлөргө кадимки эле көрүнүш катары туюлуп жатса, демек, биздин аң-сезимге коррупция ушунчалык сиңип кеткен. Албек Ибраимов жерди колго алган соң бир нече күндөн кийин эле аны өлкө башчысына сатат. Президентке жогорудагы схема шектүү көрүнгөн жокпу? Мамлекеттик ишканага башчылык кылган адамдын мындай ишин президент сындашы керек эле. Тескерисинче, ал жерди Ибраимовдон сатып алуу менен ажо жогорудагыдай жорукту колдоп жатат. Ал эле эмес, бул окуядан көп өтпөй дал ушул адам президенттин партиясынын сунушу менен Бишкек шаарына мэр болуп шайланып калды...

«АЖОНУ САТТЫҢ» ДЕП АЙЫЛЫНАН КУУП ЧЫГЫШАБЫ?

Мындай схеманы коомчулукка алып чыгып, жиликтеп көрсөтүп бергени үчүн учурда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик телеканалдар, гезиттер аркылуу каралоо кеңири жүргүзүлүүдө. Атүгүл Кой-Таш айылынан уюшулган топ келип Текебаев менен териштирүү жүргүзүп кетишти. "Ажонун биздин айылга үй салып жатканын сага ким жеткизди?.. Ошол адамдын атын ата!" деген талапты коюп жатышты, ажонун айылдаштары. Ал адамдын аты-жөнүн билгенде эмне кылышат? "Ажону саттың" деп айылынан кууп чыгышабы?.. Мындай коррупция жыттанган ишти тайманбай ачык алып чыккан адамдарды куугунтуктабай, тескерисинче, колдоого албайбызбы?
Өмүрбек Текебаев маалымат жыйында Максим Бакиев 2007-жылы "Дастан" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин башчылыгына өзүнүн ишенимдүү адамы Алексей Ширшовду алып келип, бир жылдан кийин аталган жер тилкеси "Артстрой-Дизайн" деп аталган компанияга сатылганын айтты. Бул компаниянын артында Алексей Ширшов менен Максим Бакиев өзү турары 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин белгилүү болуп, жер кайрадан "Дастанга" кайтарылат. 2011-жылы "Дастан" мамлекеттик ишканасына директорлукка Атамбаевдин ишенимдүү адамы болгон Албек Ибраимов дайындалат. Бир жылдан кийин баягы жерди Анарбек Укуев аттуу адам сатып алып, кайра Албек Ибраимовдун үй-бүлөсүнө сатат. Албек Ибраимов болсо жерди президент Алмазбек Атамбаевге сатат.
Бишкек шаар башчысы көп жылдар бою Алмазбек Атамбаевге тийиштүү "Кыргызавтомаш" ишканасында иштеген. Жерди сатуу чечимин кабыл алган "Дастан" заводунун директорлор кеңешинин мүчөлөрү да "Кыргызавтомашта" иштеген адамдар экендигин Өмүрбек Текебаев көрсөтүп чыкты.
Мына ушундай маалыматтардан улам коомчулук "өлкө башчысы өзү коррупциялык иштерге аралашып жүрдү беле?.." деген кыжалат ойдо калды. "Коррупцияга каршы күрөш жүргүзөм, уурулардын, жегичтердин орду түрмөдө!" деп ураан салган президент мындай ойлордун жаралуусуна жол бербеши керек болчу.




Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан