РЕФЕРЕНДУМ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ШАШЫЛЫШ КАРАЛУУДА

20-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулап, долбоор экинчи окууда жактырылды. Ал документ 4 жылдан бери иштелип келип, депутаттар жайкы эс алууга чыгардын алдында биринчи окуудан өткөн. Комитеттик талкууда кайчы пикирлер жаралып, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "мыйзам долбоору шашылыш жана регламентти бузуу менен кабыл алынды" деп, талкуулоону кийинки аптага жылдырууну сунуштады. Бул демилгеси колдоо таппаган соң мыйзам долбоордун авторлору Өмүрбек Текебаев, Тынчтык Шайназаров, Бакыт Төрөбаев жана Алмамбет Шыкмаматов отурумдан чыгып кетишти. "Бир бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова: "Биринчи жана экинчи окуунун аралыгында коомдук угуулар өтүшү керек эле. Бирок алар өтө элек. Демилгечилер бир апта бергиле дешти. А биз аларды укпай жатабыз. Өтө кейиштүү жана жийиркеничтүү",- деп ал да чыгып кетти. Алардын бул кадамына карабай көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорун жалпы жыйынга алып чыгуу чечими кабыл алынды.
22-сентябрда парламенттин пленардык жыйынында жогорудагы мыйзам долбоорго добуш берүүдө 6 гана депутат каршы чыгып, 98 депутаттын колдоосу менен экинчи окууда жактырылды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан