АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

Кыргыз табыптары ысыгы өтүшүп кетип ооругандарды 40 күнгө чейин суу ичирип оорусунан сакайтып келген. Өткөн аптада япониялык окумуштуу ачка жүрүүнүн пайдалуулугу тууралуу эмгеги менен «Нобель» сыйлыгына татыктуу болду. Анда ачка болуу кимге пайда, кимге зыян?

АДАМ АЧКА КАЛГАНДА ӨЗҮНДӨГҮ ТАШТАНДЫЛАРДАН АРЫЛА БАШТАЙТ

2016-жылдын 3-октябрында Япониянын Токио технологияык университетинин клеткалык биология боюнча адиси Йосинори Осуминин аутофагия механизмин ачкандыгы үчүн «Нобель» сыйлыгын алды. Аутофагия грек сөзү, кыргызча «өзүн-өзү жеш» дегенди билдирет жана ал организмдеги табигый процесс. Башкача айтканда, клеткалар өзүндөгү ашыкча же зыяндуу деп эсептелген бөлүкчөлөрдү, анын ичинде ууларды, бактерияларды, вирустарды (таштандыларды) «жеп» коё алышат. Адегенде таштандыларды атайын баштыкчаларга – аутофагосомаларга топтошот. Андан кийин контейнерлерге-лизосомага которушат. Ал жерде таштандылар бузулууга туш келет жана кайра иштетилип, клеткалардын жаңырышы үчүн керектүү сырьё жаралат.
Аутофагия организм качан стресске тушукканда күчтөнүп иштей баштайт. Ачкачылык да организм үчүн стресс болуп эсептелгендиктен адам ачка калганда клеткалар өзүндөгү таштандылардан кутулууга өтөт. Бул ачылыш ачка жүрүүнүн, орозо кармоонун пайдалуулугун далилдейт.
Нобель комитетинде «Йосиноринин ачылышы адам организминде жүрүүчү көптөгөн процесстерди, мисалы, Паркинсон, диабет жана башка алып келүүчү инфекцияларды жана клеткалардын мутацияланышын үйрөнүп билүүгө жол ачты. Үйрөнүп билген соң ооруларды айыктыруу жана оорулардын жаралышын алдын алуу ыкмалары изилденет» дешет.

КАНЧА КҮН АЧКА ЖҮРҮҮГӨ БОЛОТ ЖАНА КИМДЕРГЕ?

Йосинори Осуминин ачылышынан улам бардык эле адамдар ачка жүрө берсе болобу, анын арты менен кандай оорулардан кутулууга болот деген суроого такалдык. Буга Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы, гастроэнтеролог Болот Турусбековдон жооп алдык.

– Батыштын окумуштууларынын бул жааттагы изилдөөлөрүнө таянып төмөнкүлөрдү айта алам. Ачка болуу бир топ максаттарда жүргүзүлөт: арыктоо, организмди чыңдоо, кээ бир оорулардан кутулуу, жашаруу жана башка. Суу ичүү менен ачка жүрүү жана суу да ичпей ачка жүрүү ыкмалары кездешет. Экинчи түрү бир топ кооптуу. Ачка болууда баш жана көңүл айланат, баш ооруйт, шалдыроо жаралат, кол-бут титирейт, адам арыктайт. Узакка ачка болгондордо органдардын иштөөсү бузулат. Буга анорексияга учурагандар далил.
Кыргыздарда 40 күн суу ичип, оорудан сакайгам дегендер бар. 40 күндөн ашса органдарда кайра калыпка келгис өзгөрүүлөр жүрүп, адам майып болуп, ал тургай өлүмгө учурайт. Медицина 17-20 күн толук жетишерлик дейт. Жөн гана организмди, көбүнчө ичегимди тазалайм дегендер врачтын уруксаты жок эле апта сайын 1 күн ачка жүрсө болот. Ачка чыдабай баратса айрандан ууртап койсо жетиштүү. Оорусу жоктор ден соолугумду мындан да чыңдайм дешсе, 3 күн ачка жүрсө зыяны тийбейт. Муну 2-3 айда 1 жолу кайталаса болот. Өнөкөт оорусу бар болуп, 2 күн жана андан ашыкча ачка жүрөм дегендер врач менен кеңешип, ал уруксат берсе, анын көзөмөлүндө болуусу кажет. Болбосо оорусун күчөтүп, жаңы оору таап алышы мүмкүн. Ачка жүрүүдө организм күчүн зыяндуу заттардан (уулар, металлдардын туздары, шлактар, жаман холестерин, вирус, бактерия) кутулууга жумшайт. Жашаруу жана ден соолуктун чыңдалуусу жүрөт, адам ашыкча салмактан арылат. Кээ бир окумуштуулар көрүү, угуу жакшырат, жаңы пайда болгон рак сорулуп кетип, чоң өлчөмдөгүлөрү өсүүсүн токтотот, жогорку кан басым түшүп, калыптанат дешет.

Кимдерге пайдалуу? Окумуштуулардын көбү ревматоиддүү артрит, васкулит, бөрү жатыш, атеросклероз, кызыл жүгүрүк, бронхиалдык астмасы барларга жакшы деп айтат.
Кимдерге болбойт? Кант диабети, анемия, ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасы, өт жана бөйрөктөгү таш оорусунда, нерв системинин оорусунда, кош бойлууларга жана 18 жашка чейинкилерге болбойт.

АЧКА БОЛГОНДОГУ ОРГАНИЗМДЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

1-2 суткада
1-2 суткада энергия тамак-ашты сиңирүүгө эмес, ички органдарды, тамак-аш сиңирүү жолдорун калыпка келтирүүгө жумшалат. Бул организмдеги гликогендин запасынын эсебинен жүрөт.

3-4 суткада
Гликогендин запасы 2 суткадан соң түгөнөт да, организм ичтеги май запасын «күйгүзүү» менен энергияга ээ болуу жана гликогенди калыпка келтирүү механизмин ишке киргизет. Андыктан ойлоо, иштөө жөндөмдүүлүгү толук сакталат.

5-9 суткада
5-9 суткада ачкачылык сезим жоголуп, организм ичтеги май запастарынын арты менен өзүн камсыздоого толук өтөт. Бирок адамдын өзүн сезүүсү төмөндөй баштап, алсыроо күтүлөт, тилди кебер каптайт, ооздон ацетонго окшош жыт чыгат.

10-17 суткада
10-күн дегенде адамдын абалы өтө начарлайт, бирок бир нече сааттан соң шалдыроо, баш оору жоголуп, дене өтө жеңил тартат. Эмне дегенде организмде май запасы түгөнүп, организм өзүндөгү белокторду өзү «жей» баштайт (белокторду энергияга айландырууга өтөт). Белоктун булагы – булчуңдар, буга тил, жүрөк да кирет. Демек, алардын өлчөмү кичирейет. Кандагы кычкылдануу азаят, организмди ууландыруучу продуктулар түгөнөт. Өзүн жакшы сезип калуу ушундан болот.

АЧКАЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУ

Ачкачылыктан акырындап врачтын көзөмөлүндө чыгуу керек. Дароо көп тамак жегенден адам ооруп, узакка ачка жүргөндөр мерт да болуп калат. Мисалы, 3 күн ачка жүргөн болсо, 3 күн жашылча-жемиш диетасы кармалат. Анан менюга тузсуз суюк тамак, винегрет салаты кошулат. Андан соң ботко, 1-2 кесим кара нан жесе болот. Узак ачарчылык кармагандар эт, каймак май, картошка дегенди 15-20 күн дегенде гана жеши кажет.

“ООРУГАНДА 4 КҮН АЧКА ЖҮРҮП ЖАКШЫ БОЛГОМ”

Чынара Бектемирова, 60 жашта, Ысык-Ата районунун Жээк айылынын тургуну:
– Мен ашказан-ичегилерим ооруганда 4 күн жалаң булак суусун ичип жакшы болгом. Андан ары да суу ичүүнү токтотпой, денем жаман нерселерден тазалансын деп дагы 17 күн суу ичкем, бирок кечкисин бир маал суюк тамак ичип коюп жүрдүм.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Nurkyz1977
2016-10-17 10:07:38
Деги эле чийки сууну коп ичуу керек сууну коп ичсен женил журосун.
+7
Salixa.
2016-10-17 10:50:46
Бул нерсе 14кылым мурун айтылып кеткен .
+8
MUSA.95
2016-10-17 11:59:17
Salixa., туура айтасыз 14 кылым мурда айтылган. Туура экенин эми далилдешти.
+6
Komrad
2016-10-17 11:09:38
Тамакты эртен менен жеш керек
0
chon.alai.
2016-10-17 19:08:39
жакшы маалымат экен
+1
jazika.91
2016-10-17 20:42:39
жакшы
0
antimafiya12345
2016-10-17 20:52:06
Эн сонун
0
hello.kg
2016-10-18 10:10:26
Канча жылдан бери боору жатыш идети мн жабыкап келем.ачкачылык мн даарыласа болоорун угам.бирок эч чыгыналбайтам. Ээ Аллах сабыр берип баштап алсам экен.
+5
jumka0505
2016-10-18 17:42:10
Орозо тутканда 2 маал тамактанасынго мында совсем тамактанбай суу ичип кантип журот?
+1
Gulmeiz
2016-10-18 17:53:49
Бору жатыш кандай ооруу?
0
xnurgul_gul
2016-10-19 04:54:03
Gulmeiz,денеге бир нерселер чыгып кетет-кычышат суука ото ыссыка менин бир туугагым ооруйт кыскасы ото жаман оору-козунон бери кызарып кычыщат
0
ozgeldi
2016-10-18 20:21:34
Чоп орок башталганда орозо кармагандар барбы.?копчулугу ошону ойлоп кармабай калышат
+1
Rasul_Rahmanaliev
2016-10-20 15:30:27
Ачка болуу пайдалуу болсо...жакшы го!
+1
borjomi77
2016-10-24 04:35:40
5
0
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан