ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-октябрдан 16-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жылдыздар күмөндүү иштер менен таанышууларга барбоону эскертишет. Каржылык чыгымдарга туш келүүңүз мүмкүн. Үйдөгү милдеттерди азайтып, жалгыз калып ичтеги сезимдериңизди, алдыга койгон максаттарыңызды талдаңыз. Анткени сизди тагдырдын күтүүсүз бурулушу күтүүдө.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башы чыңалып иштөөчү убак. Жетекчилик сын айтып, жаңы көрсөтмөлөрдү берүүсү ыктымал. Аптанын ортосунда кайсы бир иштерге катышып, олжолуу кайтасыз. Апта аягында досуңуздун жакшылыгын бөлүшкөндөн тышкары үй-жай, короо-сарайды иреттөө чыгат. Алыстан жаңылык угууңуз да мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада кандай маселе чыкпасын эмоцияга алдырбаңыз. Болбосо каталарды кетирип, өкүнүп каласыз. Бирөөлөрдүн кеңешине кулак салгыча ички үнүңүздү уксаңыз жаңылбайсыз. Үйгө келген туугандардын ишин бүтүрүп берүүңүз керек болот. Сапарга чыгууну апта аягына белгилесеңиз, баары ойдогудай болот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иште жетекчилик менен талашып-тартышууга жетпеңиз. Болбосо кызматка көтөрүү планыңызды ишке ашыруу кыйындайт. Кээ бирлер иш сапарга чыгуулары мүмкүн. Акчалуу болуп үйдө конок тососуз жана белекке да ээ болосуз. Апта акырында маанайыңыз бузулбасын десеңиз, чакырган жерге барбаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада келип чыккан кырдаалга туура баа берип, ошого жараша ойлонуп туруп чечим кабыл алууңуз керек. Жакындарыңызга кам көрүп, врачтарга көрсөтүп дарылатууңуз ыктымал. Жеңил акча табуу үчүн бирөөлөрдү алдоого чейин жетпеңиз. Билинип калып уят болосуз. Өмүрүңүздү тобокелге салбоо үчүн чоочун, бейтааныш жерде караңгыда жүрбөңүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башы жаракаттарга, ооруларга, түшүнбөстүктөргө жакын учур. Өзүңүзгө кам көрүп, абайлаңыз. Апта ортосунда кээ бирөөлөр той же тойчук берүүгө камына башташат. Бирөөлөрдөн ала албай жаткан акчаңызды өндүрүүңүз ыктымал. Балдардын маселеси боюнча дүкөн кыдырууңуз күтүлүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Күтүлбөгөн маалыматтан улам жеке пландарыңыз өзгөрүп, жашооңузга жаңылык кирет. Кээ бирөөлөр тааныш эмес иштерди колго алып, үйрөнө башташат. Эмнеси болсо да ишиңиз оң болуп, жакшы жыйынтыкка ээ болоруңузду кабарлашат. Чет жерде иштеп келем дегендер ортомчуларга ишенип, акчасын карматпоосу кажет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бизнес боюнча сунуштарга ойлонбой макул боло бериңиз. Жыйынтыгында материалдык абалыңызды бекемдеп алууга жетишесиз. Бирок көтөрүңкү маанайыңызды таарыныч бузуп коюшу ыктымал. Гардеробду жаңыртып, стилди өзгөртүүгө киришсеңиз жакшы. Үйдөгү эмеректерди оңдотуу, ордуларын алмаштырып жайгаштыруу иштери чыгат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өнөкөт оорулар козголбошу үчүн суукта көп жүрбөңүз, күчтүү тамак жебеңиз. Кошумча курста окуу тилегиңиз болсо кирише бериңиз, ыңгайы келип турат. Кээ бирлердин тапканынан короткону көп болгондуктан кошумча акча табуу булагын издей башташат. Эски таанышыңыздан белек алып, жаңылыктарга маарыйсыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кирешеңиз бир топ көбөйө баштайт. Болгону сиз тажрыйба менен күчүңүздү туура багытка жумшооңуз кажет. Үйдөгүлөр менен бир жакка чыгып, чогуу эс алууңуз күтүлүүдө. Кээ бирлерде эски сүйүүлөр жанданып, артка кылчаюуга туура келет. Коомдук ишке катышууга сунуш түшөт, ойлонуп көрүңүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада энергияңыз ашып-ташып, иммунитетиңиз да көтөрүлөт. Бүтпөй калган иштерди бүтүрүү тезден алга жылат. Тааныштарыңыз менен мамилеңиз бекемделип, алардын жардамы менен чоң ишиңизди бүтүрүп аласыз. Акча тартыштыгы күтүлбөшү үчүн кымбат буюм сатып албай туруңуз. Апта аягын жалгыз калып эс алууга арнаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жеке жашооңуз экинчи планга жылып кетет. Иштин көптүгүнөн баш көтөрбөй иштейсиз. Сиздин катачылыктан улам жамаатта түшүнбөстүк күтүлбөшү үчүн ойлонуп иш кылыңыз. Сүйүктүүңүз кайсы бир иштерде сизди колдоп кубантат. Апта аягында тамак-аштан уулануудан сак болууну жылдыздар эскертишет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан