Азиз Мурадиллаев 30-сентябрда ооруканага түшүп, жакындары ага кан керек экенин билдиришкен эле. 5-октябрь күнү социалдык тармактарда «актёрдун боорун алмаштыруу керек» деген билдирүү тараган болчу. Азиз мырзанын жубайы анын качантан бери ооруп келе жатканы, кандай дартка чалдыкканы тууралуу айтып берди.
– Жолдошуңуз бул дарт менен качантан бери күрөшүп келет? Буга чейин дарыланып турчу беле?
– 2009-жылдан бери жугуштуу гепатит С дарты менен ооруп келет. Жыл сайын дарыланчу. Дарыгерлердин айтымына караганда, бул оору менен жабыркаган адам боордун циррозуна сөзсүз чалдыгат экен. 30-сентябрда ооруканага оор абалда түшкөндөн кийин дарыгерлер Азизге 4-даражадагы цирроз деген диагноз коюп, тез арада операция жасоо керектигин айтышты. Улуттук хирургияда 4 күн жатты. Азыр кесиптик оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.
– Бул дарт кан аркылуу жугат деп айтышат. Кайсы жактан жуктуруп алганы тууралуу билдиңиздерби?
– Боордун ооруганы күчөгөндө гана билинет тура. 2009-жылы гастролдон ооруп келди. Каяктан эмне болуп жукканын өзү деле билбейт. Бул дарт кан аркылуу жугарын билгенден кийин кайдан жукканын анализдеп көрдүк. Менин оюмча, чач тегиздеткенде же тишин дарылатканда жукту окшойт. Анткени Азиз буга чейин операция болгон эмес.
– Боору ооруса тамакты ылгап жечү беле?
– Дарыгерлер айткан дарыны ичип, диета кармап жүрчү. Антсе да бул дартты жеңе албай койду.
– 30-сентябрь күнү «Азиз Мурадиллаевге тез арада кан керек» деген билдирүүнү социалдык тармактагы колдонуучулар байма-бай бөлүшүп жатышты. Кан көп кетип калыптырбы?
– Оору күчөгөндө кан тамырлар жарылып кетиптир. Азизге бул да кошумча дарт болду. Социалдык тармактагы билдирүүдөн кийин бейтааныш эле адамдар телефон чалып кан беришти. Учурда кан жетиштүү. Гемоглобини 86га көтөрүлүп калды.
– Операция кайсы күнү болорун белгилештиби?
– Боорду алмаштыруу үчүн 3 негизги этапты басып өтүү керек. Биринчи операция жасалып, жарылган кан тамырларды бири-бирине туташтырышат (лигирование). Бул операцияны Москвадагы клиникалардын бири 10 миң долларга жасап берүүгө макул болду. Ал жакка 12-октябрда учуп кетмек, бирок каражаттын жетишсиздигинен 17-октябрга жылдырылды. Андан соң канды вирустардан тазалоо үчүн дары-дармектер берилет, акырында боорду алмаштырат дешти.
– Ал эми боорду алмаштыруу этабына канча каражат кетет экен?
– Ассоль Молдокматова индиялык дарыгерлер менен операциянын баасын 20 миң долларга сүйлөшүптүр. Мындан сырткары донор да табыш керек, азырынча донор табыла элек. Банкка эсеп ачкандан кийин 3 миң доллар чогулуп калды. Эл бар экен, жардам берип жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары да бир күндүк маянасын котормой болушуптур. Айрым депутаттар келип жардам көрсөтүп жатышат. Жолдошумдун ден соолугу үчүн күйүп жардам көрсөтүп, иш-чараларды уюштуруп жаткан кайрымдуу адамдарга ыраазычылык билдиребиз.
– Дарыгерлер жолдошуңузга башында операция тууралуу айтпаган экен. Азыр боорун алмаштыруу керек экендигин уктубу?
– Ооруканага келгенде дартынын күчөп кеткени тууралуу укса өзүн таштап жибербесин деп Азизге «сени операцияга жеткирбей эле дарылайт экен» деп айтканбыз. Азыр баарынан кабары бар.
– Жараткан колдоп, колу жеңил дарыгерлер табылып жолдошуңуз батыраак сакайып кетсин!
Султан Төрөбеков
star@super.kg