ЖҮРӨК ТҮШҮҮ. АНЫ КАНТИП КӨТӨРҮШӨТ?

Бала болобу, чоң киши болобу бир нерседен катуу коркуп калган учурлар кездешет. Андай кезде жүрөк кабынан ыргып кете жаздагандай же жүрөк оозго капталгандай болот. Мындай учурда "апаптап коёлу" деп калышат. Жүрөк түшүү, жүрөк көтөрүү элдик жана медициналык көз карашта кандай түшүндүрүлөт жана айыктыруунун кандай ыкмалары бар? Карап көрөлү.


"ЭЛДЕ ЖҮРӨКТҮ АПАПТОО ЫКМАСЫ КӨП КЕЗДЕШЕТ"

Бердигул Темирбаев, Кыргызстан эл аралык университетинин доценти, этнограф:
– Өзүмдүн изилдеп жазгандарым боюнча айтсам, кичинекей наристе да, чоң киши да бир нерседен катуу корккондо (мисалы, иттен, уруш-талашка же криминалдык окуяга күбө болуп калганда же автокырсыкка туш келгенде) жүрөгү ордунан козголот. Бирок жүрөк ылдый салаңдап түшүп кетпейт. Элде жүрөк көтөрүү жаатындагы көп колдонгон ыкмалар:

  • Апаптоо. Баланын энеси же эмчи-домчу байбиче баланын оозуна сөөмөйү менен ортонун салып, үстүнкү тиштерин таңдайды көздөй 3 ирет көтөрүп, "Бул менин колум эмес, Умай эненин колу. Жаман нерселер, чык. Жүрөк, өз калыбыңа кел!" деген сыяктуу сөздөрдү айтат. Муну баланын канчалык деңгээлде коркуп калганына жараша 3, 7 же 10 күн бою 2 маалдан кайталайт.
  • Кыт куюу. Коргошунду эритип, анан адамдын төбөсүнө муздак суу куюлган чыныны кармайт да, эритилген коргошунду ошол сууга куюп жиберет. Эмненин элеси пайда болсо, ошондон жүрөгү түшүптүр дешет. Анан ошол кытты тумардай кылып баланын моюнуна тагат же бешигине илип коёт. Муну баланын энеси же бүбү-бакшы деле жасай берет. Кээ бир жерлерде бул ырым сук кирүү, көз тийүүдө да колдонулат.
  • Камчы менен көтөрүү. Касиети бар деген адам же бүбү кемпир камчыны баланын башына тийгизип, анан кайра жерге тийгизет. Муну 3 ирет кайталайт. "Жараткан, баланын жүрөгүнүн калыбына келишине жардам бер. Баланы коркуткан жаман сезимдер, чык!" деген сөздөрдү айтат.
  • Кабырга алдынан көтөрүү. Сол капталдагы кабыргалардын алдына ортону менен сөөмөйүн салып, 3 жолу өйдө көтөрөт.
  • Молдолорго дем салдыруу.

"БЫЧАК МЕНЕН КӨТӨРӨМ, ДЕМ САЛАМ"

Атыркүл Ишекеева, Салттуу дарыгерлер ассоциациясынын төрайымы:
– Жүрөктү көтөрбөсө корккондогу сезим адамдын мээсине сиңип калат да, акырындап баш, жүрөк оору, аз кандуулук, балдарда энурез сыяктуу оорулар келип чыгат. Кийин көзүнө ар нерсе көрүнүп, кулагына угула баштайт. Мындайда айыктыруу кыйындайт. Жүрөк түшүү көбүнчө 5 жашка чейинки балдарда көп кездешет. 2-3 күн дегенде кээ бир балдардын дене табы көтөрүлөт. Аларды ооруканага алып барса, врачтар дары-дармек менен дарылай башташат. Дары жакпай, бала куса баштайт. Канчалык дарылаганы менен, коркуу сезими кала берет да, чочуу кайталанат. Андыктан жүрөктү көтөрүү зарыл. Мен өзүм жаш балдардын да, чоңдордун да жүрөгүн бычак менен көтөрөм, дем салам.

Атыркүл Ишекеева баланын жүрөгүн көтөрүүдө.


"ЧОҢДОРДУН ЖҮРӨГҮН СЫЛАП КӨТӨРӨМ"

Майрамкан Жетишикова, табып:
– Мен жүрөгү түшкөн 10 жашка чейинки балдарды башын төмөн, бутун өйдө каратып туруп 7 жолу силкип коём, дем да салам. 10 жаштан өйдөкүлөрдүн баарынын жүрөгүн акырындап укалап, өйдө сылап көтөрөм, дем салам. Өйдө сылоо адамдын жашына жараша жүргүзүлөт. Мисалы, 40 жашта болсо, жүрөгү өйдөнү көздөй 40 жолу сыланат.

Майрамкан Жетишикова жүрөгү түшкөн балдардын бутун өйдө көтөрүп силкип коюу ыкмасын колдонот.


"ЖҮРӨК ТҮШҮҮ – БУЛ ПСИХИКАНЫН БУЗУЛУУСУ"

Уулкан Итикулова, Бишкектеги "Психикалык ден соолук борборунун" балдар психиатры:
– Медицинада жүрөк түшүү деген диагноз жок. Бул психиканын бузулуусу катары кабыл алынат. Психиканын убактылуу бузулуп, кайра калыбына келген жана өнөкөт түргө айланган түрү бар. Психиканын бузулуусуна көбүнчө бир нерседен катуу коркуу жеткирет. Мисалы, жыландан чочуп калуу, бийиктиктен кулоо, караңгыда көзүнө бир нерсе көрүнүү, балдарда ата-эненин чатагына күбө болуу, уруп-согууга кабылуу. Баланы коркуу сезиминен ошол замат арылтып, коркуп калууга жеткирген себептин дагы да кайталанышына жол бербөө кажет. Мисалы, бала катуу үндөн же ата-эненин урушунан коркуп калса, ошол нерселер кайталанбашы керек. Эгер кайталана берсе, коркуу сезим психикага сиңип, өнөкөт түргө өтөт. Медицинада коркуу, чочуу деген сөздөр фобиянын синоними катары караларын айта кетейин.
Корккон баланы мээримге бөлөгөндөн тышкары нервди тынчтандыруучу чөптөр менен жуунтуу сунушталат. Чоңдор деле коркуп калганда андай чөп-чарларды ичүүсү, өзүн алаксытуусу зарыл. Коркуу өнөкөткө айланса, балабы же чоң кишиби психиатрга алып баруу сунушталат. Ал атайын тесттен жана баш мээни энцефалограммадан өткөрөт дегендей. Башкача айтканда, адам эмнеден коркконунун себебин таап чыгат. Дарылоо ошого жараша комплекстүү жүргүзүлөт (дары-дармек, физиодарылоо, психологдун, кекечтенип калса логопеддин жардамы керектелет). Ата-энеге балага кантип туура мамиле жасоо керектиги түшүндүрүлөт. Коркуу өнөкөткө айланганда адамдын мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрө баштайт. Түнт тартып, баарына кайдигер карап, максатка умтулбайт. Жалгыздыкка ыктап, башкалар менен мамиле түзүүсү кыйындайт. Эгер дарылатпаса, баланын организминде оорулар да жарала башташы мүмкүн. Андыктан убагында дарылатуу зарыл. Бүбү-бакшыларга көрүнүп убакыт өткөрбөй, врачка көрүнүүнү сунуштайм.

ЖҮРӨК ТҮШҮҮНҮН БЕЛГИЛЕРИ

  • Көздүн чанактан чыкчудай тостоюшу
  • Калтырап коркуу
  • Жүрөктүн бат-баттан согуусу
  • Кан басымдын көтөрүлүшү
  • Өңдүн бозоруп, сүйлөй албай калуу
  • Муздак тердин чыгышы
  • Кыймылдабай туруп калуу же качуу
  • Түндө түштөн чочуп ойгонуу
  • Кээ бирлерде түндө заара ушатуу
  • Тамакка табиттин тартпай калуусу
  • Кичинекейлер кекечтенип калуусу мүмкүн.

(Элдик дарыгерлердин айтымында, 1 жаш 2 айга чейинкилерде эң негизги белги – эмгегинин түшүшү (бөксөрүшү), шилекейинин куюлушу,чыркырап ыйлоо).

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Jasko.
2016-10-10 16:35:04
Оштун жакын жерлеринен билгендер барбы?
0
ozgeldi
2016-10-10 17:08:06
Мен да корунушум керек эле..катыгыраак ун угулса чочуй берем анан журогум сокконун башыман билинип калат лыкылдап 2-3 минуттай.
0
Gulmeiz
2016-10-10 17:35:06
Мен журогумду 2-3жолу котортконмун башында жакшы эле журосун 1айдан кийин кайра башталат журоктун тез соккону
0
Aytur
2016-10-10 20:21:17
Мен да кыйналып журом, туну бироо уйдо жургондой боло берет, катуурак суйлоп койсо чочуп калтырап калам, машинанын ичинде отуруп ит урсо чынырып коркуп.
Бишкекте адреси болсо берип койсонуздар жакшы болмок.
0
altynbek_canto
2016-10-11 01:35:04
Менин журогум тушкон кантип жана кимге барвп котортууну билбей турам.
0
Lekarstvosvoegomuja
2016-10-11 01:49:57
Колдон келсе журокту коп тушурбогонго аракет кылыш керек сабрдуу болуп
0
aytkulova
2016-10-11 21:55:29
Адресин калтырып койсонор жакшы болмок экен. Катуу чочуп калсан жаман экен. Тушунон чочуп ойгонуп, козуно бир нерселер корунуп, журогун тез-тез согуп.
0
adinaika
2016-10-11 23:48:12
Томондо жазылгандай кабырганын тубунон колду салып журок жака которот.Эн оной метод кунуно он муноттон бутунузду ойдо кылып жамбашты ойдо каратып жатыныз ошол журок ордуна тушот.Кээ бир адамдар айрыкча чондордун журогу тушцп катып калат аларды жумшартып анан которот.Лучше озунор ждаарылагыла он минуттон жамбашты ойдо которуп жаткыла
+2
adinaika
2016-10-11 23:52:33
журок ордунан козголуп калат каттуу коркуп или ачууланып ойлонгондо да болушу мумкун анан кыйналып калат жаш балдарга аябай жакшы таасирин тийгизет айрыкча.
0
cholpon119966
2016-10-12 15:49:52
жалал-абадта бир эжени билем.журок которот.
0
miss2014
2016-10-14 03:15:18
Мен да аябай коркокмун, журогум тушкон болуш керек, карангы да кочодо журо албайм, свет жок коюу карангы болсо,
0
tolik
2016-10-15 20:36:53
Жүрөк көтөрүү биздин уруубузда бар. Чоң аталарыбыз жүрөк көтөрүп калың элдин батасын алып келишкен экен. Бирок өкүнүчтүү ошол жүрөк көтөрүүнү үйрөнүп албаганым. Баламдын жүрөгүн көтөрүүдө улууларыбызга же бүбүлөргө барганга аргасызмын. Себеби бүбүлөрдү мен туура жолдогулар деп эсептебейм. Ошол жүрөк көтөрүү касиетине ээ болуп алып эле аны бизнес кылып,андан бөлөк көзү ачыктыкка да ээ болуп алышат экен.
+1
kalima88
2016-10-16 02:17:41
Мен апамдын узулуп баратканын коруп катуу коркуп калгам, андан бери 13 жыл отсо да коркунчаак адатымдан арыла албай келем."Журогумду котортуп алышым керек" деп коюп эле журом.
+1
Ayida
2016-11-09 17:42:50
kalima88,Сиз чон экенсиз бир челек сууну туну жылдызга койуп эрте менен кун чыкканга чейин туруп кийими жок дененизге бироо чакадагы сууну куйуп жиберсин тобонуздон ылдый сиз ошондо сыртка чыгарып ийиниз деминизди мисалы баа ааа деп ото сасет адамдар угатындай катуу эмес бирок ун созсуз чыксын 3 жолу же 7 жолу кунуго саары анан шамда кайталаныз
0
millionaire_kg
2017-01-13 18:24:03
Жүрөктү канча күндө которсо болот? Балам 1 жыл мурун журогу тушуп калган, эми кайра котортсом болобу?
0
Raik
2021-04-19 12:58:09
Саламатсыздарбы. Ушундай жүрөк которгондордун адресин ким билет 0507007767 айтып коюнуздарчы. Балам кекечтенип атат.
0
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан